Редакцияот 16.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 16-марты № 62/XXI - 3

Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинин 2022 – жылынан

калган атайын эсептин калдыктарын пайдалануу жөнүндө

 

Кайыңды шаарынын мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын «Кайыңды шаарынын мэриясынын 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө» маалыматын угуп, Кайыңды шаарынын мэриясынын 2022-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндөгү каражаттардын пландан ашыкча тушүүсүн эске алуу менен, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1.Кайыңды шаарынын мэриясынын 2022-жылынын бюджетинин атайын эсебинин калдыктарын төмөнкү иш-чараларды каржылоого пайдаланууга уруксат берилсин:

а) Кайыңды шаарынын мэриясына караштуу ММБ бөлүмү - 2221- "мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар" беренеси боюнча - 53,4 миң сом.

б) «Бала бакча» бөлүмү – 109,0 миң сом, «учурдагы чарбалык муктаждыктар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу», 2222 – беренесине.

2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.Т. Иманкулов