ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылдын 28-майы №5
«Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитип берүү тууралуу” №01-21/1479 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитип берүү тууралуу” №01-21/1479 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитип берүү тууралуу” №01-21/1479 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун маалыматы эске алынсын.
- Жогорудагы айтылган сунуштарды эске алып, “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитүү тууралуу” маселе кийинки сессияга жылдырылсын.
- “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосуна” өзгөртүү толуктоо киргизип, кийинки сессияга даярдап алып чыгуу жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
- Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
- Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg.com расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: | С.Кудайбердиев |