Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-октябры № 635
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 157 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 157 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 5-пунктта:
3-пунктча " тышкы экономикалык" деген сөздөрдөн кийин "жана башка" деген сөздөр менен толукталсын;
6-пунктчанын үчүнчү абзацы "эксперттик корутунду/уруксат берүүчү документ" деген сөздөрдөн кийин ", шифрлүү (криптографиялык) каражаттардын жана аларды камтыган товарлардын мүнөздөмөлөрү жөнүндө нотификация" деген сөздөр менен толукталсын;
11-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) БТМСны колдонуучу - БТМСда катталган, өз ара аракеттенүүнүн катышуучусу тарабынан ыйгарым укук берилген жак;";
14-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) БТМСнын оператору - БТМСда катталган, өз ара аракеттенүүнүн катышуучусу тарабынан ыйгарым укук берилген жак катары чыга алган, коштоочу документтерди киргизүүнү жана БТМСга билдирмени тариздөөнү жүзөгө ашыруучу жак;";
жогоруда көрсөтүлгөн жобонун тиркемесинде:
- 4-пункттун "Берилүүчү же катталуучу документтердин аталыштары" деген графа төмөнкүдөй мазмундагы сап менен толукталсын:
"
Адамдын ткандарын, канын жана анын компоненттерин, адамдын биологиялык материалдарынын үлгүлөрүн экспорттоого/импорттоого лицензия |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 13, 14, 15-пункттар менен толукталсын:
"
13 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кызматтык жарандык куралды, анын негизги (курамдык) бөлүктөрүн жана патрондорун экспорттоого/импорттоого корутунду |
14 | Аккредитацияланган сыноо лабораториялары | Кыргыз Республикасынын лабораториялык сыноолорунун протоколу |
15 | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети | Шифрлүү (криптографиялык) каражаттардын жана аларды камтыган товарлардын мүнөздөмөлөрү жөнүндө нотификация |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын: "Эскертүү. Мүнөздөмөлөр жөнүндө нотификация 2024-жылдын 1-декабрынан тартып колдонула баштайт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 83 (3637) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |