САРУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛДАШЕВ АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ХХУ111 чакырылышынын № 26 сессиясы
2021-жылдын 30-декабрындагы № 87
Айыл өкмөтүнүн аймагынан чыккан таштандыга субцидия кароо жөнүндө
Жергиликтүү бюджет жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү долбоорлордун ишке ашыруусун жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик-укуктук актыларга ылайык, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун негизинде,муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында
“Кызыл-Суу,Даркан,Оргочор жана Светлая Поляна айыл аймактарынан катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу” кызматын жакшыртууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен, таштанды чыгаруу кызматынын төлөмдөрүнө Саруу айыл өкмөт тарабынан субсидиясы катары төлөп берүү маселесин карап жана талкууга алып, Алдашев айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” негизинде, муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында
“Кызыл-Суу,Даркан,Оргочор жана Светлая Поляна айыл аймактарынан тиричилик калдыктарын чыгаруу” төлөмдөрүнүн ар бир түтүнгө бекитилген 70
(жетимиш) сомдун 40(кырк) сомун башкача айтканда 687,4 (алты жүз сексен жети миң төрт жүз ) сомду айыл өкмөтүнөн субцидия катары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин, ал эми 30(отуз) сомду жергиликтүү айыл тургундарынын эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерден милдеттендирилсин.
Айыл кенешинин төрагасы |
| А.Оморова |