Редакцияот 30.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛДАШЕВ АЙЫЛ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

ХХУ111 чакырылышынын № 26 сессиясы

 

2021-жылдын 30-декабрындагы № 83

 

Айыл өкмөтүнүн 2022- жылга карата бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга бюджеттин долбоору жөнүндө

Саруу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Орозбакованын жана айыл өкмөтүнүн карамагындагы мекеме, ишканалардын сунуштарына ылайык, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарына таянып жана “2022-жылга Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү” мыйзамын жетекчиликке алып Алдашев айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

1. Саруу айыл өкмөтүнүн 2022-жылга келип түшүүчү кирешелердин көлөмү № 1 тиркемеге ылайык 28124,3 мин сом өлчөмүндө, атайын каражаттарынан 1728,0 мин сом жалпы суммасы 29852,3 мин сом көлөмүндө бекитилсин.

 

2. Жергиликтүү бюджеттен 2022-жылга каржылануучу чыгымдардын көлөмү № 2 тиркемеге ылайык 29852,3 мин сом көлөмүндө бекитилсин..

 

3. 2023- жылга карата бюджеттин долбоору № 3 тиркемеге ылайык 30591,0 миң сом өлчөмүндө болжолдонсун.

 

4. 2024-жылга бюджеттин долбоору № 3 тиркемеге ылайык 31347,0 миң сом өлчөмүндө болжолдонсун.

 

5. Айыл өкмөтү боюнча жалпы эмгек акынын көлөмү 4476,2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

5.1 Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине 19 штаттык бирдиги 3805,3 миң сом эмгек акысы менен бекитилсин.

5.2 Саруу айылдык маданият үйүнүн кызматкерлерине 3 штаттык бирдиги 247,2 миң сом эмгек акысы менен бекитилсин.

5.3 Айылдык китепкана кызматкерлерине 2 штаттык бирдиги 189,2 миң сом эмгек акысы менен бекитилсин.

5.4 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрь айынын № 511 токтомуна ылайык Мамажан атындагы “Нур” балдар бакчасынын реабилитациялык борборунун кызматкерлери 5 штаттык бирдиги 234,5 миң сом эмгек акысы жана соц. фондук чегерүүлөрүнө 40,5 миң жалпы 275,0 миң сом менен бекитилсин.

5.5. Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигиндеги компьютердик-техникалык каражаттар менен иштеген кызматкерлердин баардыгына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 токтомуна ылайык тийиштүү кошумча эмгек акыларын төлөнүп берилсин.

 

6. Айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүүчү булактар болгон жер салыгын,транспорт салыгын, а.ч. багытына кирбеген салыкты, огород салыгын, таштандыларды чыгаруу боюнча салыкты ж.б. салыктын түрлөрүн дыйкандардан жана салык ээлерин өз убагында жыйнап бюджетке түшүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси Ч.Шакиржановага милдеттендирилсин.

 

7. Бюджетте каралган чыгымдар кырдаалга жараша беренеден беренеге, кварталдан кварталга,бөлүмдөн бөлүмгө айыл өкмөтүнүн буйругу менен жана бюджет-финансы комитетинин макулдугу менен жылдырууга мүмкүндүк берилсин жана которуп туура пайдалануу жагы финансы экономика бөлүмүнун башчысына А.Орозбаковага милдеттендирилсин.

 

8. Ижарага берилген КБФ дунун жерлерине тузулгон келишимдерди тактоо жагы айыл округунун жер боюнча адиси Б.Минбаевке , ижара акыны чогултуп бюджетке түшүрүү жагы Ч.Шакиржановага милдеттендирилсин.

 

9. Мектеп окуучулары жана балдар бакчасындагы пайдаланылган таза суу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен ИСКАКБнын эсебине 123,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

10. «Альфа» Мегаком компаниясынын Саруу айылындагы спорт мектебинин жанындагы уюлдук антеннасы турган жер аянтына ай сайын ижара акы үчүн түшүүчү 5000 (беш мин) сом акча каражаты бир жылга жалпы 60000 сом спорт мектебинин спорт оюндары үчүн пайдаланылсын.

 

11. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы айылды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуучу суунун башындагы суу топтолуучу жайды кайтаруучу кароолчунун эмгек акысына 72000 мин сом жана социалдык чегерүүлөрүнө 12420 мин сом контрактык келишимдин негизинде бюджеттин аппарат бөлүмүнөн жалпы 84420 миң сом акча каражаты кошумча кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.

 

12. Аксакалдар сотунун эмгек акысына 36000 сом жана социалдык чегерүүлөрү үчүн 6210 сом контрактык келишимдин негизинде бюджеттин аппарат бөлүмүнөн жалпы 42210 сом акча каражаты кошумча кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.

13. Саруу айыл аймагындагы көчө жарыгына орнотулган электр чубалгыларын жарык берилүүчү лампочкаларын жана айыл өкмөтүнүн имаратынын электр чубалгыларын оңдоп турууга контрактык келишимдин негизинде эмгек акысына 60000 сом жана социалдык чегерүүлөрүнө 10350 сом бюджеттин аппарат бөлүмүнөн жалпы 70350 сом акча каражаты кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.

 

14. Саруу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө мамлекеттик сатып алуулар боюнча электрондук веб-порталга бекитилген план боюнча жарыя берүүгө жана тиешелүү документтерди тактап иш алып барууга, контрактык келишимдин негизинде эмгек акысына 120000 сом жана социалдык чегерүүлөрүнө 20700 сом бюджеттин аппарат бөлүмүнөн жалпы 140700 сом акча каражаты кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.

 

15. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы алма-бакты кайтарып, багып өстүргөн бакчынын бир жылдык эмгек акысына 150000 сом, соц.фонддук чегерүүлөрүнө 25875 мин сом бюджеттин аппарат бөлүмүнөн жалпы 175875 мин сом акча каражаты кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.

16. Айыл өкмөтүнө от жагуу мезгилинде от жагуучуга үч айлык мөөнөт менен эмгек акысы 15000 мин сом жана социалдык чегерүүлөрүнө 2587,50 мин сом бюджеттин аппарат бөлүмүнөн жалпы 17587,50 мин сом акча каражаты кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.

17. Саруу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө салык кызматкерине салык жыйноо боюнча жардамчыны 6 айлык мөөнөт менен контрактык келишимдин негизинде эмгек акысына 54000 сом, соц.фонддук чегерүүлөрүнө 9315 мин сом бюджеттин аппарат бөлүмүнөн жалпы 63315 мин сом акча каражаты кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.

 

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБММА нын 2016-жылдын12- октябрындагы №01-24 166 буйругунун негизинде айылдык кенештин төрагасына жылдык эмгек акысына 6500 мин сом жана социалдык чегерүүлөрү үчүн 1121 мин сом жалпы 7621 мин сом акча каражаты төлөнүп берилсин.

 

19. Айыл аймагынын накталай жүгүртүлүүчү акча каражаты 200000 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

20. долбоорду колдоо үчүн айылга проектинин негизинде ачылуучу бала бакчага өздүк салым катары жергиликтүү бюджетен 500,0 миң сом акча каражаты каралсын.

 

21. Эмгек акысы 5000 сомго жетпеген кызматкерлерге 200 сом кошумча электр энергиясы үчүн ай сайын төлөнүп берилсин.

 

22. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен резервдик фондго 281,2 мин сом акча каражаты каралсын.

 

23. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы Мамажан атындагы “Нур” балдар бакчасынын 2022-жылга ата-энелерден алынуучу взнос 800 сомдон каралсын , 2022-жылдагы атайын каражаттарынын киреше бөлүгүнүн планын 1728,0 мин сом көлөмүндө бекитилсин жана балдардын тамак ашына сарпталсын.

 

24. ЖКХ бөлүмүндөгү транспорттук чыгымдар беренесиндеги күйүүчү май үчүн каралаган 637200 сом айыл ичиндеги иштер үчүн жумшалсын.

 

25. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы С.Сыдыков, Ж.Чабалдаев орто мектебинин жана Санатория башталгыч мектептеринин башталгыч класстагы окуучулардын ысык тамагы үчүн 448200 сом жана Мамажан атындагы “Нур ” балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын тамак ашына 825100 сом акча каражаты каралсын.

 

26. Айыл өкмөтунүн имаратына жана Ж.Чабалдаев атындагы орто мектебине көмур алууга 406,0 миң сом акча каражаты каралсын.

 

27. Музыкалык балдар мектебине балдар кыздарга улуттук кийимдерди алууга 308,0 миң сом акча каражаты каралсын.

 

28. Санатория жана Жууку айылынын жашоочуларынын мектепте окууган балдарын Кызыл-Суу жана Саруу айылына мектепке окууга ташуу үчүн кызмат көрсөтүү беренесинен 729000 миң сом акча каражаты каралсын.

 

29. Жыл ичинде боло турган спорттук жана улуттук оюндар үчүн жалпы 300000 мин сом акча каражаты каралсын.

30. Кызмат учурунда майып болуп калгандыгына байланыштуу Урдавлетов Сыртбайга компенсациялык төлөө үчүн 26100 сом майыптыгы учун акча каражаты каралсын.

 

31. Өзгөчө кырдаалга 600000 мин сом акча каражаты бекитилсин. Каралган акча каражаты пайдаланбай калса башка беренелерге жумшалсын.

 

32. “Саруу-Дан Сервис” Машина трактордук станциясы муниципалдык ишканасына лизинге алынган комбайндардын кредиттик проценттерин төлөө үчүн 1362,8 мин сом акча каражаты каралсын.

 

33. Айыл өкмөтүнө көмөкчү чарба уюштуруп топоз жана тубар койлорду алууга 7500,0 мин сом каралсын.

34. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Саруу Жууку СПАсына чарба иштерин жүргүүзүгө жүк ташуучу унаасын алууга 500,0 миң сом акча каражаты каралсын.

 

35. Айыл ичиндеги жаны конуштарга трансформатор жана электр чубалгыларын тартууга 1452,5 мин сом акча каражаты каралсын.

 

36. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы Ж.Чабалдаев атындагы орто мектебинин полдорун алмаштыруу үчүн 500,0 миң сом ,Санатория башталгыч мектебинин тышкы ремонт иштерине 300,0 миң сом жана үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын короосуна брусчатка тизүү жана жылуулук системасын оңдоо иштерине 350,0 миң сом акча каражаты каралсын.

 

37. Айыл ичиндеги көчөлөргө видио көзөмөлдөрдү алууга жана орнотууга 300,0 миң сом , Киров каналын жана БСРди тазалоого 800,0 миң сом акча каражаты каралсын.

 

38. Айыл өкмөтүнүн карамагына жүгөрү комбайнын алууга 2000,0 млн сом жана 3 хофо, 1 дөнгөлөктүү экскаватор алууга 2000,0 млн сом каралсын.

 

39. Айыл өкмөтүнүн карабагындагы КБФ га тиешелүү айдоо жеринен ижарага алып пайдаланып бирок ижара акыларын төлөбөй жаткан ижарачыларган ижараны төлөөгө 10 кундук мөөнөт берилсин, төлөбөсө ижарага берилген жер аянттары кайра өкмөттүн карамагын алынсын.

 

40. Каралган жергиликтуу бюджетти макулдашуу райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

 

41. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин Финансы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге жүктөлсүн.

 

42. Токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.

 

 

Айыл кенешинин төрагасы

 

А.Оморова