Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 16-марты № 65/XXI - 6
Кайыңды шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди
кароо боюнча комиссиясы жана анын курамы тууралуу Жобону бекитүү
жөнүндө
“Укук бузуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 451 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы № 35 «Иштерди кароочу комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомун жетекчиликке алып,Кайыңды шаарынын мэриясынын « Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы жана анын курамы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө катын карап чыгып, ошондой эле Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын ишинин кайра башталганына байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Комиссиянын курамы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
1. Кайыңды шаарынын мэринин орун басары - комиссиянын төрагасы;
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын башкы адиси – юристи – комиссиянын катчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
3. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы ММБ нүн начальниги;
4. Кайыңды шаарынын аксакалдар сотунун мүчөсү (макулдашуу боюнча);
5. Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттары (2 адам) (макулдашуу боюнча);
6. Кайыңды шаарындагы Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык инспектору.
3. Кайыңды шаардык кеңешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы №74/XXV-3, 2022 – жылдын 16 – декабрындагы № 52/XVIII-2, 2020 – жылдын 29 – майындагы № 130\XXVIII-5 токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
4.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Т. Иманкулов |