Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-октябры № 646
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кытай Эл Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартибин жөнөкөйлөтүү, туризмди өнүктүрүүгө дем берүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
"7) туристтердин уюшулган тобу - бул алдын ала пландаштырылган туристтик маршрут же программа боюнча Кыргыз Республикасына бирге баруучу 5тен 25ке чейинки адамдан турган адамдардын уюшулган тобу.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:
"151. Туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасына туристтердин уюшулган топтору менен келген Кытай Эл Республикасынын жарандары жарандыгы бар өлкөгө же үчүнчү өлкөгө кайра авиабилети бар болсо, Кыргыз Республикасынан кеткен күндөн тартып 21 күн өткөндөн кийин визасыз тартипте кайра кирүү укугу менен 21 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режимде жүрө алат.".
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу толук чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 85 (3639) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |