Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXVII сессиясы
2024-жылдын 29-августундагы № 28-47/4
АКИАнын аткаруу комитетинин отчету жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 27-августундагы чыг:№01-16-4172 кайрылуу катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXVII сессиясы,
токтом кылат:
1. Чельпек айыл аймагынын АКИАнын аткаруу комитетинин тѳрагасы Т.Ɵмʏрбековдун, айылдык Инвестицияларды кошумча каржылоо-3 долбоорун ишке ашыруу боюнча отчету кабыл алынсын жана бекитилсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин унаа, жолдор, турак-жай, коммуналдык, муниципалдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов