Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылдын 28-майы №7
«Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Ассенизатор автоунаасынын бир жолку көрсөткөн кызматына болгон төлөмдү жогорулатып, карап берүү тууралуу” №01-21/1483 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Ассенизатор автоунаасынын бир жолку көрсөткөн кызматына болгон төлөмдү жогорулатып, карап берүү тууралуу” №01-21/1483 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Джумашевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Ассенизатор автоунаасынын бир жолку көрсөткөн кызматына болгон төлөмдү жогорулатып, карап берүү тууралуу” №01-21/1483 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Джумашевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаары боюнча 2024-жылга Ассенизатор автоунаасынын бир жолку көрсөткөн кызматы үчүн төлөм 2300 (эки мин үч жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жана шаардын тургундарына массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы «Таш-Көмүр Тазалык» ишканасына (Б.Кулматов) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
5. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg.com расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы:
|
С.Кудайбердиев |