Редакцияот 16.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 16-марты № 60/XXI - 1

Панфилов районунун өнүктүрүү фондунун бюджетинен же Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун бюджетинен каржылоо боюнча долбоордук сунуштурды иштеп чыгууга макулдук берүү жөнүндө

“Панфилов районунун өнүктүрүү фондунун бюджеттик каражаттарынан же Чүй облусунун өнүктүрүү фоднунун каражаттарынан санариптик рентген аппаратын сатып алуу үчүн каржылоого долбоордук сунуштарды иштеп чыгууга макулдук берүү жөнүндө” Кайыңды шаарынын мэриясынын катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1.Санариптик рентген аппаратын сатып алуу үчүн Панфилов районунун өнүктүрүү фондунун бюджеттик каражаттарынын эсебинен же Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоого долбоордук сунуштарды иштеп чыгууга макулдук берилсин.

 

2.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.Т. Иманкулов