Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 28-октябры ПЖ № 307
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 12-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызматчыны төмөн турган кызмат орундарына ротациялоодо кызматчынын эмгек акысы кийинки кайра уюштурууга, милдеттердин жана функциялардын өзгөрүшүнө жана эмгек акы төлөөнүн шарттарынын жакшырышына байланыштуу уюштуруу түзүмү өзгөргөнгө чейин мурдагы кызмат орду боюнча сакталат. Мекемени кайра уюштуруу максаттары, функциялары жана милдеттери өзгөртүлгөн түзүмдүк бөлүмдөргө таасир этет.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 85 (3639) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |