Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылдын 28-майы №6
«Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаары боюнча 2024-жылга катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу жана саркынды суу (канализация) үчүн кызмат көрсөтүүнүн бааларын (тарифтерин) көтөрүп, карап берүү тууралуу» №01-21/1480 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаары боюнча 2024-жылга катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу жана саркынды суу (канализация) үчүн кызмат көрсөтүүнүн бааларын (тарифтерин) көтөрүп, карап берүү тууралуу» №01-21/1480 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Джумашевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаары боюнча 2024-жылга катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу жана саркынды суу (канализация) үчүн кызмат көрсөтүүнүн бааларын (тарифтерин) көтөрүп, карап берүү тууралуу» №01-21/1480 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Джумашевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаардык Кенешинин депутаттары тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, “Таш-Көмүр шаары боюнча 2024-жылга катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу жана саркынды суу (канализация) үчүн кызмат көрсөтүүнүн бааларын (тарифтерин) көтөрүп, карап берүү тууралуу» маселе, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен макулдашуу үчүн артка кайтарылсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg.com расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы:
|
С.Кудайбердиев |