САРУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛДАШЕВ АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ХХУ111 чакырылышынын № 26 сессиясы
2021-жылдын 30-декабрындагы № 86
Айыл өкмөтүнүн аймагынан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөүулөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында ,катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу тарифтерин өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Суу Тазалык ишканасынын кайрылуусунун негизинде жана катта көрсөтүлгөн базар баасынын (күйүүчү май,техникалык каражаттарынын ) өсүүсүнө карата катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу тарифи кожолука 54 сомдон 70 сомго көтөрүлгөндүгүнүн себебинен Алдашев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу кызматы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн “Кызыл-Суу тазалык ” ишканасына тапшырылсын.
2. “Кызыл-Суу тазалык” муниципиалдык ишканасынын таштандыларды чыгаруудагы кызматы үчүн ,Саруу айыл аймагынын 1432 түтүн тургундарына ар бир түтүнгө айына 54 (элүү төрт ) сом өлчөмү 70 (жетимиш ) сом болуп тарифи бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Нурбек уулу Алишер тапшырылсын.
Айыл кенешинин төрагасы |
| А.Оморова |