Редакцияот 16.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 16-марты № 67/XXI - 8

Кичи футбол аянтчасын

пайдалануу үчүн ижара акысын жогорулатуу жөнүндө

 

Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын «Кичи футбол аянтчасын пайдалануу үчүн ижара акысын жогорулатуу жөнүндө» катын карап чыгып, ошондой эле баалардын көтөрүлүшүнө байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1. Кайынды шаары, Коммунистическая н/ж дарегинде жайгашкан кичи футбол аянтчасын пайдалануу үчүн ижара акысын жогорулатууга макулдук берилсин.

2. Кичи футбол аянтчасын пайдалануу үчүн ижара акысы - 1 сааттык оюн үчүн 700 сом деп белгиленсин.

3. Кайыңды шаардык кеңешинин 2013 – жылынын 3 – июнундагы № 21/VII – 1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.Т. Иманкулов