Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна) |
Өнөр жай үлгүсүнө патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо
ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык иштелип чыккан жана өнөр жай үлгүсүнө патент берүүгө өтүнмө түзүү, тариздөө жана кароо боюнча жол-жоболорду аныктайт.
2. Бул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргызпатент) менен иш жүргүзүү - өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө, өтүнүч кат берүү, өтүнмө боюнча кат алышууну жүргүзүү, ошондой эле укуктарга ээ болуу жана башкаруу боюнча мыйзам менен каралган иш-аракеттерди аткаруу;
2) Мамлекеттик реестр - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестри;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими - эл аралык мамилелер жаатындагы укуктар менен милдеттенмелерге карата бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашуусун билдирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим;
4) ӨҮЭК - Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык классификациялоону уюштуруу жөнүндө Локарно макулдашуусуна ылайык Өнөр жай үлгүлөрүнүн эл аралык классификациясы.
Ушул Эрежелерде пайдаланылуучу башка түшүнүктөр "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде аныкталган маанилерде колдонулат.
3. Өнөр жай үлгүсү катары өнөр жай же кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн буюмдарынын сырткы түрлөрүнүн чечими корголот.
Буюм катары өнөр жай же кол өнөрчүлүк өндүрүпгүнүн ар кандай буюмдары, тактап айтканда таңгак, этикетка, курамдык буюм, буюмдун топтому (комплект), шрифт, ошондой эле буюмдун өз алдынча бөлүгү түшүнүлөт.
Өнөр жай үлгүсүнө эгерде өзүнүн маанилүү белгилери боюнча ал жаңы жана оригиналдуу болуп саналса, укуктук коргоо берилет.
Өнөр жай үлгүсүнүн олуттуу белгилерине буюмдун сырткы түрүнүн эстетикалык өзгөчөлүктөрүн аныктоочу белгилери, тактап айтканда формасы, конфигурациясы, орнаменти, буюмдун түстөрүнүн, сызыктарынын, контурларынын айкалышы, буюмдун материалынын текстурасы же фактурасы кирет.
Буюмдун өзгөчө техникалык функциясы менен шартталган белгилер өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилери болуп саналбайт.
Өнөр жай үлгүлөрү көлөмдүү, тегиз болушу же алардын айкалышын түзүшү мүмкүн.
Көлөмдүү өнөр жай үлгүлөрү көлөмдүү-мейкиндиктүү түзүм негиз болгон композицияны билдирет, мисалы станоктун, айыл чарба машинасынын, мотоциклдин, асма кайык моторунун ж.б. сырткы көрүнүшүн аныктоочу көркөм-конструктордук чечимдер.
Тегиз өнөр жай үлгүлөрү элементтердин сызыктуу-графикалык катышы менен мүнөздөлөт жана иш жүзүндө көлөмгө ээ эмес, мисалы килемдин, жоолуктун, кездеменин ж.б. сырткы көрүнүшүн аныктоочу көркөм-конструктордук чечимдер.
4. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 8-бөлүгүндө аныкталган объекттер өнөр жай үлгүлөрү деп таанылбайт.
Билдирилген чечим менен кызыкчылыктары козголгон тиешелүү мамлекеттик орган же эл аралык уюм менен макулдашылган болсо, "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн элементтер өнөр жай үлгүсүнө корголбогон элементтер катары киргизилиши мүмкүн.
Өнөр жай үлгүлөрү катары "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 8-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн чечимдерге укуктук коргоо берүү көрсөтүлгөн объекттердин укук ээлеринин макулдугу менен жол берилет.
5. Өнөр жай үлгүсүнүн бирдиктүүлүгүнө талап.
Өтүнмө бир же бир нече өнөр жай үлгүсүнө, бирок ӨҮЭК бир классына кирген жүздөн ашык эмес өнөр жай үлгүсүнө тиешелүү болушу мүмкүн.
Эгерде өнөр жай үлгүсү орнаментти билдирсе, ал ӨҮЭК башка класстарына кирген өнөр жай үлгүлөрү менен бир өтүнмөгө киргизилиши мүмкүн.
Бир өнөр жай үлгүсү деп жалгыз буюм сыяктуу эле жалпы багытка ээ (мисалы эмерек гарнитуру, сервиз ж.б.) буюмдардын комплекти (топтому) да көркөм-конструктордук чечим деп түшүнүлөт.
Жалгыз буюм деп бүтүн буюм сыяктуу эле (мисалы автомобиль), анын бөлүгү болуп саналган буюм дагы (мисалы бампер, фара) түшүнүлөт.
Өнөр жай үлгүлөрүнүн тобу (мындан ары - варианттар) деп буюмдун бирдей эстетикалык өзгөчөлүктөрүн аныктоочу маанилүү белгилердин жыйындысы боюнча айырмаланган бир эле буюмдун (комплект, топтом) көркөм-конструктордук чечимдери түшүнүлөт.
2-глава. Мөөнөттөрдү эсептөө
6. Юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоонун "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдү эсептөө эрежелерине ылайык эсептелет.
Демек белгилүү убакыт мезгили менен аныкталган мөөнөт башталышы аныкталган календардык дата же окуя болгондон кийинки күндөн башталат.
Жылдар менен эсептелген мөөнөт, мөөнөттүн акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө бүтөт.
Айлар менен эсептелген мөөнөт мөөнөттүн акыркы айынын тиешелүү күнүндө бүтөт.
Жарым айга эсептелген мөөнөт күндөр менен эсептелген мөөнөт катары каралат жана он беш күнгө барабар болуп эсептелет.
Эгерде айлар менен эсептелген мөөнөттүн бүтүшү тиешелүү күнү жок болгон айга туш келсе, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө бүтөт.
Эгерде мөөнөттүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туш келсе, мөөнөттүн акыркы күнү болуп андан кийинки жакынкы жумуш күнү эсептелет.
Мөөнөт кандайдыр бир иш-аракетти жасоо үчүн белгиленсе, ал мөөнөттүн акыркы күнүнүн жыйырма төртүнчү саатына чейин аткарылышы мүмкүн.
Бирок эгерде бул иш-аракет уюмда аткарылышы керек болсо, анда мөөнөт бул уюмда белгиленген эреже боюнча тиешелүү операциялар токтогон саатта бүтөт.
Мөөнөттүн акыркы күнүнүн жыйырма төртүнчү саатына чейин почтага жана телеграфка тапшырылган жазуу жүзүндөгү арыздар жана билдирүүлөр мөөнөтүндө аткарылган болуп эсептелет.
7. Кыргызпатент тарабынан юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоонун "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөр "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган учурларда токтотулуп турат.
8. Калыбына келтирилген мөөнөттөрдү эсептөө "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.
9. Кыргызпатенттин кабарламалары, суроо-талаптары, чечимдери өтүнмө ээсине, патент ээсине же башка кызыкдар жакка "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө жөнөтүлөт.
Кыргызпатент жөнөткөн кандай болбосун кабарлама, суроо-талап жана чечим "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык талаптагыдай жеткирилди деп саналат.
3-глава. Өнөр жай үлгүсүнө патент алууга өтүнмө берүү укугу
10. Патент алууга өтүнмө берүү укугуна "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинде көрсөтүлгөн жактар ээ.
11. Өнөр жай үлгүсүнүн автору төмөнкү учурларда өтүнмө берүүгө жана патент алууга укуктуу болот:
1) өнөр жай үлгүсү кызматтык болуп саналбаса;
2) өнөр жай үлгүсү кызматтык болуп саналса, бирок автор менен иш берүүчүнүн ортосундагы келишимде патент алууга автордун укугу каралган болсо же эгерде иш берүүчү ага автор өнөр жай үлгүсү түзүлгөндүгү жөнүндө кабарлаган датадан тартып төрт айдын ичинде Кыргызпатентке өтүнмө бербесе, башка жакка патент алуу укугун өткөрүп бербейт же авторго өнөр жай үлгүсүн сыр кылып сактоо жөнүндө билдирет.
Өтүнмө ээси тарабынан патент алуу укугун өткөрүп берүү өнөр жай үлгүсү катталган учурга чейин Кыргызпатентке арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт жана өтүнмө ээсинин укугу өткөрүп берилди деп эсептелет.
Өтүнмө берүү укугун кандайдыр бир документ менен ырастоо талап кылынбайт.
12. Өтүнмө өтүнмө ээси тарабынан түздөн-түз, патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл тарабынан берилет.
Чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү өтүнмө берген датасын белгилөө, алымды төлөө, конвенциялык артыкчылык суралган учурларда мурдагы өтүнмөнүн көчүрмөсүн берүү, жогоруда аталган жол-жоболорго, патентти күчүндө кармап туруу үчүн алымды төлөөгө карата Кыргызпатенттин тил каттарын жана кабарламаларын алуу менен байланышкан жол-жоболорду кошпогондо, ошондой эле эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен башкача тартип каралбаса, патент алуу, ошондой эле өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоого байланыштуу иштерди Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу гана жүргүзөт.
4-глава. Өнөр жай үлгүсүнө патент берүүгө өтүнмөнүн курамы
13. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) өнөр жай үлгүсүнүн авторун (авторлорун) жана анын (алардын) атына патент суралган жакты, ошондой эле алардын жашаган жерин же турган ордун, электрондук почтасынын дарегин жана телефон, факс (эгерде бар болсо) номерин көрсөтүү менен патент берүү жөнүндө арызды;
2) буюмдун сырткы көрүнүшү жөнүндө толук деталдуу элесин берүүчү, бирок аны укуктук коргоо көлөмүн аныктоо максаты үчүн пайдаланылбаган сүрөттөрүнүн комплектин (анын ичинде өтүнмө ээсинин каалоосу боюнча анын электрондук формадагы үч өлчөмдүү моделин);
3) буюмдун жалпы көрүнүшүнүн чиймесин, конфекциялык картасын, эгерде алар өнөр жай үлгүсүнүн маңызын ачуу үчүн зарыл болсо;
4) өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасын.
14. Өтүнмөгө белгиленген өлчөмдө тиешелүү алымдын төлөгөндүгүн ырастоочу документ же өтүнмө берүү үчүн алым төлөөдөн бошотуу үчүн же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздер тиркелет, ал өтүнмө берүүдө же кошумча алым төлөнгөн шартта эки айдын ичинде берилиши мүмкүн.
Көрсөтүлгөн документ белгиленген мөөнөттө берилбесе, өтүнмө чакыртып алынды деп таанылат.
15. Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилүүчү өтүнмөгө ага өтүнмө ээси тарабынан берилген жана анын ыйгарым укугун күбөлөндүргөн, талаптагыдай таризделген ишеним кат же талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү тиркелет.
Кыргыз Республикасында таризделген Кыргызпатенттин алдындагы өкүлчүлүккө ишеним кат жөнөкөй жазуу түрүндө жазылат жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары таризделген ишеним кат ал келип чыккан өлкөмүн мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөткө түзүлөт.
Кыргызпатент ишеним кат берген жактын кол тамгасынын жана/же кызмат абалынын анык экендигине ынанууга укуктуу, Кыргызпатенттин суроо-талабы боюнча ишеним кат белгиленген тартипте легалдаштырылат (апостиль коюлат).
Чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактын кызыкчылыктарынын өкүлчүлүгүнө патенттик ишенимдүү өкүлгө ишеним кат өтүнмө ээси же анын патенттик ишенимдүү өкүлү тарабынан да берилиши мүмкүн.
Акыркы учурда эки көрсөтүлгөн ишеним кат же алардын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.
16. Ишеним кат төмөнкү шарттарга жооп берүүгө тийиш:
1) аны берген жак кол коёт;
2) патенттик ишенимдүү өкүлдүн агына берилет;
3) патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарынын көлөмү көрсөтүлөт;
4) ишеним катта ал түзүлгөн дата көрсөтүлөт, ансыз ал жараксыз.
Эгерде ишеним кат бир нече патенттик ишенимдүү өкүлдүн атына берилсе, өтүнмө боюнча патент алуу боюнча иштерди алардын кимиси болбосун жүргүзөт.
Ишеним катта ага ыйгарым укук берилген патенттик ишенимдүү өкүлдүн кайсы аракети болбосун өтүнмө ээсинин аракети катары бааланат жана өтүнмө ээсинин же өтүнмө ээсине карата аракеттер сыяктуу эле кесепеттерге ээ болот.
17. Конвенциялык артыкчылыкты сураган өтүнмөгө өтүнмө ээси Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына катышуучу мамлекетте берген биринчи өтүнмөнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет, ал Кыргызпатентке конвенциялык өтүнмө берилген датадан тартып 3 айдан кечиктирбестен берилет. Эгерде биринчи өтүнмөлөр бир нече болсо, бул өтүнмөлөрдүн бардыгынын көчүрмөлөрү тиркелет.
Эгерде конвенциялык өтүнмөдө жана берилген көчүрмөдө өтүнмө ээлери ар башка болсо, ошондой эле өткөрүп берүү актысы берилиши керек.
Биринчи өтүнмө келип түшкөн датадан тартып 12 ай өткөндөн кийин, бирок он эки айлык мөөнөт өткөндөн кийин эки айдан кеч эмес келип түшкөн өтүнмө боюнча конвенциялык артыкчылыкты суроодо өтүнмөгө алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ жана көрсөтүлгөн он эки айлык мөөнөттө өтүнмө берүүгө тоскоол болгон жагдайлардын өтүнмө ээсинен көз каранды болбогон жагдайларды көрсөтүү жана бул жагдайлардын болгондугун ырастоо менен документ тиркелет, эгерде алар Кыргызпатентке белгилүү экендигин болжолдоого негиз жок болсо.
Конвенциялык артыкчылыкты аныктоо жөнүндө өтүнүч өтүнмө берүүдө (патент берүү жөнүндө арыздын тийиштүү графасында жазылат) же Кыргызпатентке өтүнмө берилген датадан тартып 2 айдын ичинде берилет.
18. Өтүнмөгө, анын ичинде электрондук документтин формасындагы өтүнмөгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген форма боюнча анын жеке маалыматтарын чогултууга, иштеп чыгууга, сактоого, өткөрүп берүүгө жана жарыялоого өтүнмө ээсинин макулдугу тиркелет.
19. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнүн материалдары анын Кыргызпатентке келип түшкөн учурдан тартып өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыяланганга чейин купуя болуп эсептелет.
5-глава. Өтүнмөнүн документтерин толтурууга жана мазмунуна талаптар
20. Патент берүү жөнүндө арыз мамлекеттик же расмий тилде берилет.
21. Эгерде өтүнмөгө экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө берилүүчү документтер башка тилде берилсе, аларга мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелет. Котормонун тактыгы үчүн өтүнмө ээси жоопкерчилик тартат.
22. Ушул Эрежелердин 13-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик же расмий тилинде түзүлгөн өтүнмөнүн документтери бир нускада берилет.
Өтүнмө же башка документтер чет тилде берилген учурда мамлекеттик жана расмий тилдердеги котормосу тиркелет.
Котормонун тактыгы үчүн өтүнмө ээси жоопкерчилик тартат.
23. Патент берүү жөнүндө арыз (мындан ары - арыз) Кыргызпатент тарабынан бекитилген форма боюнча берилет.
24. Арыздын графалары Кыргызпатент тарабынан аныкталган тартипте толтурулат.
25. Арыз электрондук түрдө берилиши мүмкүн, ошол эле учурда арыздын графалары экран интерфейсинин элементтерин пайдалануу менен толтурулат.
Арыздын электрондук формасынын талаалары өзгөрүлмө көлөмгө ээ, ушуга байланыштуу кошумча барактарды толтуруу талап кылынбайт.
Арызды электрондук формада берүүдө аны толтуруу ушул Эрежелердин 23-24-пункттарына жана Кыргызпатент тарабынан бекитилген Кыргызпатентке өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү системасын пайдалануучунун нускамасына ылайык жүзөгө ашырылат.
Арыздын электрондук формасына күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук кол тамга (КЭК) коюлат.
26. Буюмдун сырткы көрүнүшүн чагылдыруучу сүрөттөр өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсү жөнүндө сүрөттүү маалыматты камтыган негизги документ болуп саналат.
Сүрөттөр так жана даана болушу керек. Сүрөттөр укуктук коргоонун көлөмүн аныктоочу анын маанилүү белгилеринин жыйындысын табууга мүмкүндүк берүү менен буюмдун сырткы көрүнүшү жөнүндө деталдуу толук элесин берүүгө тийиш.
Буюмдун сүрөттөрү деп көбөйтүүчү техниканын жардамы менен алынган фотосүрөттөр, сүрөттөр жана алардын көчүрмөлөрү, ошондой эле компьютердик графиканы пайдалануу менен аткарылган сүрөттөр түшүнүлөт.
27. Өтүнмө буюмдун алды жагынан 3/4 ракурсунда, сол, оң жана арт жактарынан, ал эми зарыл учурда үстүнөн, астынан жалпы көрүнүшүнүн сүрөттөрүн камтууга тийиш.
Сүрөттөр ак-кара же түстүү болушу мүмкүн.
Тегиз өнөр жай үлгүсү үчүн пландагы көрүнүш берилет.
Текстиль буюмдарынын тегиздиктүү өнөр жай үлгүлөрү сүрөттөрдө кайталануучу раппорт менен чагылдырылууга тийиш.
Буюмдардын комплекти (топтому) жалпы көрүнүшүнүн сүрөттөрүндө толук, б.а. комплектке (топтомго) кирүүчү бардык буюмдар менен көрсөтүлүшү керек. Мындан тышкары комплектке (топтомго) кирүүчү ар бир буюм өзүнчө сүрөттөрдө кошумча көрсөтүлөт. Өзгөчө учурларда, буюмдардын комплекти (топтому) толук курамда жалпы көрүнүшүнүн бир сүрөтүндө көрсөтүлүшү мүмкүн болбосо, өзүнчө сүрөттөрдө комплекттин (топтомдун) фрагменттерин көрсөтүүгө жол берилет:
Өнөр жай үлгүсүнүн ар бир варианты сүрөттөрдүн өзүнчө комплекти менен көрсөтүлүшү керек.
Жабылышы, бүктөлүшү, ташылышы ж.у.с. мүмкүн болгон буюмдар ушул буюмдардын сүрөттөрү менен ачык түрдө (мисалы муздаткычтар, телефон будкалары) же кураштырылган түрдө (мисалы ашкана комбайндары, чаң соргучтар) көрсөтүлүшү керек.
28. Түстүү графикалык иштеп чыгуу өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин бири болуп саналган учурда сүрөттөр түстүү берилиши керек.
29. Эгерде буюм фотосүрөттө көрсөтүлсө, ал тегиз жарыктандырууда, эреже катары нейтралдуу фонддо башка буюмдарсыз сүрөткө тартылышы керек. Өнөр жай үлгүсүнүн айрым деталдары фотосүрөттө жарыктандырылган гана эмес, көлөкө түшүрүлгөн жактарынан дагы жакшы көрүнүшү керек.
30. Буюмдун сүрөттөрүндө буюмдун сырткы көрүнүшүнүн өтүнмө ээси укуктук коргоого талаптанбаган бөлүктөрүн (элементтерин) чагылдыруу үчүн пунктирдик сызыкты колдонууга же түс менен бөлүп көрсөтүүгө же жол берилет. Ошол эле учурда өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнө кирген буюмдардын сырткы көрүнүшүнүн бөлүктөрү (элементтери) туташ сызык менен сүрөттөлүшү керек.
31. Эгерде өнөр жай үлгүсү бир гана сүрөт менен берилсе, анда сүрөттүн номери көрсөтүлбөйт.
32. Пунктирдик сызыктар үзүк сызыктардан, чекиттерден, чекит менен айкалышкан үзүк сызыктардан (штрихпунктирдик сызык) турушу мүмкүн жана буюмдардын сырткы көрүнүшүнүн өтүнмө ээси укуктук коргоого талаптанбаган бөлүктөрүнө (элементтерине) көрсөтмө катары түшүнүлүшү керек. Мындай учурда укуктук коргоо суралган буюмдардын сырткы көрүнүшүнүн бөлүктөрү (элементтери) үзгүлтүксүз туташ сызыктар менен белгилениши керек.
Айрым учурларда техникалык себептер боюнча пунктирдик сызыктар буюмдардын сырткы көрүнүшүнүн өтүнмө ээси укуктук коргоого көрсөтүлбөгөн бөлүктөрүнө (элементтерине) (алар саймаларда же кийимдин тигиштерин белгилери үчүн колдонулганда, же сүрөттөр фотосүрөт түрүндө берилгенде) буюмду чагылдыруу максаттарында колдонулбашы мүмкүн.
33. Буюмдун сүрөттөрүндө өтүнмө ээси укуктук коргоого талаптанбаган бөлүктөрүн (элементтерин) чагылдыруу үчүн түс менен бөлүп көрсөтүү түстүү боёк, түстүк көлөкөлөө же сүрөттүн белгиленген бөлүктөрүн бүдөмүктөө жолу менен берилиши мүмкүн.
Түстүк көлөкөлөө укуктук коргоо суралбаган буюмдардын бөлүктөрүн (элементтерин) жетиштүү деңгээлде жашыруу үчүн түстүн контрасттык тондорун пайдаланууну билдирет.
Өтүнмө ээси укуктук коргоого талаптанбаган бөлүктөрдү (элементтерди) түстүк көлөкөлөөдө так айырмалана тургандай болушу керек, анда өтүнмө ээси укуктук коргоого талаптанбаган бөлүктөр (элементтер) азыраак айырмалана тургандай берилиши керек.
Бүдөмүктөө сүрөттөрүндө укуктук коргоо суралбаган бөлүктөрдү (элементтерди) анын чектеринин жана (же) мейкиндиктик деталдарынын дааналыгын азайтуучу дал келбестиктерди сүрөткө киргизүү аркылуу жашырууну билдирет. Ошол эле учурда өтүнмө ээси укуктук коргоого талаптанган бөлүктөр (элементтер) так айырмалана тургандай болушу керек.
34. Электрондук формада өнөр жай үлгүсүнүн үч өлчөмдүү модели Кыргызпатентке өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү системасын пайдалануучунун нускамасында көрсөтүлгөн форматта жана өлчөмдө берилет.
35. Сүрөттөр 18x24 см өлчөмүндө берилет.
Габариттери боюнча анча чоң эмес буюмдар же макеттер үчүн мисалы, кол (чөнтөк) сааттар, микрокалькуляторлор, чөнтөк күйгүзгүчтөрү ж.б. 13х18 же 9x12 см өлчөмүндөгү сүрөттөр берилиши мүмкүн.
36. Сүрөттөргө араб цифралары менен төмөнкүдөй тартипте номер коюлат: жалпы көрүнүшү, башка түрлөрү.
Сүрөттөр өтүнмөдө номерлердин өсүү тартиби менен берилет.
Бир түрдөгү сүрөттөр бир номер менен берилет.
Эгерде өтүнмө бир нече өнөр жай үлгүсүн камтыса, сүрөттүн номери чекит менен бөлүнгөн өз алдынча сандардан турушу керек. Чекитке чейинки сан өнөр жай үлгүсүнүн номерин, чекиттен кийинки сан - сүрөттүн катар номерин билдирет (мисалы биринчи өнөр жай үлгүсү үчүн 1.1,1.2., 1.3 ж.б., экинчи өнөр жай үлгүсү үчүн 2.1, 2.2, 2.3 ж.б.).
37. Сүрөттөрдүн арткы бетинде ырааттуу түрдө өйдөдөн төмөн карай сүрөттүн номери, өнөр жай үлгүсүнүн аталышы, ошондой эле "жалпы көрүнүшү", "капталынан көрүнүшү", "алдынан көрүнүшү", "артынан көрүнүшү", "үстүнөн көрүнүшү" ж.у.с. түшүндүрмөлөр көрсөтүлөт.
38. Өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасы сүрөттөрдө чагылдырылган буюмдун сырткы көрүнүшүн оозеки түрдө ачып көрсөтүүгө тийиш.
39. Сыпаттама өнөр жай үлгүсүнүн аталышы менен башталат, ал эми өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнө таандык болгон ӨҮЭКтин колдонулуудагы редакциясынын рубрикасынын индекси белгиленген учурда - бул рубриканын индекси төмөнкүдөй бөлүктөрдү камтыйт:
1) өнөр жай үлгүсүнүн багытын жана колдонуу тармагын;
2) өнөр жай үлгүсүнүн аналогдорун;
3) сүрөттөрдүн жана өнөр жай үлгүсүн иллюстрациялаган башка берилген материалдардын тизмегин (чийме, конфенциялык карта - алар берилген учурда);
4) өнөр жай үлгүсүнүн маңызын.
40. Өнөр жай үлгүсүнүн аталышы анын багытын мүнөздөөгө жана ӨҮЭКке, айрым учурларда - жалпы кабыл алынган тармактык терминологияга ылайык келүүгө тийиш.
Анча белгилүү эмес жана жаңы багыттагы өнөр жай үлгүсүнүн аталышы анын колдонуу тармагына көрсөтмөнү камтышы керек.
Аталышка өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча автордун аты, ошондой эле өтүнмө ээси сунуштаган атайын аталыш киргизилиши мүмкүн.
Аталышка жарнамалык маалыматтарды, оозеки товардык белгилер же массалык буюмдардын кабыл алынган кыскартылган белгилениши менен дал келүүчү тамгалардын же сөздөрдүн айкалыштарын, ошондой эле жергиликтүү же жаргондук терминдерди киргизүүгө болбойт.
Өнөр жай үлгүсүнүн аталышы жекелик санда баяндалуусу керек, ал жекелик санда пайдаланылбаган же жуп буюмдардын аталыштары жөнүндө сөз болгон учурлардан тышкары.
Варианттарга таандык болгон өнөр жай үлгүлөрүнүн тобунун аталышы, кашаада "варианттар" деген сөз менен кошумча көрсөтүлгөн топтун бир өнөр жай үлгүсүнүн аталышын камтыйт. Мисалы: "Кресло (3-вариантын)".
41. Өнөр жай үлгүсүнүн багыты жана колдонуу тармагы.
Сыпаттаманын бул бөлүгүндө өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн багыты жана колдонуу тармагы жөнүндө маалыматтар келтирилет, ошондой эле аны пайдалануунун артыкчылыктуу тармагы көрсөтүлөт. Бөлүктү: "Өнөр жай үлгүсү билдирилет" же "Сырткы көрүнүшүнүн көркөм-конструктордук чечими билдирилет" деген сөздөр менен баштоо керек.
42. Сыпаттаманын өнөр жай үлгүсүнүн багыты жана колдонуу тармагы бөлүгүндө табылган аналогдордун мүнөздөмөсү келтирилет жана алардын кайсынысы өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнө кыйла жакын болуп эсептеле тургандыгы көрсөтүлөт (кыйла жакын аналогу).
Өнөр жай үлгүсүнүн аналогдору - бул ал артыкчылык алган датага чейин жалпыга жеткиликтүү болгон маалыматтардын ичинен белгилүү болгон, өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн багытындагыдай эле багыттагы буюмдун сырткы көрүнүшүнө таандык болгон, аны менен маанилүү белгилери боюнча окшош көркөм-конструктордук чечим.
Бул бөлүмдө аналогдорду мүнөздөөдө ал таандык болгон көркөм конструкциялоонун ошол тармагынын өнүгүү тенденциялары чагылдырылат. Аналогдорду мүнөздөөдө муну менен продукцияга же технологиялык процесстерге, ошондой эле башка жактардын өтүнмөлөрүнө, патенттерине карата кемсинтүүчү пикирлерге жол бербестен, белгилүү көркөм-конструктордук чечимдердин кемчиликтерин көрсөтүүгө болот.
Бул бөлүмдө ошондой эле келтирилген аналогдорду камтуучу маалымат булактарынын библиографиялык маалыматтары көрсөтүлөт.
Кыйла жакын аналог - маанилүү белгилеринин жыйындысы боюнча өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнө кыйла окшош аналог.
Өтүнмөдө өнөр жай үлгүсүнүн варианттары болгон учурда, эгерде аналогдордун ичинен бири да бир эле убакта бардык варианттар үчүн кыйлажакын болуп саналбаса, алардын ичинен ар бири үчүн кыйла жакын аналог көрсөтүлүшү мүмкүн.
Буюмдардын топтомунда (комплектинде) ишке ашырылган өнөр жай үлгүсү үчүн баарынан мурда бүтүндөй топтомго (комплетке) тиешелүү болгон кыйлажакын аналогу аныкталат. Эгерде бирдиктүү кыйла жакын аналогу аныкталбаса. кыйла жакын аналогдор катары ар бири томтомду (коммлектти) түзгөн буюмдардын бирине окшош болгон (топтолгон кыйла жакын аналог) буюмдардын бир нече көркөм-конструктордук чечимдерин келтирүүгө жол берилет.
43. Сыпаттаманын өнөр жай үлгүсүнүн багыты жана колдонуу тармагы бөлүгүндө сүрөттөр, ошондой эле чиймелер, схемалар, конфекциялык карталар, слайддар көрсөтүлөт, эгерде алар номерленишине ылайык берилсе жана алардын ар биринде эмне сүрөттөлгөндүгүнө кыскача көрсөтмө келтирилсе.
44. Өнөр жай үлгүсүнүн маңызы анын маанилүү белгилеринин сүрөттөлүшүндө көрсөтүлгөндөрдүн жыйындысы менен мүнөздөлөт, алар өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн анын эстетикалык өзгөчөлүктөрү менен буюмдун сырткы көрүнүшүн аныктайт.
45. Белги эгерде ал ушундай өзгөчөлүктөргө ээ болгон буюмдун сырткы көрүнүшүн түзүүгө таасирин тийгизсе, маанилүү болуп саналат.
Өнөр жай үлгүсүнүн маңызын ачуу үчүн, сүрөттөлүштөрдө көрсөтүлгөн анын маанилүү белгилеринин жыйындысынын оозеки сыпаттамасы аларга (ошондой эле буюмдун жалпы көрүнүшүнүн чиймесине, конфекциялык картасына, эгерде алар болсо) шилтемелер менен көрсөтүлөт.
Мында кыйла жакын аналогунан айырмалануучу болуп эсептелген өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилери бөлүп көрсөтүлөт.
Ошондой эле өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсү ишке ашырылган буюмдун эстетикалык өзгөчөлүктөрү белгиленет жана көрсөтүлгөн өзгөчөлүктөргө ээ буюмдун сырткы көрүнүшүн түзүүгө карата маанилүүлөргө кирген белгилердин таасири түшүндүрүлөт, эгерде бул анык эмес болсо.
46. Аны башкалардын катарынан айырмалоочу буюмдун эстетикалык өзгөчөлүгү форма, конфигурация, орнамент, түстөрдүн айкалышы жана алардын комбинациясы түрүндө көрсөтүлүшү мүмкүн.
47. Эстетикалык өзгөчөлүктөр төмөнкүдөй көрсөтүлүшү мүмкүн, мисалы:
1) композициянын (чоң аралыкка ээ объект үчүн) элементтерин кабылдоонун ырааттуулугуна өбөлгө түзүүчү башкысынын айланасында бардык белгилерди бириктирүүнүн аркасынан бөлүктөрдүн бири-бирине байланыштуу болушу камсыз кылынган;
2) механизмдерди жөнгө салуу зонасына толук жетүү камсыз кылынган (автомобилде орнотулган энергоагрегат үчүн);
3) машинанын күчүн жана кубаттуулугун билдирген образ түзүлгөн (эксковатор үчүн);
4) көрүп таасирленүү образы машинанын өндүрүштүк эмес, тиричилик мүнөзүн чагылдырат (багбанчылык-огороддук чакан трактор үчүн).
Сыпаттаманын өнөр жай үлгүсүнүн багыты жана колдонуу тармагы бөлүгүндө анын сырткы көрүнүшүнүн белгиленген өзгөчөлүктөрү менен шартталган буюмдун жакшы жактары көрсөтүлүшү мүмкүн.
48. Комплектти (топтомду) сыпаттоодо жалпы багытын ишке ашыруучу, функцияларды аткаруучу анын курамына кирүүчү бардык буюмдар көрсөтүлөт. Буюмдардын комплекттин (топтомунун) бардык элементтеринин көркөм-конструктордук чечими бирдиктүү образдуу, мисалы, форма түзүүнүн пластикалык жана/же стилистикалык принциптерин пайдалануу менен аткарылышы керек.
49. Өнөр жай үлгүсүнүн маңызын ачууда аны ишке ашыруунун ар кандай формаларын мүнөздөөчү альтернативдик түшүнүк түрүндөгү белгини түшүндүрүүгө жол берилбейт. Эгерде белгини ишке ашыруунун ар түрдүү формалары башка белгилердин жыйындысында буюмдун ошол эле эстетикалык өзгөчөлүктөрү менен сырткы көрүнүшүн аныктаса, анда ишке ашыруунун көрсөтүлгөн формаларынын ичинен бирөөнү гана мүнөздөөчү белги алардын ар бирине таандык болгон өнөр жай үлгүсүнүн варианттары сыпатталат.
50. Өтүнмөдө өнөр жай үлгүсүнүн варианттары болсо, бардык варианттар үчүн кыйла жакын болуп ошол эле аналог саналган жана варианттар бул аналогдон айырмалоочу белгилери менен гана айырмаланган учурларда, варианттардын биринин маанилүү белгилеринин жыйындысы толугу менен сыпатталат, ал эми калгандарынын ар биринин маңызын ачуу толук сыпатталган вариантынан алардын айырмачылыктарын сыпаттоо жолу менен жүзөгө ашырылат. Башка учурларда өнөр жай үлгүсүнүн өтүнмө берилген ар бир вариантынын маңызы ушул Эрежелердин 47-49-пункттарында баяндалгандарга ылайык толугу менен ачылат.
51. Анын негизинде өнүккөн көлөмдүк-мейкиндиктик түзүм жаткан (мисалы, станок, айыл чарба машинасы, мотоцикл ж.у.с.) татаал композициядагы буюмдун көркөм-конструктордук чечимдерин мүнөздөө үчүн, атап айтканда төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
1) композициялык элементтердин болушу;
2) элементтердин өз ара жайгашуусу;
3) композициялык элементтердин формасы.
52. Моноблоктук композициялары бар (мисалы, телевизор, радиокабылдагыч, щиттик прибор, кутуча) буюмдардын көркөм-конструктордук чечимин, ошондой эле элементардык геометриялык көлөмдөрдүн катышынан курулган чечимдерди (мисалы, эмеректин секциялык блогу) мүнөздөө үчүн, атап айтканда төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
1) композициялык элементтердин курамы жана бөлүштүрүлүшү;
2) эреже катары буюмдун фронталдык бетинде жайгашкан бул элементтердин пластикалык, графикалык, түс жана фактуралык чечими.
53. Жалпак композицияга ээ (мисалы, кездеме, кичине жоолук, жоолук) көркөм-конструктордук чечимдердин мүнөздөмөсү үчүн, атап айтканда төмөнкүдөй белгилер колдонулат:
1) орнаменттин элементтеринин сызыктык-графикалык катышы;
2) колористтик чечим;
3) фактуранын мүнөзү (кездеменин жиптеринин согулушу).
54. Кийимдин көркөм-конструктордук чечиминин мүнөздөмөсү үчүн, атап айтканда төмөнкүдөй белгилер колдонулат:
1) моделдин көлөмдүү мүнөздөмөсү болуп саналган форма;
2) бөлүктөрдүн өз ара катышын аныктоочу пропорциялар;
3) моделдин жалпактык мүнөздөмөсү болуп саналган силуэт;
4) кандайдыр бир элементтердин өлчөмдөш кезектешүүсүн аныктоочу ритм;
5) деталдар, б.а. кийимдин кайсы участогуна болбосун бетине коюлуучу элементтер, алардын формасы;
6) жасалга, б.а. буюмду утилитардык колдонуу көз карашынан алганда функционалдык мааниге ээ эмес, моделдин чечиминде декоративдик роль ойногон, аны колдонуу бир эле мезгилде технологиялык ыкма (мисалы, кийимдин четтерин иштеп чыгуу, деталдарды бириктирүүчү тигишти бекемдөө ж.у.с.) болуп саналышы мүмкүн болгон элемент;
7) анын айрым бөлүктөрүн бириктирүү жана ажыратуу үчүн буюмдун түзүмүнө кирүүчү, ошондой эле декоративдик элементтин ролун аткаруучу фурнитура (топчулар, илмектер ж.у.с.);
8) кездеме.
55. Бут кийимдин көркөм-конструктордук чечимдеринин мүнөздөмөсү үчүн төмөнкүдөй белгилер колдонулат:
1) бут кийимдин калыбын, б.а. тышынын жана ичинин форма түзүүчү элементтери (башы, ортосу, апкыты, кончу, таманы ж.у.с.);
2) бул элементтердин формасы;
3) алардын өз ара жайгашышы;
4) материал;
5) жасалгасынын деталдары;
6) фурнитура;
7) түс.
56. Тиешелүү буюмдардын көркөм-конструктордук чечимдеринин мүнөздөмөсү үчүн колдонулуучу белгилерден тышкары, буюмдардын комплекттеринин (топтомдорунун) көркөм-конструктордук чечимдеринин мүнөздөмөсү үчүн, атап айтканда төмөнкүлөрдү чагылдыруучу белгилер колдонулат:
1) бөлүктөрдүн өз ара аракеттенүү мүнөзү;
2) элементтердин бири-бирине байланыштуу болушу;
3) баштапкы элементтердин өзү сыяктуу жана бул элементтерди колдонуунун негизинде түзүлгөн ошол буюмдардын, ошондой эле жалпысынан бүтүндөй комплекттин (топтомдун) пропорционалдык түзүлүшү.
57. Сырткы көрүнүшү эки: жабык (жыйналган) жана ачык абал менен аныкталуучу буюмдардын (мисалы, шкафтар, муздаткычтар, жабык корпустагы приборлор, телефон будкалары ж.у.с.), көркөм-конструктордук чечимдерин мүнөздөөдө буюмдун тышкы көрүнүшүн, ошондой эле ички көлөмүн иштеп чыгуу элементтери да белгилер болушу мүмкүн.
58. Көркөм-конструктордук чечимди мүнөздөөдө белги ошондой эле буюмдун же анын элементинин сырткы көрүнүшүнүн башка багыттагы белгилүү буюмдун сырткы көрүнүшүнө дал келишин көрсөтүү жолу менен көрсөтүлөт.
59. Жалпы көрүнүштүн чиймеси өнөр жай үлгүсүнүн маңызын ачуу жана анын габариттерин, пропорционалдуу катыштарын аныктоо үчүн зарыл болгон учурларда көрсөтүлөт.
60. Чиймелер жана схемалар сыпаттаманын тексти менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
61. Чиймеде же схемада адамдын ишинин негизги элементтеринин жана функционалдык зоналарынын жайгашуусу жөнүндө, буюмду эксплуатациялоонун ыңгайлуулугу тууралуу ой жүгүртүүгө мүмкүндүк берүүчү буюмдун элементтеринин предметтик-мейкиндиктик уюштуруусун мүнөздөгөн буюмдун жана анын элементтеринин габариттик өлчөмдөрү (маалыматты жана башкаруу органдарын, жумушчу бетин, форманын жакын жайгашкан элементтеринин ортосундагы аралыкты ж.б. чагылдыруу каражаттарын жайгаштыруунун бийиктиги, туурасы, тереңдиги) көрсөтүлүүгө тийиш.
62. Чиймелерде же схемаларда негизги форма түзүүчү элементтер сыпаттамадагыдай эле араб цифралары менен белгиленет. Чийменин (схеманын) бир нече фигураларындагы бир эле деталь же түйүн бир эле цифра менен белгиленет. Сыпаттамада эскертилбеген шилтемелик белгилер чиймелерде (схемаларда) коюлбайт жана тескерисинче.
63. Чиймелерде (схемаларда) алыскы сызыктар даана болууга тийиш. Цифралык жана тамгалык белгилөөлөрдү кашаанын, тегеректин ичинде же тырмакчада көрсөтүүгө жол берилбейт. Цифралардын жана тамгалардын бийиктиги 3,2 мм кем болбоого тийиш.
64. Чиймелер (схемалар) "ачык", "жабык" деген сыяктуу керектүү сөздөрдөн тышкары, кандайдыр бир жазууларды камтыбашы керек.
65. Чиймедеги сүрөттөлүш, эреже катары тик бурчтуу (ортогоналдык) проекцияда (ар кандай түрдө, кесиндилерде жана кыйыктарда) көрсөтүлүүгө тийиш. Көрсөтмөлүүлүк үчүн аны аксомомегриялык проекцияда көрсөтүүгө жол берилет. Чиймедеги ар бир элемент элементтин так сүрөттөлүшү үчүн пропорциялардын ар түрдүүлүгү керек болгон учурдан тышкары, башка бардык элементтерге пропорционалдуу аткарылат.
66. Чийменин бир барагында бир нече фигура жайгаштырылышы мүмкүн, мында алар бири-биринен так чектелиши керек. Эгерде эки же андан кеп барактарда жайгашкан фигуралар, бир фигураны түзсө, алар бул толук фигура ар түрдүү барактарда сүрөттөлгөн кайсы бир бөлүктөрүн калтырбастан топтолгомдой жайгаштырылат.
Өзүнчө фигуралар баракта же барактарда барактар максималдуу жыш болгондой, ал эми чийме барактын узун тарабынын вертикалдуу абалында окулгандай жайгаштырылат.
67. Ар бир чийме (схема) фигура катары, мисалы, 1-фиг., 2-фиг. ж.у.с. сыпаттаманын текстинде баяндоонун кезектүүлүгүнө ылайык, сүрөттөлүштүн түрүнө карабастан номерленет.
68. Жеңил өнөр жай буюмдарына таандык болгон өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө берүүдө, өтүнмөгө зарыл болгон учурда конфекциялык карта б.а. буюмду жасоо үчүн сунушталуучу текстиль, трикотаж материалдарынын, теринин, фурнитуралардын, жасалгалардын ж.у.с. үлгүлөрү тиркелет.
Жасалга материалдарынын, килемдердин, кездемелердин үлгүлөрү сүрөттүн рапортунун өлчөмүндө берилет.
69. Өтүнмөдө төмөнкүлөр камтылбоого тийиш: моралга жана коомдук тартипке каршы келген сүрөттөлүштөр, билдирмелер, чиймелер жама башка материалдар; продукцияга же технологиялык процесске, ошондой эле башка жактардын өтүнмөлөрүнө жана коргоо документтерине карама кемсинтүүчү пикирлер; өнөр жай үлгүсүнө даана таандык болбогон пикирлер же маалыматтар. Сыпаттаманын "Өнөр жай үлгүсүнүн аналогдору" бөлүгүндө келтирилген белгилүү өнөр жай үлгүлөрүнүн кемчиликтерин жөнөкөй көрсөтүү жол берилбеген элемент болуп саналбайт.
70. Өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасында жана аны түшүндүрүүчү материалдарда стандартташтырылган терминдер жана кыскартуулар, ал эми алар жок учурда - илимий жана техникалык адабияттарда жаппы кабыл алынгандар колдонулат.
Адабиятта кеңири колдонулбаган терминдерди жана белгилөөлөрдү колдонууда, алардын маанилери биринчи колдонуудагы текстте түшүндүрүлөт.
Бардык шарттуу белгилөөлөр чечмеленет.
Сыпаттамада терминологиянын бирдиктүүлүгү сакталат, б.а. бир эле белгилер сыпаттаманын текстинде бирдей аталат. Терминологиянын бирдиктүүлүгүнө талаптар физикалык бирдиктердин өлчөмдүүлүгүнө жана колдонулуучу шарттуу белгилөөлөргө да тиешелүү болот.
Физикалык чоңдуктар колдонуудагы Бирдиктердин эл аралык системасындагы бирдиктерде көрсөтүлөт.
6-глава. Өтүнмөнүн документтерин тариздөө
71. Документтердин бардык түрлөрү аларды көчүрмөлөрдүн чексиз санында түздөн-түз репродукциялоого мүмкүн болгондой таризделет.
Барактын аз бетине саптардын параллель жайгашуусу менен, ар бир барактын бир жак бети гана колдонулат.
Барактар бырышпаган же жыртылбаган болушу керек жана бүктөлбөөгө тийиш.
72. Өтүнмөнүн документтери бышык, ак, жылмакай жалтырабаган кагазга аткарылат.
Фото сүрөттөрдү жалтырабаган фотокагазда берүү керек.
73. Өтүнмөнүн ар бир документи өзүнчө баракта башталат. Барактар 210x297 мм форматта, талаалары төмөнкүдөй (мм) болот:
үстү - 20-40;
оң жагы жана асты - 20-30;
сол жагы - 25-40.
74. Өтүнмөнүн ар бир документинде экинчи жана андан кийинки барактарына араб цифралары менен, үстүнкү оң жак бурчунда жайгаштырылуучу номер коюлат.
75. Документтер кара түстөгү шрифттер менен басылат. Сыпаттаманын тексти баш тамгалары 2,1 мм кем эмес бийиктикте эки интервал аркылуу басылат.
Графикалык символдор, латынча аталыштар, латын жана грек тамгалары кара түстөгү сыя, паста же тушь менен жазылат.
76. Маалымат булактарынын библиографиялык маалыматтары ал боюнча маалымат булактары табылгыдай болуп көрсөтүлүшү керек.
7-глава. Кыргызпатент менен патент алуу боюнча иш жүргүзүү
77. Өтүнмө берүү, ал берилгенден кийин өтүнмө боюнча кат алышууну жүргүзүү жана өтүнмөнү кароодо башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн өтүнмө ээси ушул Эрежелердин 15-пунктуна ылайык таризделген ишеним катты берүү менен өкүлдү дайындоого укуктуу.
Чет өлкөлүк жеке же юридикалык жак болгон арыз ээсинин өкүлү - Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл гана болууга тийиш. Башка өтүнмө ээлери үчүн өкүл катары, атап айтканда өтүнмө ээлеринин бири, эгерде алар бир нече болсо - өнөр жай үлгүсүнүн автору, патенттик ишенимдүү өкүл же башка жак көрсөтүлөт.
Өкүлчүлүккө ишеним кат (же ишеним каттын көчүрмөсү) Кыргызпатентке аны берүү үчүн өкүл дайындалуучу документ менен бирге же бул документ берилгенден кийин эки айлык мөөнөттүн ичинде берилет.
Ишеним кат өтүнмөгө тиркелет.
Ишеним кат берилгенге чейин өкүл тарабынан жасалуучу иш-аракеттер жараксыз деп эсептелет жана эске алынбайт.
Өкүлдүн ага ишеним катта ыйгарым укук берилген кандай болбосун иш-аракети же ага карата Кыргызпатенттин кандай болбосун иш-аракети өтүнмө ээсинин же өтүнмө ээсине карата иш-аракеттердин ошол эле натыйжасына ээ болот.
Өкүлчүлүк ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар, алардын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин же ыйгарым укуктардын токтотулгандыгы жөнүндө Кыргызпатентке билдирилгенге чейин жарактуу болот.
Өкүлдү дайындоо өтүнмө ээси же анын укук улантуучусу тарабынан Кыргызпатентке жазуу жүзүндө арыз берүү жолу менен жокко чыгарылат.
78. Кат алышуулар өтүнмө ээси же анын буга ыйгарым укук берилген өкүлү тарабынан ар бир өтүнмө боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
Өтүнмө берилгенден кийип жөнөтүлгөн материалдар анын номерин жана өтүнмө ээсинин же анын өкүлүнүн кол тамгасын камтууга тийиш.
Эгерде номерди кыйыр түрдө аныктоого мүмкүн болбосо, өтүнмөнүн номерин камтыбаган материалдар кароосуз кайтарылат.
Өтүнмө боюнча өндүрүштүн процессинде жөнөтүлүүчү материалдар "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттө берилет. Эгерде мөөнөт "...ичинде" деген сөз айкашы менен көрсөтүлсө жана мөөнөттүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туура келсе, мөөнөт аяктаган күн болуп андан кийинки жумуш күн эсептелет. Эгерде мөөнөттүн аякташы тиешелүү число жок айга туура келсе, мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө бүтөт.
Эгерде өтүнмө боюнча кат алышууну өтүнмө ээсинин өкүлү жүзөгө ашырса, Кыргызпатенттин кат-кабарлары менен байланышкан материалдарды берүү мөөнөтү өтүнмө ээси бул кат-кабарды жиберген датадан тартып эсептелет.
Кыргызпатентте иш кагаздары мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде жүргүзүлөт.
Өтүнмө ээси тарабынан башка тилде берилүүчү материалдарга алардын мамлекеттик жана/же расмий тилдердеги котормосу тиркелүүгө тийиш. Материалдар, алардын котормолору башка тилдеги материалдар келип түшкөн күндөн тартып 3 айдын ичинде келип түшкөн шартта, алар Кыргызпатентке берилген датада берилди деп эсептелет, андай болбосо материалдар алардын котормосу келип түшкөн датада берилди деп эсептелет.
Башка тилде берилген материалдар котормолору берилгенге чейин келип түшкөн жок деп эсептелет.
79. Өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча ал тарабынан өтүнмөнүн материалдарын оңдоо жана тактоо өтүнмө берилген датадан тартып эки айдын ичинде мүмкүн.
Өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалына оңдоолорду жана/же тактоолорду киргизүү маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү баскычында, бирок оңдоолор жана/же тактоолор менен кошо алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ берилген шартта мүмкүн, ал берилбеген учурда өтүнмөнү кароодо өзгөртүүлөр эске алынбайт.
Өтүнмөнүн документтерин оңдоо жана тактоо алмаштыруучу барактарды жана сүрөттөлүштөрдү берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Алмаштырылуучу барактар жана сүрөттөлүштөр өтүнмөнүн тиешелүү документинин ар бир нускасы үчүн берилет. Алмаштырылуучу барактар мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде же документтин мамлекеттик же расмий тилдерге котормосу менен берилет жана ушул Эрежелердин 69-70-пункттарынын талаптарын канааттандырууга тийиш.
Эгерде оңдоолор басмадан кеткен каталарга, стилистикалык каталарга, библиографиялык маалыматтарды көрсөтүүдөгү каталарга ж.у.с. тиешелүү болсо, документти оңдоо репродукциялоодо тактыкка карата терс кесепеттерге алып келбейт, оңдоолорду киргизүү зарылдыгы алмаштыруучу барактарды берүүсүз өтүнмө ээсинин катында билдирилиши мүмкүн.
80. Эгерде өтүнмөнү бергенден кийин өтүнмө ээси өзүнүн патент алууга укугун башка жакка берсе, Кыргызпатентке башка жакка укукту өткөрүп берүүгө көрсөтмөнү, арызда көрсөтүлгөн жактын макулдугун жана ал жөнүндө маалыматты камтыган арыз берилет.
Арызга патент алууга укугун өткөрүп берген өтүнмө ээси жана бул укукка ээ болгон жак кол коёт.
Арызга алым төлөнгөндүгү тууралуу документ тиркелет.
Ушул Эрежелердин 13-пунктунда каралган талаптар сакталганда өтүнмө ээсине жана анын укук улантуучусуна өтүнмөнүн материалдарына өтүнмө ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө жазуу киргизилгени тууралуу кабарланат.
Өтүнмөгө укук өткөн дата болуп өтүнмөнүн материалдарына өтүнмө ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө жазуу киргизилгени тууралуу кабарлама өтүнмө ээсине жана анын укук улантуучусуна жиберилген дата эсептелет.
Белгиленген талаптар сакталбаган учурда өтүнмө ээсине жана анын укук улантуучусуна берилген документтерди оңдоонун жана/же тактоонун зарылдыгы жөнүндө же тиешелүү жүйөлөрдү келтирүү менен өтүнмөнүн материалдарына өтүнмө ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө жазууну киргизүү мүмкүн эместиги тууралуу кабарланат.
Өтүнмө ээсинин каалоосу боюнча патент алууга укугун башка жакка өткөрүп берүү патент алууга укугун өткөрүп берүү жөнүндө келишимди Кыргызпатентте каттоо менен таризделет. Мында арыз менен кошо тиешелүү алым төлөнгөндүгү тууралуу документ берилет.
Өтүнмө ээлеринин курамы өзгөргөндө, атап айтканда алардын саны азайганда же көбөйгөндө ал өзгөрүүгө өтүнүч кат берилет. Өтүнүч катка алым төлөнгөндүгү тууралуу документ тиркелет.
81. Өтүнмө ээси (өтүнмө ээсинин өкүлү) ал тарабынан берилген өтүнмө жана ага тийиштүү болгон документтер менен түздөн-түз Кыргызпатетте алдын ала таанышуу датасын жана убактысын макулдашуу аркылуу, ошондой эле өтүнмөнүн, ага тийиштүү документтердин же алардын бөлүктөрүнүн көчүрмөсүн суроо аркылуу таанышууга укуктуу.
82. Өтүнмө ээси экспертизанын чечиминде көрсөтүлгөн бардык материалдар менен таанышууга укуктуу.
Өтүнмө ээси сураган патенттик материалдардын көчүрмөлөрүн Кыргызпатент өтүнмө ээсинин суроо-талабын алган күндөн тартып бир айдын ичинде жиберет.
83. Өтүнмө ээсинин катышуусу менен өтүнмөгө байланышкан маселелерди кароо Кыргызпатенттин сунушу же өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Экспертизанын маселелери суроо-талапта берилиши мүмкүн.
Суроо-талапка жооп өтүнмө ээси өтүнмөнү кароого катышууга болгон ниетине карабастан, "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттө өтүнмө ээси тарабынан берилет.
Өтүнмөнү кароо датасы жана убактысы алдын ала макулдашылат. Жагдайлар өзгөргөн учурда белгиленген убакытта өтүнмөнү кароого катышууга мүмкүнчүлүгү жок болгон тарап бул жөнүндө экинчи тарапка дароо билдирет.
Эгерде Кыргызпатент же өтүнмө ээси өтүнмөнү бирге кароону эртерээк же максатка ылайыксыз дем эсептесе, Кыргызпатенттин сунушу же өтүнмө ээсинин өтүнүчү тиешелүү жүйөлөрдү келтирүү менен четке кагылышы мүмкүн.
Өтүнмө ээси алдын ала макулдашуусуз Кыргызпатентке келген учурда, өтүнмө анын катышуусу менен каралат.
Өтүнмөнү кароого ушул Эрежелердин 15 жана 77-пункттарынын шарттары сакталганда, өтүнмө ээсинин өкүлү катыша алат.
Жалгыз өтүнмө ээси болуп эсептелбеген жак башка өтүнмө ээлери жок кезде өкүлчүлүккө ишеним каты болгондо гана өтүнмөнү кароого катыша алат.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча тараптар келтирген жүйөлөрдү жана сунуштарды жана андан ары иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө тыянактарды камтыган протокол түзүлөт.
Талкууланган маселелер боюнча макулдук болбогондо протоколго кароонун катышуучуларынын өзгөчө пикирлери жазылат.
Протоколго кароонун катышуучулары кол коёт жана өтүнмөнүн материалдарына кошуп тиркелет.
84. Өтүнмө ээси тарабынан суралган материалдарды берүү мөөнөтү тиешелүү өтүнүч кат берилген учурда узартылат.
Өтүнүч кат менен бирге мөөнөттү узарткандыгы үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн ырастагам документ берилет. Эгерде мындай документ берилбесе, өтүнүч кат берилген жок деп эсептелет, ал жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
Мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кат суроо-талап жиберилген датадан тартып 3 айдын ичинде берилет.
Суралган материалдарды берүү мөөнөтү узартылгандыгы жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
Суралган материалдарды берүү мөөнөтү сакталбаганда берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат канааттандырылбайт жана өтүнмө чакыртып алынды деп таанылат.
85. Өтүнмө ээси тарабынан өткөрүлүп жиберилген төмөнкүдөй мөөнөттөр калыбына келтирилет:
1) формалдуу экспертиза жүргүзүү баскычында суроо-талап боюнча оңдолгон же жетишпеген документти берүүнүн мөөнөтү;
2) өнөр жай үлгүсүнүн бирдиктүүлүк талабынын бузулушу жөнүндө кабарлоого жооп берүүнүн мөөнөтү;
3) маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү баскычында суроо-талап боюнча кошумча материалдарды берүүнүн мөөнөтү;
4) формалдуу экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршы пикир берүүнүн мөөнөтү;
5) маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршы пикир берүүнүн мөөнөтү.
86. Өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси тарабынан мөөнөтү өткөн күндөн тартып 6 айдан кеч эмес берилет.
87. Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө тиешелүү алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ берилет, ал берилбеген учурда өтүнүч кат берилген жок деп таанылып, ал жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
88. Өткөрүлгөн мөөнөт калыбына келтирилгени жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
89. Эгерде ушул Эрежелердин 86-87-пункттарында көрсөтүлгөн талаптардын бири эле сакталбагандыгы аныкталса, өтүнүч кат канааттандырылбайт, ал жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
8-глава. Кыргызпатентте өтүнмөнү кароо
90. Кыргызпатентке түшкөн өтүнмөнүн материалдарына кириш номери ыйгарылат жана алар келип түшкөн дата белгиленет.
Өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө кириш номерин, өтүнмө келип түшкөн датаны жана кабыл алынган документтердин барактарынын санын көрсөтүү менен өтүнмөнүн материалдары кабыл алынганы жөнүндө тил кат берилет.
Өтүнмөнү кароо формалдуу экспертизаны жана маңызы боюнча экспертизаны камтыйт.
91. Кыргызпатентке өтүнмө келип түшкөн учурдан тартып ал жөнүндө маалыматтар өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыяланганга чейин жашыруун болуп саналат жана мыйзамсыз ачыкка чыгарууга болбойт.
92. Формалдуу экспертиза өтүнмө Кыргызпатентке берилген датадан тартып: 2 айдын ичинде жүргүзүлөт.
93. Өтүнмөгө формалдуу экспертиза жүргүзүүдө төмөнкүлөр текшерилет:
1) ушул Эрежелердин 13-пунктунда аныкталган зарыл документтердин курамы;
2) ушул Эрежелердин 23-24 жана 71-76-пункттарынын талаптарына ылайык алардын туура таризделиши;
3) алым төлөнгөнү жөнүндө документтин болушу жана ушул Эрежелердин 14-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келиши;
4) "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган учурларда өтүнмө берүү эрежелеринин сакталышы, анын ичинен патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн ишеним каттын болушу жана туура таризделиши;
5) өтүнмө берилген чечимдин ушул Эрежелердин 3 жана 4-пункттарында каралган өнөр жай үлгүсү катары укуктук коргоо берилүүчү объекттерге ылайык келиши;
6) өтүнмө ээси тарабынан жүзөгө ашырылган ӨҮЭК боюнча өнөр жай үлгүсүн классификациялоонун тууралыгы (же эгер өтүнмө ээси тарабынан жасалбаса, ушундай классификациялоо жүргүзүлөт);
7) "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык өнөр жай үлгүсүмүн артыкчылыгын белгилөө шарттары;
8) өнөр жай үлгүсүнүн бирдиктүүлүк талаптарынын сакталышы (ушул Эрежелердин 5-пункту);
9) эгерде документтер башка тилде берилсе, документтердин мамлекеттик же расмий тилдердеги котормосунун болушу;
10) өтүнмөнү патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу эмес, чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар тарабынан берүүнүн, ошондой эле өтүнмөнү эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара принцибинин негизинде берүүнүн укук ченемдүүлүгү;
11) ушул Эрежелердин башка талаптарын сактоо.
94. Өтүнмөгө формалдуу экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө өтүнмө берилген дата белгиленет. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык арызды жана өнөр жай үлгүсү жөнүндө так жана толук элестетип көрсөткөн буюмдун сүрөттөрүнүн топтомун камтыган өтүнмө Кыргызпатентке келип түшкөн дата өтүнмө берилген дата болуп эсептелет.
Аталган документтер бир убакта берилбеген учурда өтүнмө берилген дата болуп алардын акыркысы келип түшкөн дата эсептелет.
Эгерде алгач келип түшкөн документтер ушул Эрежелердин 3-пунктунун талаптарын канааттандырбаса, өтүнмө ээсине суроо-талап жөнөтүлгөн датадан тартып үч айлык мөөнөттө оңдолгон же жетишпеген материалдарды берүү сунушу менен суроо-талап жөнөтүлөт.
Өтүнмө ээси суроо-талапты алган күндөн тартып 3 ай өткөнгө чейин өтүнмөнүн белгиленген кемчиликтерин четтетүүчү кошумча материалдар келип түшкөн учурда өтүнмө берилгем дата катары ушул Эрежелердин 3-5-пункттарынын талаптары аткарылган дата белгиленет.
Көрсөтүлгөн мөөнөттө суралган материалдар же көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кат берилбегенде өтүнмө чакыртып алынды деп таанылат. Бул мөөнөт алым төлөнгөн шартта, бирок 12 айдан көп эмес узартылат.
Өтүнмө ээсине өтүнмө чакыртып алынды деп таанылгандыгы жөнүндө кабарлоо жиберилет.
95. Эгерде өтүнмөгө формалдуу экспертиза жүргүзүү процессинде өтүнмө документтерди тариздөөгө талаптарды бузуу менен берилгени аныкталса, анда "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасымын Мыйзамынын 36-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган жоболор колдонулат.
96. Артыкчылык датасын белгилөө үчүн зарыл болгон документ жок болгом учурда суроо-талам кечиктирбестен жиберилет.
97. Суроо-талап үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өтүнмөдө ушул Эрежелердин 13-пунктунда каралган документтердин бири гана жок болсо;
2) артыкчылык датасын белгилөө үчүн өтүнмөдө зарыл болгон документтердин бири гана жок болсо: өтүнмө ээсин, буюмдун сүрөттөлүшүнүн комплектин (макетин) көрсөтүү менен өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө арыздын;
3) эгерде документтер башка тилде берилсе, документтердин мамлекеттик же расмий тилге котормосумун жоктугу;
4) эгерде өтүнмө патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилсе, өкүлчүлүктө ишеним каттын жоктугу жана/же аны тариздөө талаптарынын бузулушу;
5) өтүнмөнүн Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу эмес чет өлкөлүк жеке жактар же чет өлкөлүк юридикалык жактар тарабынан берилиши, эгерде Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде өтүнмөнү мындай берүү каралган тартип белгиленбесе;
6) патент берүү жөнүндө арызда талап кылынган маалыматтардын, колтамгалардын, мөөрдүн оттискинин (зарыл болгон учурда) же ушул Эрежелерде каралган башка реквизиттердин жоктугу;
7) өтүнмө берүү үчүн алым төлөнгөнүн ырастаган документтин же көрсөтүлгөн алымды төлөөдөн бошотуу же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздердин болушун ырастаган документтин жоктугу;
8) алымдын туура төлөнгөндүгүнө байланышкан маселелерди аныктоо зарылчылыгы. Эгерде төлөнгөн алымдын суммасы өнөр жай үлгүлөрүнүн санына шайкеш келбегендиги аныкталса, өтүнмө ээсине өнөр жай үлгүсүнүн варианттарын камтыган өтүнмө боюнча белгиленген мөөнөттө алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилбеген учурда, эгер ал белгиленген мөөнөттө өз тандоосу жөнүндө кабарлабаса, алардын ичинен өтүнмө ээси тарабынан тандалып алынган же сыпаттамада биринчи болуп көрсөтүлгөндөргө карата экспертиза жүргүзүлө тургандыгы кабарланат;
9) документтерди тариздөөдө, патент берүүдө аларды жарыялоого, сактоого тоскоолдук кылуучу жана (же) аларды кызыкдар болгон жактар менен тааныштырууга мүмкүндүк бербөөчү кемчиликтер аныкталса (барактын форматына, сүрөттөлүштөргө, талаалардын өлчөмүнө ж.у.с., талаптардын бузулушу, өтүнмөнүн материалдарын окууну кыйындатуучу басманын сапаты ж.у.с.);
10) арызда келтирилген өнөр жай үлгүсүнүн аталышынын сыпаттамада келтирилген аталышка шайкеш келбеши;
11) өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын талдоосуз аныкталган өтүнмөнүн документтерине карата ушул Эрежелердин талаптарын бузуулардын болушу.
98. Жетишпеген жана оңдолгон материалдарга суроо-талап өтүнмөнүн жана анын документтеринин кемчиликтерин четтетүү үчүн бул канча жолу зарыл болсо, ошончо жолу өтүнмө ээсине жиберилет.
99. Суроо-талапка ылайык киргизилген оңдоолор менен катар, ошондой эле өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча оңдоолорду камтыган өтүнмө ээси тарабынан оңдолгон документ ушул Эрежелердин 103-115-пункттарынын шарттарын сактоо менен берилет.
Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө суралган материалдарды же аларды берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч катты ушул Эрежелердин 83-пунктунда каралган шарттарды сактоо менен бербесе, өтүнмө чакыртып алынды деп таанылат. Мындай учурда өтүнмө боюнча иш кагаздарын жүргүзүү токтотулат жана өтүнмөнүн материалдары Кыргызпатенттин архивине өткөрүп берилет.
100. Эгерде өтүнмөгө формалдуу экспертиза жүргүзүү процессинде өтүнмө берилген чечим белгиленген тартипте жашыруун деп таанылса, анда өнөр жай үлгүсүн укуктук коргоо "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат, ал жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
101. Эгерде өтүнмөгө формалдуу экспертиза жүргүзүүнүн натыйжасында ал "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык өнөр жай үлгүсү катары корголуучу объекттерге кирбеген сунушка таризделгени аныкталса, анда патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде өтүнмө ээсинин келтирилген жүйөлөр менен макул болбогон учурда, чечимди жөнөткөн датадан тартып 3 айдын ичинде Кыргызпатенттин апелляциялык кеңешине (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) каршы пикир берүүгө укугу жөнүндө кошумча билдирилет.
Каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан тиешелүү алымды төлөө менен ал келип түшкөн датадан тартып 3 айлык мөөнөттө каралууга тийиш.
Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбогондо, ал жиберилген датадан тартып 3 айдын ичинде сотко доо арыз менен кайрыла алат.
102. Эгерде өтүнмө ушул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделген бардык зарыл болгон документтерди камтыса жана өтүнмө берилген сунуш өнөр жай үлгүсү катары корголуучу объекттерге кирсе, өтүнмө ээсине өтүнмө берилген датаны көрсөтүү менен өтүнмөнүн кароого кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлоо жиберилет.
9-глава. Өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү
103. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү формалдуу экспертиза аяктаган датадан тартып 5 айдын ичинде жүргүзүлөт.
104. Өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кыргызпатент төмөнкүлөрдү текшерет:
1) өтүнмө ээси тарабынан ушул Эрежелердин 26-76-пункттарында каралган өтүнмөнүн документтеринин мазмунуна карата коюлган талаптардын сакталышы;
2) өтүнмө ээси тарабынан жүзөгө ашырылган ӨҮЭК боюнча өнөр жай үлгүсүн классификациялоонун тууралыгы (же эгерде өтүнмө ээси тарабынан жүргүзүлбөсө, мындай классификациялоо жүргүзүлөт);
3) "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын белгилөөнүн шарттары;
4) өнөр жай үлгүсүнүн бирдиктүүлүк талаптарынын сакталышы (ушул Эрежелердин 5-пункту);
5) эгерде кошумча материалдар берилсе алар өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөртпөйбү жана ушул Эрежелердин 103-115-пункттарына ылайык аларды берүүнүн белгиленген тартиби сакталдыбы;
6) өтүнмө ээси тарабынан сунушталган өтүнмөнүн баштапкы материалдардагы же өтүнмөнү кароодо эске алынган кошумча материалдардагы өнөр жай үлгүсүнүн сүрөттөлүшүндө мүнөздөлгөн, өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин талаптарынын көлөмүндө жаңычылдык жана оригиналдуулук шарттарына шайкеш келиши;
7) белгиленген алымдардын туура төлөнүшү.
105. Жаңычылдыгын белгилөөдө буюмдун сырткы көрүнүшүнүн эстетикалык өзгөчөлүктөрүн аныктоочу маанилүү белгилеринин жыйындысы, атап айтканда формасы, конфигурациясы, орнаменти, түстөрүнүн, сызыктарынын айкалышы, буюмдун контурлары, буюмдун материалынын текстуралары же фактуралары артыкчылык алган датага чейин дүйнө жүзүндө жалпыга жеткиликтүү болуп калган маалыматтардан белгилүү эмес экендиги текшерилет.
106. Техниканын деңгээлин аныктоодо кандай болбосун жак өзү тааныша алгандай маалымат булагында камтылган же анын мазмуну тууралуу ага мыйзамдуу түрдө кабарланган маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болуп эсептелет.
107. Маалымат булагында камтылган маалыматтарды жалпыга белгилүүлөргө киргизүү мүмкүнчүлүгүн аныктаган дата болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) коргоо документтерине карата жарыяланган сыпаттамалар үчүн - аларда көрсөтүлгөн жарыяланган дата;
2) басылмалар үчүн - аларда көрсөтүлгөн басып чыгарууга кол коюлган дата;
3) басып чыгарууга кол коюлган дата көрсөтүлбөгөн басылмалар үчүн - жарыкка чыгарылган дата, ал эми аны аныктоо мүмкүн болбосо - айдын акыркы күнү же басылмада көрсөтүлгөн жылдын 31-декабры, эгерде жарыкка чыккан мезгили айга же жылга гана ылайык аныкталса;
4) макалалардын, баяндамалардын, монографиялардын жана башка материалдардын кол жазмаларын депонирлөө үчүн - алар депонирленген дата;
5) илимий-изилдөө иштери жөнүндө отчеттор, тажрыйба-конструктордук иштерге карата түшүндүрмө каттар жана илимий-техникалык маалымат органдарындагы башка конструктордук, технологиялык жана долбоордук документтер үчүн - алар ушул органга келип түшкөн дата;
6) ченемдик-техникалык документтер үчүн - буга ыйгарым укук берилген органда ал катталган дата;
7) кол жазма укугунда чыгарылган диссертациялардын материалдары жана диссертациялардын авторефераттары үчүн - алар китепканага келип түшкөн дата;
8) сынакка кабыл алынган иштер үчүн - сынакты өткөрүүгө тийиштүү документтер менен ырасталган таанышуу үчүн алар жарыяланган дата;
9) визуалдуу кабылдануучу маалымат булактары үчүн (плакаттар, моделдер, буюмдар ж.у.с.) - аларды көрүү мүмкүн болгон документ түрүндө ырасталган дата;
10) көргөзмөгө жайгаштырылган экспонаттар үчүн - аларды көрсөтүүнүн башталышын документ түрүндө ырастаган дата;
11) телекөрсөтүү, кино боюнча билдирүүлөр үчүн - ушундай билдирүүнүн датасы, эгерде ал белгиленген тартипте көрсөтүлгөн датада колдонулуучу тиешелүү маалымат сактагычта белгиленсе;
12) пайдалануунун натыйжасында белгилүү болгон буюм жөнүндө маалымат үчүн - бул маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болгон документ түрүндө ырасталган дата;
13) электрондук түрдө алынган маалыматтар үчүн (Интернет маалыматтык-телекоммуникация тармагынан же оптикалык дисктерден (мындан ары - электрондук чөйрө) онлайн режимде кирүү аркылуу) - көрсөтүлгөн электрондук чөйрөнүн жардамы менен жеткиликтүү болгон документтер жарыяланган дата, эгерде аларга дата коюлса жана документтик түрдө ырасталса, же эгерде бул дата жок болсо - аны документтик түрдө ырастоо шартында бул электрондук чөйрөгө маалыматтар жайгаштырылган дата.
108. Өнөр жай үлгүсүнүн жаңычылдыгын белгилөөдө кыйла мурдараак артыкчылык датасы менен өтүнмөлөр, ошондой эле патенттелген өнөр жай үлгүлөрү төмөнкү шарттарды сактоодо эске алынат:
1) Кыргыз Республикасында патенттелген, б.а. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестринде катталган өнөр жай үлгүлөрү (Кыргыз Республикасында патенттелген өнөр жай үлгүлөрү алардын жарыяланган сүрөттөлүшүңө карата алардын артыкчылык алган датасынан тартып эске алынат);
2) өтүнмө Кыргыз Республикасында берилген (Кыргыз Республикасында берилген өтүнмөлөргө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында патенттерди берүү жөнүндө өтүнүч кат берилген өнөр жай үлгүсүнө СССРдин күбөлүктөрүн жана патенттерин берүүгө өтүнмө да теңештирилет);
3) мындай өтүнмөлөр чакыртып алынбаган, чакыртып алынган деп эсептелбеген жана таанылбаган шарттарда башка жактар тарабынан Кыргыз Республикасында берилген кыйла мурдараак артыкчылык менен ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге, өнөр жай үлгүлөрүнө, товардык белгилерине, тейлөө белгилерине өтүнмөлөр;
4) Кыргыз Республикасында катталган жама берилген өнөр жай үлгүлөрү боюнча коргоо документтеринин фонду;
5) КМШ өлкөлөрүңдө катталган жана алардын маалымат базаларында жарыяланган өнөр жай үлгүлөрү;
6) Гаага макулдашуусунун жол-жоболоруна ылайык корголуучу жана ИМБДУнун Эл аралык бюросунун расмий басылмаларында жарыяланган өнөр жай үлгүлөрү;
7) евразия өтүнмөлөрү жана өнөр жай үлгүлөрүнө патенттер жарыяланган.
Өтүнмө бул өтүнмөдө камтылган сүрөттөлүштөргө жана сыпаттамаларга карата арыз, сүрөттөлүш жана сыпаттама келип түшкөн датага карата эске алынат. Эгерде бул дата каралып жаткан өтүнмөнүн артыкчылык алган датасынан кыйла кеч болсо, анда кыйла мурдараак артыкчылык менен өтүнмө анын артыкчылыкты белгилөө үчүн негиз болгом материалдардын мазмунума дал келүүчү мазмуну боюнча маалымат булактарынын ичине киргизилет (биринчи өтүнмө, мурдараак берилген өтүнмө, мурдараак берилген өтүнмөгө кошумча материалдар).
109. Каралып жаткан өнөр жай үлгүсү жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат булактары болуп кыйла мурдараак артыкчылык менен өтүнмө саналган учурда бул өтүнмө чакыртып алынбаганына ынануу керек.
Эгерде өтүнмө кайра чакыртып алынбаса жана анын чакыртып алуу мөөнөтү өтпөсө, каралып жаткан өнөр жай үлгүсүнүн өтүнмө ээсине мындай өтүнмөнүн (өтүнмө ээсин көрсөтпөстөн жана анын мазмунун ачыктабастан) бар экендиги жөнүндө жана кыйла мурдараак артыкчылык менен өтүнмө боюнча белгилүүлүк болгонго чейин анын өтүнмөсүн кароону кийинкиге калтыруу мүмкүндүгү тууралуу билдирилет.
Өтүнмөнү кароону кийинкиге калтырууга өтүнмө ээси макул болбогондо өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн жаңычылдык шартына ылайык келбегендиги белгиленет.
110. Өнөр жай үлгүсүнүн жаңычылдыгы жок экендиги белгиленгенде өтүнмө ээсине экспертизанын тиешелүү жүйөлөрүн баяндоо жана бул жүйөлөргө карата өзүнүн пикирин жана зарыл болгондо өтүнмөнүн биринчи материалдарынын негизинде оңдолгон өнөр жай үлгүлөрүнүн сүрөттөлүшүн берүүнү сунуштоо менен суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн.
111. Жаңычылдык шартына ылайык келбегендиги белгиленген өнөр жай үлгүсүнө карата оригиналдуулугун текшерүү жүргүзүлбөйт.
112. Маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүнүн баскычында оригиналдуулукту текшерүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ушул Эрежелердин 42-пунктуна ылайык кыйла жакын аналогун аныктоону;
2) өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүн кыйла жакын аналогунан айырмалап турган маанилүү белгилерин (айырмалоочу белгилер) табууну;
3) фонд боюнча Кыргыз Республикасынын коргоо документтеринин артыкчылык алган датасына чейин берилген, каралып жаткан өнөр жай үлгүсүнүн айырмалоочу белгилери менен шайкеш келүүчү белгилери бар көркөм-конструктордук чечимдерди табууну;
4) өтүнмө берилген датага чейин, ал эми эгерде артыкчылык суралса - өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылык датасына чейин, буюмдун сырткы көрүнүшүнүн сүрөттөлүшүндө чагылдыруу тапкан өнөр жай үлгүсү калтыргандай эле жалпы таасир калтыруучу окшош багыттагы буюмдун сырткы көрүнүшүнүн чечими белгисиз болсо, дүйнө жүзүндө жалпыга жеткиликтүү болгон маалыматтардан табууну. Жалпыга жеткиликтүүлүк ушул эрежелердин 106-107-пункттары менен аныкталат.
113. Эгерде маанилүү белгилери буюмдун өзгөчөлүктөрүнүн чыгармачыл мүнөзүн шарттаса, өнөр жай үлгүсү оригиналдуу деп таанылат.
Буюм автордун өз алдынча чыгармачыл иши жөнүндө күбөлөндүрүүчү ошол тармактагы белгилүү иштеп чыгуулар менен күтүүсүздөн буюмдун образын түшүндүрүүнүн өзүнчөлүгү менен мүнөздөлүүгө тийиш.
Өнөр жай үлгүсү эгерде анын маанилүү айырмалоочу белгилеринин жок дегенде бири үчүн ушундай белги таандык болгон көркөм-конструктордук чечимдер табылбаса, оригиналдуулук шарттарына ылайык келет деп таанылат.
Өнөр жай үлгүсү ошондой эле анын бардык маанилүү айырмалануучу белгилери үчүн ушундай белгилерге ээ көркөм-конструктордук чечимдер табылган, бирок бул белгилер каралып жаткан өнөр жай үлгүсүндө табылган көркөм-конструктордук чечимдерге таандык болбогон эстетикалык өзгөчөлүктөрдүн болушун камсыз кылган учурда, оригиналдуулук шартына ылайык келет деп таанылат.
114. Төмөнкүдөй учурларда өнөр жай үлгүсү оригиналдуулук шартына ылайык келбейт деп таанылат:
1) жакын аналогунан ал (алар) үчүн ошол буюмдун өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн эстетикалык өзгөчөлүктөрүнө анын таасири ырасталбаган белгиси (белгилери) менен гана айырмаланса;
2) белгилүүсү менен салыштырмалуу анын өлчөмү гана өзгөртүлгөн, буюмдун элементтеринин саны көбөйтүлгөн же түсү өзгөртүлгөн (бирок колористтик чечими эмес);
3) өзүнчө алынган жөнөкөй геометриялык көлөмдөгү (призмалык, сфералык, конустук ж.у.с.) же өзүнчө алынган жөнөкөй геометриялык фигура түрүндө жасалган;
4) реалдуу объекттин кичирейтилген же чоңойтулган көчүрмөсү болуп эсептелинген (жөнөкөйлөштүрүлгөн, ошондой эле масштабы сакталгандар) (мисалы, оюнчук, сувенир);
5) белгилүү бир багыттагы буюмдарга мүнөздүү форманы кайталаган, бирок башка техникалык негизде жасалган (мисалы, салттуу түрдө жыгачтан жасалуучу буюмду имитациялоочу полимердик материалдан жасалган буюм);
6) сырткы көрүнүшү белгилүү объекттерден окшоштурулуп алынган, окшош сырткы көрүнүш берилген ар түрдүү багыттагы кеминде эки объект белгилүү болгондо;
7) сырткы көрүнүшү өзгөртүлбөстөн, өз-өзүнчө белгилүү болгон буюмдардан түзүлгөн топтомдо (комплектте) жасалган.
115. Өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн оригиналдуулугу жок экендиги аныкталган учурда, өтүнмө ээсине тийиштүү жүйөлөрдү баяндоо жана ушул жүйөлөргө карата өз пикирин жана зарыл болгон учурда өтүнмөнүн баштапкы материалдарынын негизинде оңдолгон өнөр жай үлгүсүнүн сүрөттөлүшүн берүүнү сунуштоо менен суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн.
116. Өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгы төмөнкүлөр боюнча белгиленет:
1) "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын канааттандыруучу өтүнмө Кыргызпатентке берилген дата боюнча;
2) Париж конвенциясына катышууну мамлекетте биринчи өтүнмө берилген дата боюнча;
3) мурун берилген өтүнмөгө кошумча материалдар берилген дата боюнча;
4) ошол эле өтүнмө ээсинин кыйла мурдараак өтүнмө берген датасы боюнча;
5) бөлүнгөн өтүнмө боюнча;
6) мурун берилген бир нече өтүнмөмүн негизинде.
117. Өтүнмө ээси тарабынан суралган артыкчылыкты ырастоочу зарыл болгон документтер берилүүгө жана аларды берүүнүн зарыл болгон талаптары сакталууга тийиш.
118. Эгерде өтүнмө боюнча Кыргызпатентке өтүнмө берилген датага караганда кыйла мурдараак артыкчылык суралбаса, артыкчылык өтүнмө берилген дата боюнча белгиленет.
119. Конвенциялык артыкчылыкты суроодо төмөнкүлөр текшерилет:
1) конвенциялык артыкчылыкты суроо үчүн өтүнмө ээси тарабынан "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн сакталышы (өтүнмө берүүдө же Кыргызпатентке өтүнмө берилген датадан тартып эки айдын ичинде);
2) берүү мөөнөтүнүн болушу жана сакталышы (өтүнмө берүү менен бир убакта же Кыргызпатентке биринчи өтүнмөнүн көчүрмөсү берилген датадан тартып 3 айдан кечиктирбестен). Эгерде биринчи өтүнмө бир нече болсо, көрсөтүлгөн шарттар ар бир өтүнмөнүн көчүрмөсүнө карата сакталууга тийиш;
3) өтүнмө ээси тарабынан өтүнмө Кыргызпатентке берилүүгө тийиш болгон биринчи өтүнмө берилген датадан тартып алты айлык мөөнөттүн сакталышы. Эгерде өтүнмө көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечирээк, бирок ал аяктаган датадан тартып эки ай өткөнгө чейин берилсе, тийиштүү алым төлөнгөн шартта өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн алты айлык мөөнөттө өтүнмөнү берүүгө тоскоолдук кылган, ага көз карандысыз жагдайлар аталгандыгы текшерилет жана эгерде мындай ырастоо жок болсо, аларды документтик түрдө ырастоо зарылдыгы белгиленет (көрсөтүлгөн мөөнөттөр ушул Эрежелердин 78-пунктунун төртүнчү абзацында белгиленген тартипте эсептелет);
4) биринчи өтүнмөдө билдирилген өнөр жай үлгүсүн ачуу.
120. Ошол эле өтүнмө ээсинин мурун берилген өтүнмөсүнө кошумча материалдар берилген дата боюнча өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын суроодо "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган талаптардын сакталышы текшерилет.
121. Бул өнөр жай үлгүсүн ачып көрсөтүүчү ошол эле өтүнмө ээсимин Кыргызпатентке кыйла мурдараак берилген өтүнмөсүнүн датасы боюнча өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын суроодо "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамымын 29-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган талаптардын аткарылышы текшерилет.
Аталган артыкчылыкты суроодо кыйла мурдараак берилген өтүнмө (же эгер алар бир нече болсо, бардык өтүнмөлөр) чакыртып алынды деп таанылат, бул тууралуу өтүнмө ээси кабарланат.
122. Ушул өнөр жай үлгүсүн ачып көрсөтүүчү баштапкы өтүнмө Кыргызпатентке берилген дата боюнча бөлүнгөн өтүнмө боюнча өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын суроодо "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 10-бөлүгүндө каралган талаптардын сакталышы текшерилет.
123. Өтүнмө ээси тарабынан бир нече артыкчылык суралган учурда, мындай артыкчылыктарды суроо үчүн өтүнмө ээси көрсөткөн негиздерге жараша ал тарабынан ушул Эрежелердин 119-122-пункттарында саналып өткөн тиешелүү шарттардын сакталышы белгиленет.
Ошентип эгерде бир нече биринчи өтүнмөлөрдүн негизинде өнөр жай үлгүсүнүн айрым варианттарына карата ар кандай датада берилген ар түрдүү конвенциялык артыкчылыктар суралса, анда ушул Эрежелердин 119-пунктунда көрсөтүлгөн талаптардын өтүнмө ээси тарабынан сакталгандыгын аныктоодо, бул биринчи өтүнмөлөрдүн көчүрмөлөрүнүн болушу, бул биринчи өтүнмөлөр берилген даталарга карата алты айлык мөөнөттүн сакталышы текшерилет. Өнөр жай үлгүсүнүн ар бир вариантын ачып көрсөтүү ошол биринчи өтүнмөгө карата аны берүү менен тийиштүү вариант боюнча артыкчылык суралган дата боюнча текшерилет.
Өтүнмө ээси тарабынан өнөр жай үлгүсүнүн варианттары боюнча суралуучу артыкчылыктардын даталары так жазылбаса, биринчи өтүнмөлөрдүн кайсынысында тийиштүү вариант ачылып берилгени аныкталат.
124. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнүн маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүдө өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын белгилөө шарттарынын сакталышы текшерилет.
125. Ушул Эрежелердин 120-122-пункттарына ылайык өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын белгилөө шарттарынын сакталышын текшерүүдө, анын негизинде артыкчылык суралган өтүнмө же ага ушундай суроо үчүн негиз болуп саналган кошумча материалдар берилген өтүнмө чакыртып алынбаганына же чакыртып алынды деп таанылбагандыгына ынануу керек.
Өтүнмө ээси тарабынан суралган артыкчылыкты белгилөө шарттары катарында көрсөтүлгөн мөөнөттүн сакталышын текшерүүдө ушул Эрежелердин 119-пунктун жетекчиликке алуу керек.
126. Өтүнмө ээси тарабынан артыкчылык суроо үчүн негиз болуп саналган мурда берилген материалдарда (мурун берилген өтүнмөдө, кошумча материалдарда) өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүн көрсөтүүгө байланышкан талаптардын сакталышын белгилөөдө артыкчылык суралган датага карата мурдараак берилген өтүнмөдө камтылган сүрөттөлүштөрдө же кошумча материалдарда камтылган сүрөттөлүштөрдө өтүнмө берилгем өнөр жай үлгүсүнүн жана каралып жаткан өтүнмөдө алгач берилген сүрөттөлүштөрдө чагылдырылгандардын бар экендиги текшерилет.
127. Эреже катары маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүгө тоскоолдук кылуучу жагдай болуп эсептелбеген артыкчылыкты белгилөөдө келип чыгуучу маселелерди өтүнмөнү кароого байланышкан башка маселелер менен бир убакта аныктоо максатка ылайыктуу.
128. Өтүнмө ээси тарабынан ушул Эрежелердин 119-122-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар сакталганда, өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнө карата суралган артыкчылык белгиленет.
Өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгы конвенциялык өтүнмөдөн бөлүнгөн өтүнмө боюнча суралган учурда, ушул Эрежелердин 122-пункту сакталганда, өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгы конвенциялык өтүнмөнүн артыкчылык датасы боюнча (Кыргызпатентке берилген дата боюнча эмес) белгиленет.
129. Өтүнмө ээси тарабынан ушул Эрежелердин 119-122-пункттарында көрсөтүлгөн талаптардын бири гана сакталбаган учурда өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгы (бул тууралуу өтүнмө ээсин алдын ала кабарландыруу менен) "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргызпатептке өтүнмө берилген дата боюнча белгиленет.
130. Артыкчылык белгиленгенден кийин өтүнмө ээси тарабынан өнөр жай үлгүсүнүн өзгөртүлгөн сүрөттөлүшү берилген учурда, суралуучу артыкчылыкты белгилөө үчүн негиздердин болушу кайра текшерилет.
131. Биринчи өтүнмө берилген өлкөдө же башка өлкөлөрдө патент берүүдөн баш тартуу, аны жокко чыгаруу же колдонулушун токтотуу конвенциялык артыкчылыкты белгилөөдөн баш тартуу үчүн негиз болбойт.
132. Өнөр жай үлгүсүнүн бирдиктүүлүк талаптарынын сакталышы баштапкы- берилген сүрөттөлүшкө карата текшерилет.
133. Эгерде өтүнмө ээси өнөр жай үлгүсүнүн бирдиктүүлүк талаптарынын бузулгандыгы жөнүндө Кыргызпатентке кабарлоо жөнөткөн датадан тартып 3 айдын ичинде өнөр жай үлгүлөрүнүн кайсынысын кароо зарыл экенин билдирбесе жана такталган документтерди бербесе, өтүнмөнүн материалдарында биринчи көрсөтүлгөн өнөр жай үлгүсү каралат.
Баштапкы өтүнмөнүн материалдарына кирген башка чечимдер бөлүнгөн өтүнмө түрүндө берилиши мүмкүн.
134. Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө бөлүнгөн өтүнмөнү берүү жөнүндө билдирбесе же өтүнмөдө көрсөтүлгөн өнөр жай үлгүлөрүнүн бирөөнү кароо менен чектелүүнү сунуштабаса, экспертиза сыпаттамада биринчи көрсөтүлгөн, төлөнгөн гана чечимге карата (же сыпаттамада биринчи көрсөтүлгөн өнөр жай үлгүсүнүн вариантына карата) жүргүзүлөт, бул тууралуу өтүнмө ээси кабарланат.
135. Эгерде өтүнмө маңызын талдоосуз эле алар өнөр жай үлгүсүнүн бирдиктүүлүк талаптарына ылайык келсе, башкача айтканда алар өнөр жай үлгүсүнүн варианттары болуп саналат деп белгилеген бир нече чечимдерди камтыса, анда алардын ар бирине карата экспертиза жүргүзүлөт. Чечимдердин кайсы бири патенттик жөндөмдүү объекттерге кирбегендиги аныкталган учурда, өтүнмө ээсине өтүнмөнүн материалдарын оңдоону сунуштоо менен суроо-талап жиберилет.
Суроо-талапка жоопто өтүнмө берилген өтүнмөнүн документтеринин сунушталган өзгөртүүлөрүнө өтүнмө ээси макул эмес болсо, ага патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим жиберилет.
136. Эгерде классификациялык индекс жок экендиги же индекс өтүнмө ээси тарабынан туура эмес тандалганы аныкталса, ӨҮЭКтин рубрикалары боюнча өтүнмө берилген өнөр жай үлгүлөрүн классификациялоо жүргүзүлөт.
Тигил же бул классификациялык индексти тандоо үчүн негиз болуп өнөр жай үлгүсүнүн аталышы, анын сүрөттөлүшү жана сыпаттамасы, ошондой эле чиймелери, конфекциялык картасы (эгерде ап өтүнмөдө камтылса) саналат.
137. Эгерде мындай материалдарсыз өтүнмөнүн маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү мүмкүн эмес болгон учурда, кошумча материалдарга суроо-талап өтүнмө ээсине жөнөтүлөт.
138. Суроо-талап үчүн негиз болуп төмөнкүдөй жагдайлар эсептелет:
1) өтүнмөнүн документтеринин бири-бирине шайкеш келбеши (сүрөттөлүшү өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасына шайкеш келбейт ж.у.с.);
2) өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасында ушул Эрежелерде каралган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жоктугу;
3) ушул Эрежелердин 42-пунктуна ылайык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн сүрөттөлүшүндө чагылдырылган маанилүү белгилеринин жыйындысын тактоонун зарылдыгы;
4) ушул Эрежелердин 110-пунктуна ылайык өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө байланышкан маселелерди чечүү зарылдыгы.
139. Башка мүнөздөгү маселелер, ошондой эле өтүнмөнү кароодо жана мисалы, артыкчылыкты белгилөөгө, ушул Эрежелердин 4-пунктунда каралган талаптарды аткарууга, өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин мүнөздөмөсүн тактоого байланыштуу келип чыгуучу сын пикирлер жана сунуштар ж.у.с. жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча жиберилүүчү суроо-талапка киргизилиши мүмкүн.
140. Суроо-талап өтүнмө ээсине өтүнмөнү карап чыгуу зарылдыгы болгон учурда жиберилет.
141. Өтүнмөнүн документтерин оңдоочу же тактоочу (башкача айтканда аларды мазмунуна киргизүүгө тийиш болгон) жана өтүнмө ээсинин демилгеси же экспертизанын суроо-талабы боюнча кошумча материалдар келип түшкөндө, алардын "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттү сактагандыгы текшерилет.
Өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча кошумча материалдар ушул Эрежелердин 90-пунктуна ылайык белгиленген өтүнмө келип түшкөн датадан тартып эки айдын ичинде берилет.
142. Экспертизанын суроо-талабы боюнча кошумча материалдар өтүнмө ээси тарабынан ага суроо-талап жиберилген датадан тартып 3 айдын ичинде берилүүгө тийиш.
Өтүнмө ээси тарабынан өтүнмөгө каршы коюлган материалдардын көчүрмөлөрү суралган учурда, кошумча материалдар өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн көчүрмөлөр ага жиберилген датадан тартып 3 айдын ичинде, ал экспертизанын суроо-талабын алган датадан тартып бир айдын ичинде суралган шартта берилиши мүмкүн.
143. Өтүнмө ээси тарабынан белгиленген мөөнөттөр сакталганын текшерүүдө ушул Эрежелердин 78-пунктун жетекчиликке алуу керек.
Эгерде өтүнмө ээси кошумча материалдарды белгиленген мөөнөттү бузуу менен бергендиги аныкталса (жана бул мөөнөттөр ушул Эрежелердин 84-пунктуна ылайык узартылбаса), өтүнмө чакыртып алынды деп таанылат, бул тууралуу өтүнмө ээси кабарланат.
144. Өтүнмө ээси тарабынан өз демилгеси же Кыргызпатенттин суроо-талабы боюнча берилген жана кароого кабыл алынган кошумча материалдар келип түшкөндө, алардын өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөртпөгөнү текшерилет.
Эгерде алар патент берүүгө арыз Кыргызпатентке келип түшкөн датага карата өтүнмөгө камтылган сүрөттөлүштөрдө, сүрөттөлүштөрдүн топтомунда жана өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасында чагылдырылбаса, кошумча материалдарда камтылган маанилүү белгилер өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок деп таанылат.
Өтүммөнүн баштапкы материалдарында жок болгон маалыматтарды камтыган кошумча материалдар, өнөр жай үлгүсүн ишке ашыруунун шарттары жөнүндө жаңы (кошумча) маалыматтар, аны ишке ашыруунун мисалдары, такталган графикалык материалдар ж.б. өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөртүүчүлөр болуп эсептелбейт.
145. Кошумча материалдар өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөртүүчүлөр деп таанылган учурда, өтүнмө ээсине кошумча материалдарга киргизилген маалыматтардын кайсылары экспертизанын мындай тыянагы үчүн негиз болгондугу жөнүндө кабарланат.
146. Эгерде кошумча материалдар жалпысынан же жарым-жартылай өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөртсө жана/же ушул Эрежелердин 141-146-пункттарында каралган шарттарды сактабастан берилсе, өтүнмө ээсине алар экспертиза жүргүзүүдө жалпысынан же тиешелүү бөлүгүндө эске алынбай тургандыгы кабарланат.
10-глава. Кыргызпатент тарабынан кабыл алынуучу чечимдер
147. Эгерде өтүнмөнүн маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүнүн натыйжасында Кыргызпатент өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсү өтүнмө ээси тарабынан суралган укуктук коргоо көлөмүндө "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинде аныкталган өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүк шартына ылайык келгендигин аныктаса, өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
Чечимде өтүнмө ээлеринин аталышы (аты) арыздын графасында келтирилген аталышка (атка) ылайык так көрсөтүлөт.
148. Маанилүү белгилеринин сүрөттөлүштөрүндө чагылдырылгандардын жыйындысы менен мүнөздөлгөн өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинде аныкталган патентке жөндөмдүүлүк шарттарынын бириме гана шайкеш келбеши аныкталган учурда тиешелүү негиздерди келтирүү менен патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
149. Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болгон жагдайлар менен таанышкандан кийин ал тарабынан экспертизанын тыянактарын өзгөртпөгөн, өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүнө тиешелүү жүйөлөр берилсе, чечимде көрсөтүлгөн жүйөлөргө талдоо келтирилет.
150. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим өнөр жай үлгүсүнүн варианттарын камтыган өтүнмө боюнча патентке жөндөмдүүлүк да, ошондой эле патенттик жөндөмсүздүк да бар экендиги аныкталган жана ага жөнөтүлгөн суроо-талапка жоопто өтүнмө ээси патентке жөндөмсүздүк варианттарын мүнөздөгөн белгилерди өнөр жай үлгүсүнүн сүрөттөлүштөрүнөн алып салуудан баш тарткан учурда да чыгарылат. Мында чечимде бир эле убакта аларга карата мындай тыянак алынган ошол варианттардын патенттик жөндөмдүүлүгү ырасталат.
151. Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге аны жөнөткөн датадан тартып үч айлык мөөнөттө каршы пикирин Апелляциялык кеңешке бере алат. Каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан ап келип түшкөн датадан тартып үч айлык мөөнөттө каралууга тийиш.
Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбогондо өтүнмө ээси аны алган датадан тартып 3 айдын ичинде доо арызы менен сотко кайрыла алат.