Редакцияот 25.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 25-сентябры № 01-5/95

Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12-сентябрындагы№ 01-16/1329 коштомо катын, ошондой эле СКК «Рассвет» башкармалыгынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 34 БЧКнын артында №60 контурда жайгашкан аянты 0,41 га жер участогуна чыгуу актысын берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып

Военно-Антоновка айылдык кеңеши:

 

1. «Кыргызгипрозем» мамлекеттик мекемесинин 2023-жылдын 28-августундагы № К-476 корутундусуна ылайык, №60 контурдагы БЧКнын арт жагындагы аянты 0,41 га жер тилкесин берилсин.

2. Военно-Антоновка айыл өкмөтүнөн №60 - контурдагы аянты 0,41 га жер тилкесине чыгуу актысы берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Военно-Антоновка айыл өкмөт башчысынын орунбасары Ш.Т. Мусабаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

Мураталиев У.М.