КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 16-марты № 61/XXI - 2
Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинин 2022 – жылынан
калган бош калдыктарын пайдалануу жөнүндө
Кайыңды шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын «Кайыңды шаарынын мэриясынын 2022-жылынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө» маалыматын угуп, Кайыңды шаарынын мэриясынын 2022 – жылынын бюджетинин киреше бөлүгү пландан ашыкча түшүүсүн эске алуу менен, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайынды шаарынын мэриясынын 2022 – жылынын бюджетинин бош калдыктарын 3014,0 миң сом өлчөмүндө төмөнкү иш-чараларды каржылоого уруксат берилсин:
-522,2 миң сом. мэриянын жана шаардык кеңештин кызматкерлерине кошумча төлөмдөр жана компенсациялар.
-64,3 миң сом. социалдык фондуна төлөмдөр.
2. Кайыңды шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчик боюнча башкармалыгынын шаарды көрктөндүрүү тармагында иштеген кызматкерлердин эмгек акысына 2023 – жылдын 1 апрелинен тартып 31 – декабрына чейин 7000 сом өлчөмүндө үстөк акы төлөө белгиленсин, бардыгы – 252,0 миң сом.
- 43,4 миң сом социалдык фондуна төлөмдөр
-1300,0 миң сом «Каинда футбол клубу» муниципалдык мекемесине кеткен чыгымдар
-20,0 миң сом. - Кайыңды шаарындагы балдардын мектепке чейинки мекемелерине көмүр сатып алуу
-812,1 миң сом Кайыңды шаарындагы көрүстөнгө тосмо тосуу үчүн
Жалпысынан 2718,6 миң сом
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Т. Иманкулов |