ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 24-апрели № 01-5/76
«Жайыт пайдалануучулар бирикмеси» коомдук бирикмесинин Жайыт комитетинин 2023-жылдын 24-апрелиндеги №3 кайрылуусуна ылайык, айыл тургундарынын жер үлүшүнө мал кирип кетип, дыйкандардын түшүмүнө зыян келтирип жаткандыктан, Жайыт комитетине келип түшкөн арыздардын негизинде дыйкандарга келтирген зыянды калыбына келтирүү жана мындай иш аракеттердин алдын алуу үчүн, ошондой эле жаз жана күз мезгилинде малды тоого чыгарууну тартипке келтирүү максатында
Военно-Антоновка айылдык Кеңеши чечим кылат:
1. Үлүш жерге кирип кеткен малга төмөндөгүдөй өлчөмдө айып пул төлөнсүн:
· Бодо малга 3000 (үч миң) сом;
· Майда жандыкка 500 (беш жүз) сом;
2. Жайыт комитети тарабынан комиссия түзүлсүн, комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар киргизилсин:
· Исламов Э.А.
· Найзабеков Н.Р.
· Акунов К.
· Мурсалиев М.Н.
3. Жазында 10-майдан кечиктирбей малдар тоого айдалсын жана күзүндө 10-сентябрга чейин түшпөсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жайыт Комитетинин төрагасы Дуванаев Ж.. жүктөлсүн.
Төрага | Мураталиев У.М. |