Редакцияот 22.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 22-декабры № 01-5/104

Каражат которуу жөнүндө

Военно-Антоновка айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин автогрейдерди оңдоого кеткен чыгымдын көптүгүнөн оор кырдаалга байланыштуу келип түшкөн каржатты толук которуп берүү жөнүндө кайрылуусун карап, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыт жөнүндө” мыйзамыныны 11-беренесинин негизинде Жайыт комитетинин зарыл болгон каржылоону камсыз кылуу максатында

  Военно-Антоновка айылдык кеңеши чечим кылат:

 

1.  Келип түшкөн каражат жылдык планына ылайык толук которулуп берилсин.

2.  КЭБ башчысы Суюндукова Э. ушул токтомду ишке ашырууну камсыз кылсын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Военно-Антоновка айыл өкмөт башчысы Р.Т.Садыковго жүктөлсүн.

 

Төрага

Мураталиев У.М.