Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-октябры №165
Ош облусунун Араван районундагы №5341 жана №5493 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 8-октябрындагы №8/а, Ош облусунун Араван районундагы №5341 жана №5493 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.
Араван аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 7-октябрындагы №207, 2024-жылдын 8-октябрындагы №208 Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн кайрылууларынын негизинде кабыл алынган.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагындагы №5341 шайлоо участкасынын дареги Керме-Тоо айыл аймагынын Гулбаар айылындагы спорт комплексинин имаратынан Т.Бекенов атындагы №31 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
2. Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагындагы №5493 шайлоо участкасынын дареги Керме-Тоо айыл аймагынын Гулбаар айылындагы Э.Кебекбаев атындагы №47 негизги мектебинин имаратынан Токтогул атындагы №10 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
3. Араван аймактык шайлоо комиссиясы Керме-Тоо айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 83 (3637) саны менен жарыяланды
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |