Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXVII сессиясы
2024-жылдын 29-августундагы № 28-47/10
Жер тилкелерди алмашуу жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 28-августундагы чыг:№01-16-4226 кайрылуу катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXVII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына Кʏчʏков №45 шоссесинде жайгашкан, аянты 5000 м2 болгон жер тилкесин, Каракол шаарынын Портовая кѳчѳсʏ (Садус) жакта жайгашкан, аянты 5000 м2 болгон бирдей жер тилкесине алмаштырууга уруксаат берилсин.
2. Муниципалдык мʏлк башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер тилкелеринин алмаштыруу боюнча бардык зарыл болгон процедураларын жʏргʏзсʏн.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов