Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-октябры №164
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы №5162 жана №5155 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 14-октябрындагы №8, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы №5162 жана №5155 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.
Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 13-октябрындагы №01-34/1468 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн, 2024-жылдын 13-октябрындагы №606 Жекенди айыл өкмөтүнүн кайрылууларынын негизинде кабыл алынган.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагындагы №5162 шайлоо участкасынын дареги Чоң-Алай айыл аймагынын Дароот-Коргон айылындагы спорт залынын имаратынан Ч.Сулайманов көч., №180 дареги боюнча жайгашкан А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
2. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагындагы №5155 шайлоо участкасынын дареги Жекенди айыл аймагынын Жекенди айылындагы спорт залынын имаратынан Ак чөп көч., №3 дареги боюнча жайгашкан «Кыргызстан» орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
3. Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы Чоң-Алай жана Жекенди айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 83 (3637) саны менен жарыяланды
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |