Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXVII сессиясы
2024-жылдын 29-августундагы № 28-47/9
«Каракол шаардык ат майданы» муниципалдык ишканасынын ченемдик-укуктук актыларын бекитʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 28-августундагы чыг:№01-16-4196 кайрылуу катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXVII сессиясы,
токтом кылат:
1. «Каракол шаардык ат майданы» муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.(№1 тиркеме)
1. «Каракол шаардык ат майданы» муниципалдык ишканасынын штаттык сыраттамасы бекитилсин. (№2 тиркеме)
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов
«Каракол ат майданы» муниципалдык ишканасынын
УСТАВЫ
Каракол шаары.
2024-ж.
1.1. «Каракол ат майданы» Каракол шаардык муниципалдык ишканасы.
1.2. «Каракол ат майданы» ишкана болуп эсептелет. (Каракол шаарынын мэриясынын түзумдүк муниципалдык бөлүмү).
1.3. «Каракол ат майданы» муниципалдык ишканасынын негиздөөчүсү Каракол шаарынын мэриясы жана Каракол шаардык депуттатар Кеңешинин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы болуп эсептелет.
Муниципалдык ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары , Масалиев көчөсү №35.
1.4. Жеке менчик формасы муниципалдык.
1.5. Мамлекеттик тилдеги официалдуу аталышы: «Каракол ат майданы» муниципалдык ишканасы, официалдуу тилде аталышы: муниципальное предприятие «Каракол ат майданы».
2.1. Муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамынын бекитилген процедураларына ылйык, мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан баштап, юридикалык жак болуп эсептелет.
2.2. Муниципалдык ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Респбликасынын жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзүбашкаруу мыйзамынын, Каракол шаардык Кеңешинин регламент жана токтомдорунун, уюштуруучулардын буйруктарынын жана дагы башка Кыргыз Республикасынын аймагындагы нормативдүү укуктук актылардын көзөмөлүндө, жетектөөсүндө болот.
2.3. Муниципалдык ишкана өзүнөбекитилген менчиги, тиешелүү каражаты, чарбалык иш жүргүзүү укугу, Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдүү бекитилген дагы башка материалдык баалуулуктарга ээ.
2.4. Муниципалдык ишкана өз алдынча баланс, Кыргыз Республикасынынын Мамлекеттик Герби чагылдырылган мөөрү, мамлекеттик жана официалдуу тилдеги өз аталышы менен башка мөөрлөрүнө ээ.
2.5. Муниципалдык ишкана банктарда эсептик счет, валюталык жана башка эсептик счетторго жана борбордук казна эсептик счетуна ээ.
2.6. Муниципалдык ишкана Кыргыз Респуликасынын бекитилген Мыйзамына жана Уставына ылайык тартипке ээ.
- Кыргыз Республикасынын Муниципалдык ишканалар боюнча көрсөтүлгөн мыйзам ченемдүү укутарга ээ.
- менчик жана менчик эмес укуктарга ээ милдетинде соттордо доогер жана жооп берүүчү укукка ээ;
- накталай жана накталай эмес акча каражатын келишимдин негизинде юридикалык жана жеке адамдар аркылуу тартуу;
- өз ишмердүүлүктү ишке ашырууда келишимдин негизинде башка уюмдарды, ишканаларды, адистерди тартуу;
- Муниципалдык кызмат, жумуш көрсөтүүдө бардык мамлекеттик сатып алуу иш чараларына катышуу;
- Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кыл иш-чараларга, талкууларга ишканын сунуштары менен, ар кыл суроолорун чечүү талкууларга катышуу;
-жумушчуларга эмгек иш тартибин, убактысын туура коюп берүү;
- Муниципалдык ишкананын директору жана башкы эсепчиден башка кадр маселесин көрсөтүлгөн номенклатура боюнча жумушка алуу жана бошотуу иштерин Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык иш алып баруу;
-негиздөөчүлөр менен макулдашуусу боюнча жумушчулардын эмгек акыларын коюу;
-негиздөөчүлөрдүн макулдашуусу менен депутаттар Кеңешинин тарифтик бааларын бекитүү;
-негиздөѳчүлөр менен эмгек акы фонду көрсөткөн негизде, эмгек келишимдерин түзүү;
-негиздөөчүлөрдүн макулдашуусу боюнча муниципалдык ишкананын баа жана кызмат көрсөтүүсүн калыпка келтирүү;
-ишкананын кызматчылары үчүн кызматтык ички жобону иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жумушчулар үчүнбирдей социалдык укук, жеңилдик саясатын жүргүзүү;
- Муниципалдык ишкана негиздөөчүлөрдүн компетенттүүлүгүн өз алдынча чече алат;
- Муниципалдык ишкананын жетекчиси жок учурда, чарба жетекчиси ишке ашырат.
3.Материалдык-финансылык камсыздоо
3.1. Муниципалдык ишкана өзүнө бекитилген менчик каражаттарды, материалдык баалуулуктарды жана финансылык ресурстарды өзүнүн ишмердүүлүгүн максаттарына жана керектөөлөрүнө жараша иш жүзүнө ашырууга акылуу.
3.2. Муниципалдык ишкананын финансылык базасы жергиликтүү бюджеттен жана ишкананын ишмердүүлүгүн өндүрүштө ишке ашыруудан түшкөн кирешеден, макулдашылган келишимдерден, аткарылган жумуштардан, ошондой эле тартылган инвестициялардан, ишкана, уюмдардан, ата-мекендик жана чет элдик гранттардан, жеке ишкерден ишке ашыра алат.
- жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде ата-мекендик жана чет ѳлкѳлүк инвестицияларды, гранттарды, кайрымдуулук салымдарын, мүлктү ижарага берүү менен салымдарын жана кайрымдуулуктарын тартат.
3.3. Муниципалдык ишкананын таза кирешеси Муниципалдык ишкананын ээлигинде, мэриянын макулдугу менен калат жанабөлүштүрүлөт.
3.4 Негиздөөчүлөр,Муниципалдык ишкананын милдеттерине жооп бербейт. Муниципалдык ишкана негиздөөчүлөрдүн милдеттерине жооп бербейт.
4.1. Бухгалтерлик жана статисттик эсеп жана отчеттуулук, Муниципалдык ишкана үчүн бекитилген тартипте иш алып барат жана негиздѳѳчүнун алдында отчет берет.
4.2. Муниципалдык ишкана мамлекеттиктиешелүү органдарга өз убагында көрсөткөн ишенимди отчеттуулугу боюнча жооп берет.
4.3. Муниципалдык ишкананын эскирген, колдонуудан чыккан баланстагы жабдыктар, транспорттук каражаттар негиздөөчүлөр түзгөн комиссиянын чечими менен керектен чыгарылат.
4.4. Директор жана башкы бухгалтер, бухгалтердик эсептин ишенимдүү иш алып баруусу үчүн жооп берет.
5.1. «Каракол ат майданы» Муниципалдык ишканасы Каракол шаарынын мэриясы тарабынан иштелип чыккан пландын жана финансылык лимиттердин негизинде өз ишмердүүлүгүн ишке ашырат.
5.2. Негизги жумуш боюнча кардар Каракол шаарынын мэриясы.
Келишимдин негизине төмөндөгүлөр кирет:
- «Каракол ат майданына» ат оюндарын ар кыл иш чараларды уюштуруу;
- Төмөнкү оңдоо иштерин иш жүзүндө ашыруу: көрүүчүлѳр үчүн трибуна, ат сарайлары, административдик имараттар, кампа жана чарба жайлары;
- айыл чарба продукцияларынөндүрүүжана сатуу (сүт, эт, дан жана тоют өсүмдүктөрү);
5.3. Түздөн түз келишимдин негизинде ишканалар, уюмдар жана жеке адамдар менен өзүн-өзү каржылоонун негизинде ишке ашуучу нерселер: сатып алуу, айыл чарба, мал жандыктарды сатуу жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматтар кѳрсѳтүлѳт.
6.1 Муниципалдык ишкананы директору башкарат. Каракол шаарынын мэри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
6.2. Калган мекеменин кызматчылары ишкананын директору тарабынан ишке алынат жана бошотулат.
6.3. Муниципалдык ишкананын директорун кызматтан алуу себептерине төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин нормаларына ылайык:
-Каракол шаардык Кеңешинин депутаттары, Муниципалдык ишкананын директору ишкананы финансылык, экономикасын төмөн абалга алып келгенде ишти канагаттандыраарлык эмес деп чечишет.
6.4. Муниципалдык ишкананын директору жооптуу кызматы менен тапшырмаларды аркалайт.
Муниципалдык ишкананын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишине көзөмөл кылат.
- Муниципалдык ишкананын атынан ата мекендик жана чет өлкөлүк ишканалар жана уюмдарга ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
-юридикалык келишимдерди бектитип, банктарга атайын эсеп ачып, ишеним көрсөтөт;
-негиздөөчүлөрдүн макулдугу боюнча Муниципалдык ишкананын түзүмүн аныктайт;
-негиздөөчүлөрдүнмакулдугу боюнча штаттык расписаниени калыптандырат;
- Муниципалдык ишкананын түзүмдѳрү жана бѳлүмдѳрүнѳ эмгек тартибин орнотот;
- Муниципалдык ишкананын менчигин жана каражаттарын башкарат.
7.Ишкананы жоюу.
7.1. Муниципалдык ишкана төмөнкү учурларда өз ишин токтотот:
- негиздөөчүлөрдүн чечими боюнча;
-соттун чечими боюнча;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде кабыл алынган башка негиздер боюнча.
7.2. Муниципалдык ишкананы өзгөртүү жана жоюуда укук жана милдеттенме эске алынат.
7.3. Муниципалдык ишкананы ишмердүүлүгүн токтотууга тѳмѳнкү жолдор кирет:
-бириктирүү;
-бѳлүү;
-кайрадан уюштуруу;
-жоюу.
7.4. Муниципалдык ишкананын ишин токтотуу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Реестринин жобосуна ылайык ишке ашат.
7.5. Муниципалдык ишкананын иш кагаздары, ишти токтотуу процессинен кийин, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын улуттук архив фондуна ѳткѳрүлѳт.
Жооптуу катчы Э. Майрыков