Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-октябры №169
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы №7107, №7150 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 7-октябрындагы №17, №18, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы №7107, №7150 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдери келип түшкөн.
Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери 2024-жылдын 17-сентябрындагы №4631 Кочкорбай айыл өкмөтүнүн, 2024-жылдын 25-сентябрындагы №1862 Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн кайрылууларынын негизинде кабыл алынган.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кочкорбай айыл аймагындагы №7107 шайлоо участкасынын дареги Курманалиев айылындагы дыйкан чарба имаратынан Дооталиева, №18 көчөсүндөгү орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.
2. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагындагы №7150 шайлоо участкасынын дареги Ново-Покровка айылындагы «Волна» дүкөн имаратынан Ленина, №479 көчөсүндөгү бала бакча имаратына өзгөртүлсүн.
3. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы Кочкорбай жана Узун-Кыр айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 83 (3637) саны менен жарыяланды
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |