Редакцияот 23.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 23-октябры № 2463-VII

 

М.А.Сатыевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 122-беренесинин 6-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Сатыев Медербек Асанбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

 

Н.Т. Шакиев