Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын
2024-жылдын 28-июну №2
«Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери жөнүндө».
“Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери тууралуу” маселе боюнча шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Бабатаевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 28- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери тууралуу” маселе боюнча шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Бабатаевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Сыргабаевдин протоколдук тапшырмасынын негизинде бир айга узартылгандыгына байланыштуу, маселе кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Жогорудагы маселени кийинки сессияга даярдап алып чыгуу жагы шаардын мэринин орун басары, штабдын жетекчиси Т.Мырзабековго жүктөлсүн.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
5. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешининтөрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу:
|
С.Бабатаев |