Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXVII сессиясы
2024-жылдын 29-августундагы № 28-47/3
Каракол шаарынын сотунун чечимин аткаруу жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысы, С.С.Ɵскѳнбаевдин, 2024-жылдын 26-августундагы чыг:№01-10/679 кайрылуу катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXVII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 402 352 (тѳрт жʏз эки миң ʏч жʏз элʏʏ эки) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатынын ичинен, 345 775 (ʏч жʏз кырк беш миң жети жʏз жетимиш беш) сомду, Д.Исмаилакунованын мажбурлап иштебей калгандыгы ʏчʏн, ал эми, 20 000 (жыйырма миң) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатын юридикалык жактан колдоо кѳрсѳтʏʏ ʏчʏн жана Каракол шаардык ПСИИнин аткаруу жыйымын тѳлѳѳ ʏчʏн, 36 577 (отуз алты миң беш жʏз жетимиш жети) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатын таап бѳлʏп берсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы аталган каражатты Д.Исмаилакунованын кызматтан мыйзамсыз бошотулушуна кʏнѳѳлʏʏ кызмат адамдарынан ѳндʏрʏп алсын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов