Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылдын 28-майы №10
«Таш-Көмүр шаарынын жарандарына “Шаардын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө».
Түндүк аймактык башкармалыгынын 26.04.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын жараны, шаардык Кенештин үч жолку чакырылышынын депутаты Кулдышев Болотбек Сагынбековичке “Шаардын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тууралуу”” № 01-5/42 сунуш каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХX чакырылышынын кезексиз 26– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түндүк аймактык башкармалыгынын 26.04.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын жараны, шаардык Кенештин үч жолку чакырылышынын депутаты Кулдышев Болотбек Сагынбековичке “Шаардын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тууралуу”” № 01-5/42 сунуш каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматы эске алынсын.
2. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, Таш-Көмүр шаарынын социалдык – экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин үч жолку чакырылышынын депутаты Кулдышев Болотбек Сагынбековичке Таш-Көмүр шаарынын «Ардактуу Атуулу» наамы ыйгарылсын жана «Шаардын Ардак Китебине» жазуу жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg.com расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы:
|
С.Кудайбердиев |