ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылдын 28-майы №8
«Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Шаар ичиндеги маршруттук каттамдардын жол кире акыларын көтөрүп берүү тууралуу” №01-21/1484 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Шаар ичиндеги маршруттук каттамдардын жол кире акыларын көтөрүп берүү тууралуу” №01-21/1484 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 26 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Шаар ичиндеги маршруттук каттамдардын жол кире акыларын көтөрүп берүү тууралуу” №01-21/1484 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматы эске алынсын.
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 12-пунктуна жана “Транспорт жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Таш-Көмүр шаарынын аймагында маршруттук каттамдарынын жол кире акысы төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин.
- Шаардагы жалпы мектеп окуучуларына – 10 (он) сом;
- Башка жүргүнчүлөргө – 20 (жыйырма) сом.
- Таш-Көмүр шаарынын аймагында маршруттук каттамдарынын жол кире акысы жогорулагандыгы жөнүндө калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы шаардык мэрияга жана “Аргымак” ААКуна (М.Оконбаев) милдеттендирилсин.
- Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
- Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg.com расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: | С.Кудайбердиев |