Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 28-ноябры № 01-5/102

Военно-Антоновка мектеп гимназиясындагы

бүтпөй калган курулушту куруу жөнүндө

 

Военно-Антоновка мектеп гимназиясынын директорунун класстык бөлмөлөрдүн кескин жетишсиздигинен улам класстарга ички ажаткана үчүн мурда пландаштырылган курулушту класстык бөлмө катары пайдаланууга куруп бүтүрүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап

   Военно-Антоновка айылдык кеңеши чечим кылат:

 

1.  Класстык бөлмөлөрдүн кескин жетишсиздигине байланыштуу бул курулушту класстык бөлмө катары бүтүрүүгө макулдук берилсин.

2.  Военно-Антоновка айыл өкмөтү курулушту бүтүрүү боюнча зарыл иштерди жүргүзүп, ошондой эле керектуу жабдуулар менен камсыз кылсын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Военно-Антоновка айыл өкмөт башчысынын орун басары Ш.Т. Мусабаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

Мураталиев У.М.