АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 15-февралы № 24-9
Ат-Башы айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айылынын башкы планын бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиевдин сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын башкы планы бекитилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б.Жунусалиевге милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
К. Айдыралиев |