Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылдын 28-майы №9
«Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Эффективдүүлүгүн жоготкон маданият тармагындагы штаттык бирдиктерди каржылоону убактылуу токтотуу тууралуу” №01-21/1481 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Эффективдүүлүгүн жоготкон маданият тармагындагы штаттык бирдиктерди каржылоону убактылуу токтотуу тууралуу” №01-21/1481 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 26 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Эффективдүүлүгүн жоготкон маданият тармагындагы штаттык бирдиктерди каржылоону убактылуу токтотуу тууралуу” №01-21/1481 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджетинде акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу, эффективдүүлүгүн жоготкон маданият тармагындагы төмөндөгү ваканттык штаттык бирдиктерин каржылоо токтотулсун:
· борборлоштурулган китепканасынын библиографы - 1 штаттык бирдиги;
· борборлоштурулган китепканасынын реставратору – 0,5 штаттык бирдиги;
· №1 филиалдын Түндүк китепканасынын жетектөөчү китепканачысы – 1 штаттык бирдиги;
· №1 филиалдын Түндүк китепканасынын китепканачысы – 1 штаттык бирдиги;
· №4 филиалдын китепканасынын жетектөөчү китепканачысы – 1 штаттык бирдиги;
· №4 филиалдын китепканасынын китепканачысы – 1 штаттык бирдиги;
· Кызыл-Жар шаарчасындагы китепкананын кароолчусу – 1 штаттык бирдиги;
· Балдар китепканасынын окуу залынын башчысы – 1 штаттык бирдиги;
· Маданият сарайынын директору – 1 штаттык бирдиги;
· Маданият сарайынын сүрөтчү жасалгалоочусу – 0,5 штаттык бирдиги;
· Маданият сарайынын хормейстры – 1 штаттык бирдиги;
· Маданият сарайынын хореографы – 1 штаттык бирдиги;
· Түндүк клубунун башчысы – 1 штаттык бирдиги;
· Шамалды-Сай клубунун башчысы – 1 штаттык бирдиги;
· Кызыл-Жар клубунун башчысы – 1 штаттык бирдиги
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg.com расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы:
|
С.Кудайбердиев |