Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-октябры №163
Ош шаарындагы №5273, №5325, №5563, №5564 жана №5283 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 10-октябрындагы №14, Ош шаарындагы №5273, №5325, №5563, №5564 жана №5283 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 2-октябрындагы №25/2688, №25/2689, №25/2736, №25/2737, 25/2910 Ош шаарынын мэриясынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы №5273 шайлоо участкасынын дареги «Рахат» кафесинин имаратынан Ишматов көч., №2/33 дареги боюнча жайгашкан «Монтажник» ЖАКтын имаратына өзгөртүлсүн.
2. Ош шаарындагы №5325 шайлоо участкасынын дареги үй-бүлөлүк медицина борборунун №10 филиалынын имаратынан Ташкент көч., 35/1 дареги боюнча жайгашкан «Мурас» инновациялык колледжинин имаратына өзгөртүлсүн.
3. Ош шаарындагы №5563 шайлоо участкасынын дареги менчик үй имаратынан Ак-Тилек к/р, №5/18 дареги боюнча жайгашкан № 85 «Таштилла эжеке» мектепке чейинки мекеме уюмунун имаратына өзгөртүлсүн.
4. Ош шаарындагы №5564 шайлоо участкасынын дареги «Ак-Терек» кафесинин имаратынан Мамыров көч., №95а дареги боюнча жайгашкан үй-бүлөлүк медицина борборунун №3 филиалынын имаратына өзгөртүлсүн.
5. Ош шаарындагы №5283 шайлоо участкасынын дареги В.Терешкова атындагы интернат-мектебинин имаратынан Урицкая көч., № 2 дареги боюнча жайгашкан №20 мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
6. Ош аймактык шайлоо комиссиясы Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
7. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 83 (3637) саны менен жарыяланды
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |