УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын XXII сессиясынын
2023-жылдын 19-апрелиндеги № 145
Улахол айыл өкмөтүнүн чарбалык иштерди жүргүзүү боюнча 14.04.2023-жылдагы №31 токтомун бекитүү жөнүндө
Улахол айыл өкмөтүнүн чарбалык иштерди жүргүзүү боюнча 14.04.2023-жылдагы №31 токтомун бекитүү боюнча айыл өкмөттүн жооптуу катчсы И.Жээнтаевдин билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитеттинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл өкмөтүнүн чарбалык иштерди жүргүзүү боюнча 14.04.2023-жылдагы №31 токтому бекитилсин.
2. Мал багып жайлоого чыгаруу акылары айылдар боюнча төмөнкүдөй болуп кабыл алынсын: Кара-Талаа айылы боюнча: -жылкы башына - 400 сом, уй башына - 350 сом, кой-эчкиге - 70 сом. Кара-Шаар айылы боюнча: -жылкы башына - 350 сом, уй башына - 350 сом, кой-эчкиге - 70 сом. Оттук айылы боюнча:-жылкы башына - 300 сом, уй башына - 300 сом, кой-эчкиге - 60 сом. Эгерде «Сырт» өрөөнүнө жайытка чыкса бодо малга – 400 сом, кой-эчкиге – 70 сом. Шор-Булак айылы боюнча: -жылкыга мал ээси менен мал багуучунун келишимине жараша, уй башына - 400 сом, кой-эчкиге - 70 сом. Эгерде «Сырт» өрөөнүнө жайытка чыкса да ушул баа менен.Туура-Суу айылы боюнча:-жылкы башына - 350 сом, уй башына - 350 сом, кой-эчкиге - 70 сом.
- айдоо жерлерди иштетүү акылары айылдар боюнча:
Кара-Талаа айылында үлүш жерине 1 га 200 сом, бакча 300 сомдон канча сугарса, айыл ичиндеги огородго 100 сомдон 4 жолку сугатка төлөсүн;
- чөп чабыкка 1 га үчүн -1200 сом,10 литр күйүүчү май, тырмоокко- 600 сом, 10 литр күйүүчү май, Пресстөөгө 10 литр күйүүчү май, бир даанасына 8 сомдон;
- жер айдап, малалап, себүүгө 1 га 2800 (эки миң сегиз жүз) сом, 50 литр күйүүчү май;
- комбайн менен оруп жыйноого 1га 1300 сом, 20 литр май.
Оттук айылында 1 га үлүш жерге 200 сом, бакча 200 сомдон канча сугарса, айыл ичиндеги огородго 100 сомдон 4 жолку сугатка төлөсүн;
- чөп чабыкка 1 га үчүн -1200 сом, 10 литр күйүүчү май, тырмоокко- 600 сом, 10 литр күйүүчү май, Пресстөөгө 10 литр күйүүчү май, бир даанасына 10 сомдон;
- жер айдап, малалап, себүүгө 1 га 3000 (үч миң) сом, 50 литр күйүүчү май;
- комбайн менен оруп жыйноого 1га 1300 сом, 20 литр май.
Шор-Булак айылында :
- чөп чабыкка 1 га беде үчүн -900 сом, кара чөп -1000 сом,10 литр күйүүчү май, тырмоокко- 1 га 600 сом, 5 литр күйүүчү май, Пресстөөгө беде, кара чөп 10 литр күйүүчү май, бир даанасына 9 сом, саман 1 га 800 сом 10 литр май. Арык тартуу 1 га 200 сом, 3 литр май; - жер айдап, малалап, себүүгө 1 га 2400 (эки миң төрт жүз) сом, 50 литр күйүүчү май;
- комбайн менен оруп жыйноого 1га 1300 сом, 20 литр май.
- Корукчунун акысына 1 га жер үчүн 150 сом, малдын айып пулу 300 сом, тышкаркы малдарга 500 сом; - купканын акысы 1 кой, эчкиге 10 сом.
Кара-Шаар айылында 1 га үлүш жерге 200 сом, бакча 200 сомдон, айыл ичиндеги огородго 100 сомдон канча сугарса төлөнсүн;
- чөп чабыкка 1 га үчүн -1200 сом,10 литр күйүүчү май, тырмоокко- 600 сом, 10 литр күйүүчү май, чөп пресстөөгө 10 литр күйүүчү май, бир даанасына 10 сомдон;
- жер айдап, малалап, себүүгө 1 га 2800 (эки миң сегиз жүз) сом, 50 литр күйүүчү май; - комбайн менен оруп жыйноого 1га 1300 сом, 20 литр май.
Туура-Суу айылында 1 га 150 сом, айыл ичиндеги огородго 100 сомдон 3 жолку сугатка төлөсүн; - чөп чабыкка 1 га үчүн -1200 сом,10 литр күйүүчү май, тырмоокко- 600 сом, 10 литр күйүүчү май, пресстөөгө 10 литр күйүүчү май, бир даанасына 8 сомдон;
- жер айдап, малалап, себүүгө 1 га 2800 (эки миң сегиз жүз) сом, 50 литр күйүүчү май.
3. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык айыптар салынсын.
-май айынын 20-числосуна чейин жайлоого көчпөгөн жана сентябрь айынын 30-числосунан мурун көчүп келгендерге;
-1-майдан баштап 1-октябрга чейин огородко, үлүш жерлерге, айдоо аянтага кирген малдарга;
- Жайлоого малды белгиленген убактан кеч чыгарып, эрте түшүргөндөргө;
- мал багууда айылдык жыйындан белгиленгенден ашыкча акы алгандарга;
- төөлөрдү айылга жакын жерге баккандарга;
- мураптын улуксаатысыз суу жыгып алгандарга; -айыл мураптары сууну сатканда.
- көчөөлөргө, белгиленбеген жерлерге таштанды төккөндөргө;
- коюлган баадан ашыкча алган жана эрежеси менен айдап, сеппеген механизаторлорго;
- суу бөлүштүрүү графигине баш ийбей суу жыгып алгандарга;
- таза сууну түтүк менен сугатка пайдаландарга,
- Жайыт билет албагандарга; -малды вакцинациялатпагандарга;
- айылдын көчөлөрүнө таштанды, кум шагыл төгүп көчөнү тарыткандарга.
4. Токтомдун ар бир пунктун кынтыксыз ишке ашыруу айыл өкмөтүнө жана башка тиешелүү кызмат адамдарына милдеттендирилсин.
5. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 19-апрелиндеги №145 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага |
| А.Жолалиев |