Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна) |
Пайдалуу моделге патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык иштелип чыккан жана пайдалуу моделге патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, тариздөө жана кароо боюнча жол-жоболорду аныктайт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргызпатент) менен иш жүргүзүү - пайдалуу моделге өтүнмө, өтүнүч кат берүү, өтүнмө боюнча кат алышуу, ошондой эле укуктарга ээ болуу жана тескөө боюнча мыйзамда каралган иш-аракеттерди аткаруу;
2) мамлекеттик реестр - Кыргыз Республикасынын пайдалуу моделдеринин мамлекеттик реестри;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими - эл аралык мамилелер жаатындагы укуктар менен милдеттенмелерге карата бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашуусун билдирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим;
4) ЭПК - Ойлоп табуулардын эл аралык патенттик классификациясы. Кыргыз Республикасы 1971-жылдын 24-мартындагы Эл аралык патент классификациясы жөнүндө Страсбург макулдашуусуна "Кыргыз Республикасынын эл аралык патент классификациясы жөнүндө Страсбург макулдашуусуна кошулуусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган.
Ушул Эрежелерде пайдаланылуучу башка түшүнүктөр "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде аныкталган маанилерде колдонулат.
3. Пайдалуу модель катары түзүлүшкө кирген техникалык чечим корголот.
Төмөнкүлөр пайдалуу модель катары корголбойт:
- ачылыштар;
- илимий теориялар жана математикалык методдор;
- чарбаны уюштуруунун жана башкаруунун методдору;
- шарттуу белгилер, ырааттамалар, эрежелер;
- ой жүгүртүү операцияларын аткаруунун, оюндарды өткөрүүнүн эрежелери жана методдору;
- алгоритмдердин жана эсептөөчү машиналар үчүн программалардын өзүлөрү;
- маалымат берүүдөн гана турган чечимдер;
- курулмаларды, имараттарды, аймактарды пландоонун долбоорлору жана схемалары;
- эстетикалык керектөөлөрдү канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү чечимдер;
- интегралдык микросхемалардын топологиялары;
- өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын тукумдары;
- коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү, курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүчү чечимдер;
- ыкмалар, буюмдар, микроорганизмдердин штаммдары, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларын өстүрүү, аларды жаңы багытта колдонуу.
Пайдалуу моделдин курамында алгоритмдердин жана эсептөөчү машиналар үчүн программалардын болушу, эгерде алар пайдалуу моделдин бир бөлүгү болуп саналса, пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгүнө таасир этүүчү жагдай болуп таанылбайт.
4. Пайдалуу моделге патент берүүгө өтүнмө (мындан ары - пайдалуу моделге өтүнмө) бир пайдалуу моделге же алар бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду пайда кылгандай (пайдалуу моделдин бирдиктүүлүк талабы) бири-бирине өз ара байланышкан пайдалуу моделдердин тобуна таандык болууга тийиш.
Пайдалуу моделдердин бирдиктүүлүгү сакталды деп таанылат, эгерде:
1) бир көз карандысыз пункту бар пайдалуу моделдин формуласында бир пайдалуу модель мүнөздөлсө;
2) бир нече көз карандысыз пункту бар пайдалуу моделдин формуласында пайдалуу моделдердин тобу мүнөздөлсө;
- алардын бири башкасын жасоо үчүн багытталса (мисалы, түзүлүш жана аны жасоо үчүн түзүлүш);
- алардын бири башканы же башкада пайдалануу үчүн багытталса (мисалы, түзүлүш жана анын курамдык бөлүгү);
- ал бир эле ошол техникалык натыйжаны алууну камсыз кылуучу бирдей багыттагы бир түрдөгү объектке кирсе (варианттары).
2-глава. Мөөнөттөрдү эсептөө
5. Юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоонун "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдү эсептөөнүн эрежелерине ылайык эсептелет.
Алсак, убакыт мезгили менен аныкталган мөөнөттүн өтүшү календардык датадан кийин же анын башталышы аныкталган окуя болгондон кийинки күнү башталат.
Жылдар менен эсептелүүчү мөөнөт мөөнөттүн акыркы жылынын тийиштүү айында жана күнүндө бүтөт.
Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт мөөнөттүн акыркы айынын тийиштүү күнүндө бүтөт.
Жарым айга белгиленген мөөнөт күн менен эсептелген мөөнөт катары каралат жана он беш күнгө барабар катары эсептелет.
Эгерде айлар менен эсептелген мөөнөттүн аякташы тиешелүү күн жок болгон айга туш келсе, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнү бүтөт.
Эгерде мөөнөттүн акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туш келсе, мөөнөттүн акыркы күнү деп андан кийинки жакынкы жумуш күнү эсептелет.
Мөөнөт кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоо үчүн белгиленген, ал мөөнөттүн акыркы күнүнүн жыйырма төртүнчү саатына чейин аткарылышы мүмкүн.
Бирок эгерде бул иш-аракет уюмда жасалышы керек болсо, анда мөөнөт бул уюмда белгиленген эрежелер боюнча тиешелүү операциялар токтогон саатта бүтөт.
Мөөнөттүн акыркы күнүнүн жыйырма төртүнчү саатына чейин почта же телеграф аркылуу тапшырылган жазуу жүзүндөгү арыздар жана билдирүүлөр мөөнөтүндө жасалды деп эсептелет.
6. Кыргызпатент тарабынан "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо мөөнөттөрү "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган учурларда токтотулуп турат.
7. Калыбына келтирилген мөөнөттөрдү эсептөө "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.
8. Кыргызпатенттин кабарламалары, суроо-талаптары, чечимдери өтүнмө ээсине, патент ээсине, башка кызыкдар жакка "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө жөнөтүлөт.
9. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргызпатент жөнөткөн кандай болбосун кабарлама, суроо-талап жана чечим тиешелүү түрдө жеткирилди деп эсептелет.
3-глава. Пайдалуу моделге патент алууга өтүнмө берүү укугу
10. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинде көрсөтүлгөн жактар патент алууга өтүнмө берүү укугуна ээ болот.
Пайдалуу моделдин автору төмөнкү учурларда өтүнмө берүүгө жана патент алууга укуктуу:
- эгерде пайдалуу модель кызматтык болуп саналбаса;
- эгерде пайдалуу модель кызматтык болуп саналса, бирок автор менен иш берүүчүнүн ортосундагы келишим менен патент алууга автордун укугу каралган болсо же иш берүүчү пайдалуу модель түзүлгөндүгү жөнүндө ага автор кабарлаган датадан тартып төрт айдын ичинде Кыргызпатентке өтүнмө бербесе, патент алууга укукту башка жакка өткөрүп бербесе же авторго пайдалуу моделди сыр катары сактоо жөнүндө билдирбесе.
Өтүнмө ээси тарабынан патент берүү жөнүндө патент алууга укукту өткөрүп берүү пайдалуу модель катталган учурга чейин Кыргызпатентке арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт жана өтүнмө ээсинин укугун өткөрүп берүү болуп саналат.
Өтүнмө берүүгө укукту кандайдыр бир документ менен ырастоо талап кылынбайт.
11. Өтүнмө өтүнмө ээси тарабынан түздөн-түз патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл тарабынан берилиши мүмкүн.
Чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү өтүнмө берүү датасын белгилөө, алымдарды төлөө, конвенциялык артыкчылыкты сураган учурда мурдагы өтүнмөнүн көчүрмөсүн берүү, мурдараак берилген өтүнмөнүн көчүрмөсүн берүү, жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболорго карата Кыргызпатенттин тил каттарын жана кабарламаларын алуу, патентти күчүндө кармап туруу үчүн алым төлөө менен байланышкан жол-жоболорду кошпогондо, ошондой эле эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка тартип каралбаса, патенттерди алууга, ошондой эле пайдалуу моделдерди укуктук коргоого байланыштуу иштерди Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу гана жүргүзөт.
4-глава. Пайдалуу моделге патент берүүгө өтүнмөнүн курамы
12. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) пайдалуу моделдин авторун (авторлорун) жана анын (алардын) атына патент суралган жакты (жактарды), ошондой эле алардын жашаган жерин же турган жерин, электрондук почтасынын дарегин жана телефондун, факстын (эгер бар болсо) номерин көрсөтүү менен патент берүү жөнүндө арызды;
2) пайдалуу моделди жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү, аны толук ачып көрсөтүүчү пайдалуу моделдин сыпаттамасын;
3) пайдалуу моделдин маңызын көрсөтүүчү жана сыпаттамага толук негизделген анын формуласын;
4) пайдалуу моделдин маңызын түшүнүү үчүн зарыл болсо, чиймелерди жана башка материалдарды, анын ичинде өтүнмө ээсинин каалоосу менен анын электрондук түрдөгү үч өлчөмдүү моделин;
5) рефератты.
13. Өтүнмөгө белгиленген өлчөмдө тиешелүү алымдын төлөнгөнүн ырастаган документ же өтүнмө берүү үчүн алым төлөөдөн бошотуу же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиз тиркелет, ал өтүнмө берүүдө же кошумча алым төлөнгөн шартта эки айдын ичинде берилиши мүмкүн.
Аталган документ белгиленген мөөнөттө берилбеген учурда өтүнмө чакыртып алынды деп таанылат.
14. Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилүүчү өтүнмөгө ага өтүнмө ээси тарабынан берилген жана анын ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн, тиешелүү түрдө таризделген ишеним кат же ишеним каттын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет.
Кыргыз Республикасында таризделүүчү Кыргызпатенттин алдында өкүлчүлүккө ишеним кат жөнөкөй жазуу түрүндө түзүлөт жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары таризделүүчү ишеним кат чыккан өлкөнүн мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөткө түзүлөт.
Кыргызпатент ишеним кат берген жактын кол тамгасынын жана (же) кызмат абалынын анык экендигин ырастоого укуктуу - Кыргызпатенттин суроо-талабы боюнча ишеним кат белгиленген тартипте легалдаштырылууга (апостиль коюлууга) тийиш.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактын же чет өлкөлүк юридикалык жактын кызыкчылыктарына өкүлчүлүккө Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө ишеним кат ошол жактын өзү, ошондой эле өтүнмө ээси берген тийиштүү ишеним каты бар патенттик ишенимдүү өкүл тарабынан берилет. Акыркы учурунда аталган ишеним каттын экөө тең же тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөлөрү берилет.
Ишеним кат төмөнкүдөй шарттарга жооп бериши керек:
- ишеним катка аны берген жак кол коёт;
- ишеним кат патенттик ишенимдүү өкүлдүн атына берилет;
- ишеним катта патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарынын көлөмү көрсөтүлүшү керек;
- ишеним катта ал түзүлгөн дата көрсөтүлүшү керек, ансыз ал анык эмес.
Эгерде ишеним кат бир нече патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн атына берилсе, анда өтүнмө боюнча патент алуу боюнча иштер алардын кимиси тарабынан болбосун жүргүзүлөт.
Ишеним катта ага ыйгарым укук берилген патенттик ишенимдүү өкүлдүн иш-аракети өтүнмө ээсинин иш-аракети катары бааланат жана өтүнмө ээсинин же өтүнмө ээсине карата иш-аракеттердин кесепетине ээ болот.
15. Конвенциялык артыкчылыкты сураган өтүнмөгө өтүнмө ээси тарабынан Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына катышуучу мамлекетте берилген биринчи өтүнмөнүн (мындан ары - биринчи өтүнмө) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет, ал Кыргызпатентке конвенциялык өтүнмө берилген датадан тартып 3 айдан кечиктирбестен берилет. Эгерде биринчи өтүнмө бир нече болсо, бул өтүнмөлөрдүн бардыгынын көчүрмөлөрү тиркелет.
Эгерде өтүнмө ээлери конвенциялык өтүнмөдө жана берилген көчүрмөлөрдө ар түрдүү болсо, кайра өткөрүп берүү актысы да берилүүгө тийиш.
Биринчи өтүнмө берилген датадан тартып 12 ай өткөндөн кийин, бирок он эки айлык мөөнөт өткөндөн кийин 2 айдан кечиктирбестен келип түшкөн өтүнмө боюнча конвенциялык артыкчылык суралганда өтүнмөгө алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ тиркелет.
Конвенциялык артыкчылыкты белгилөө жөнүндө өтүнүч өтүнмө берүүдө (патент берүү жөнүндө арыздын тийиштүү графасында жазылат) же Кыргызпатентке өтүнмө берген датадан тартып 2 айдын ичинде берилет.
16. Өтүнмөгө, анын ичинде электрондук документтин формасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген форма боюнча анын жеке маалыматтарын чогултууга, иштетүүгө, сактоого, берүүгө жана жарыялоого өтүнмө ээсинин макулдугу тиркелет.
17. Пайдалуу моделге өтүнмөнүн материалдары ал Кыргызпатентке келип түшкөн учурдан тартып өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыяланганга чейин купуя болуп эсептелет.
5-глава. Өтүнмөнүн документтерин толтурууга жана мазмунуна талаптар
18. Арыз мамлекеттик же расмий тилде берилет.
19. Эгерде өтүнмөнүн башка документтери, ошондой эле өтүнмөгө экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө берилүүчү документтер башка тилде берилсе, аларга мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелет.
Котормонун так экендигине өтүнмө ээси жооптуу болот.
20. Ушул Эрежелердин 12-пунктунда көрсөтүлгөн, мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн өтүнмөнүн документтери бир нускада берилет.
21. Патент берүү жөнүндө арыз (мындан ары - арыз) Кыргызпатент тарабынан бекитилген форма боюнча берилет.
22. Арыздын графалары Кыргызпатент тарабынан аныкталган тартипте толтурулат.
23. Өтүнмө ээси арызды электрондук түрдө берүүгө укуктуу, мында арыздын графалары экран интерфейсинин элементтерин пайдалануу менен толтурулат.
Арыздын электрондук формасынын талаалары өзгөрүлмө көлөмгө ээ, ушуга байланыштуу кошумча барактарды толтуруу талап кылынбайт.
Электрондук түрдө берүүдө арызды толтуруу ушул Эрежелердин 21-22-пункттарына жана Кыргызпатент тарабынан бекитилген Өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү системасын пайдалануучунун нускамасына ылайык жүзөгө ашырылат.
Арыздын электрондук түрүнө күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук кол тамга (мындан ары - КЭК) коюлат.
24. Пайдалуу моделдин сыпаттамасы аны жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү толуктугу менен пайдалуу моделди ачып көрсөтүүгө тийиш.
25. Сыпаттама пайдалуу моделдин аталышын (ал эми өтүнмө берилген пайдалуу модель таандык болгон ЭПКнын колдонуудагы редакциясынын рубрикасын белгилөө учурунда бул рубриканын индексин да) көрсөтүүдөн башталат жана төмөнкүдөй бөлүмдөрдү камтыйт:
- пайдалуу модель тиешелүү болгон техниканын тармагы;
- техниканын деңгээли;
- пайдалуу моделдин маңызы;
- чиймелердин фигураларынын тизмеги;
- пайдалуу моделди жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн ырастаган маалыматтар.
Сыпаттаманын бөлүмүн зарыл болгон маалыматтар камтылган булакка шилтеме кылуу менен алмаштырууга жол берилбейт (адабий булакка, мурда берилген өтүнмөдөгү сыпаттамага, коргоо документине карата сыпаттамага ж.у.с.).
26. Пайдалуу моделдин аталышы кыска жана так, анын маңызына ылайык келиши жана пайдалуу моделдин багытын мүнөздөшү керек.
Аталышы жекелик санда колдонулбаган учурлардан тышкары, аталышы жекелик санда берилет.
Алардын бири башкасын даярдоо үчүн багытталган пайдалуу моделдердин тобунун аталышы бир пайдалуу моделдин толук аталышын жана башкасынын кыскартылганын камтыйт. Алардын бири башкасын же башкасында пайдалануу үчүн багытталган пайдалуу моделдердин тобунун аталышы топко кирген пайдалуу моделдердин толук аталышын камтыйт.
Варианттарга кирген пайдалуу моделдердин тобунун аталышы кашаада көрсөтүлгөн сөз (варианттар) менен толукталган топтун бир пайдалуу моделинин аталышын камтыйт.
Пайдалуу моделдин аталышында фамилиялык аталыштар, аббревиатуралар, товардык белгилер жана тейлөө белгилери, жарнамалык, фирмалык жана башка атайын аталыштар, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары, географиялык көрсөтмөлөр, "ж.у.с" деген жана ушуга окшогон пайдалуу моделди идентификациялоо максаттарына кызмат кылбаган сөздөр пайдаланылбайт.
27. Сыпаттаманын "Пайдалуу модель тиешелүү болгон техниканын тармагы" деген бөлүмүндө пайдалуу модель колдонулуучу тармак көрсөтүлөт.
Эгерде мындай тармактар бир нече болсо, артыкчылыкка ээ болгондору көрсөтүлөт.
28. Сыпаттаманын "Техниканын деңгээли" деген бөлүмүндө пайдалуу моделге белгилеринин жыйындысы боюнча кыйла жакын (прототип) аналогду алардын ичинен бөлүп көрсөтүү менен пайдалуу моделдин өтүнмө ээсине белгилүү болгон аналогдору жөнүндө маалыматтар келтирилет.
Пайдалуу моделдин аналогу катары пайдалуу моделдин маанилүү белгилеринин жыйындысында окшош белгилердин жыйындысын мүнөздөгөн пайдалуу модель артыкчылык алган датага чейин жалпыга белгилүү болуп калган маалыматтардын ичинен белгилүү болгон ошол эле багыттагы каражат көрсөтүлөт.
Аналогдорунун ар бирин сыпаттоодо маалымат булагынын библиографиялык маалыматтары келтирилет, анда өтүнмө берилген пайдалуу моделдин маанилүү белгилери менен дал келгендерин көрсөтүү менен аналогдун белгилери ачып көрсөтүлгөн, ошондой эле өтүнмө ээсине белгилүү болгон талап кылынган техникалык натыйжаны алууга тоскоолдук кылуучу себептери көрсөтүлөт.
Пайдалуу моделдердин тобун сыпаттоодо аналогдору жөнүндө маалыматтар ар бир пайдалуу модель үчүн өзүнчө берилет.
29. Пайдалуу моделдин маңызы пайдалуу модель камсыздандыруучу техникалык натыйжага (техникалык натыйжаларга) жетүү үчүн жетишерлик маанилүү белгилеринин жыйындысында берилет.
Белгилер эгерде жетишилүүчү техникалык натыйжага таасир берсе (анын ичинде ар түрдүү техникалык натыйжаларга ар түрдүү белгилер таасир бергенде), башкача айтканда көрсөтүлгөн натыйжа(лар) менен себебин издөө байланышында турса, маанилүүгө кириши мүмкүн.
Бул бөлүмдө пайдалуу моделди пайдаланууда алынышы мүмкүн болгон техникалык натыйжаны көрсөтүү менен аны чечүүгө өтүнмө берилген пайдалуу модель багытталган милдеттер толук ачып көрсөтүлөт.
Ушул эле бөлүмдө пайдалуу моделди мүнөздөгөн бардык маанилүү белгилер келтирилет, кыйла жакын аналогунан айырмаланган белгилер бөлүп көрсөтүлөт, ошону менен бирге укуктук коргоонун суралган көлөмү жайылтылуучу бардык учурларда техникалык натыйжаны алууну камсыздаган белгилердин жыйындысы жана аны аткаруунун конкреттүү формаларында же аны пайдалануунун өзгөчө шарттарында, жеке учурларда гана пайдалуу моделди мүнөздөгөн белгилер көрсөтүлөт.
Эгерде пайдалуу моделди аткаруунун конкреттүү формаларында же аны пайдалануунун өзгөчө шарттарында техникалык натыйжаларды алуу камсыздалса, аларды көрсөтүү сунушталат.
Техникалык натыйжа негизинен айландыруу учурун азайтууда, сүрүлүү коэффициентин төмөндөтүүдө, кептелүүнүн алдын алууда, термелүүнү төмөндөтүүдө, жумушчу органдын чөйрө менен байланышын жакшыртууда билдирилет.
Эгерде пайдалуу моделди түзүүдө белгилүү бир багыттагы техникалык каражаттардын арсеналын кеңейтүү гана маселеси чечилсе же мындай каражаттар биринчи жолу алынса, техникалык натыйжа бул багытты ишке ашыруудан турат жана анын атайын көрсөтмөсү талап кылынбайт.
Пайдалуу моделдердин тобу үчүн аталган маалыматтар, анын ичинде техникалык натыйжа жөнүндө маалыматтар ар бир пайдалуу модель үчүн өзүнчө берилет.
30. Пайдалуу моделдерди мүнөздөө үчүн негизинен төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
1) конструктивдүү элементтин (элементтердин) болушу;
2) элементтердин ортосунда байланыштын болушу;
3) элементтердин өз ара жайгашышы;
4) жалпысынан элементти (элементтерди) же түзүлүштү аткаруунун формасы, атап айтканда геометриялык формасы;
5) элементтердин ортосундагы байланышты аткаруунун формасы;
6) элементтин (элементтердин) параметрлери жана башка мүнөздөмөлөрү жана алардын өз ара байланышы;
7) жалпысынан элемент (элементтер) же түзүлүш жасалган материал, элементтин функциясын аткаруучу чөйрө.
31. Сыпаттамада фигуралардын тизмегинен тышкары, алардын ар биринде эмне сүрөттөлгөнүнө кыскача көрсөтмө келтирилет.
Эгерде пайдалуу моделдин маңызын түшүндүрүүчү башка материалдар берилсе, алардын мазмунун кыскача түшүндүрүү келтирилет.
32. Сыпаттаманын "Пайдалуу моделди жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн ырастаган маалыматтар" бөлүмүндө өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн багытын ишке ашыруу менен пайдалуу моделди жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт.
Чиймелердин фигураларына шилтеме кылуу менен пайдалуу моделдин конструкциясынын (статикалык абалда) сыпаттамасы келтирилет. Сыпаттамада келтирилүүчү санариптик белгилөөлөр чийменин фигурасындагы тиешелүү элементтердин санариптик белгилөөлөрүнө шайкеш келүүгө тийиш.
Пайдалуу моделдин конструкциясынын сыпаттамасынан кийин анын иш-аракети (иши) же чиймелердин фигурасына, ал эми зарыл болгон учурда - башка түшүндүрүүчү материалдарга (эпюралар, убактылуу диаграммалар ж.б.) шилтеме берүү менен пайдалануунун ыкмасы сыпатталат.
Маңызы жалпы түшүнүк менен билдирилген, атап айтканда функционалдык жалпылоо деңгээлинде берилген белгини пайдалануу менен мүнөздөлүүчү пайдалуу моделди жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү мындай белгини же аны алуунун методдорун ишке ашыруу үчүн каражаттарды өтүнмөнүн материалдарында түздөн-түз сыпаттоо, же мындай каражаттын же аны алуу методдорунун белгилүүлүгүн көрсөтүү менен ырасталат.
Пайдалуу модель функционалдык жалпылоо деңгээлинде мүнөздөлгөн элементти камтыган жана сыпатталган ишке ашыруу формасы программалоочу (жөндөлүүчү) көп функциялуу каражатты пайдаланууну болжолдогон учурда, анда ушул пайдалуу моделдин курамында ага тиешелүү конкреттүү функцияны мындай каражат менен аткаруу мүмкүнчүлүгүн ырастаган маалыматтар берилет. Эгерде мындай маалыматтардын ичинде алгоритм, атап айтканда эсептөөчү алгоритм келтирилсе, аны блок-схема түрүндө же эгерде мүмкүн болсо, тиешелүү математикалык туюнтмада көрсөтүү артыкчылыктуу.
Ушул бөлүмдө чечилүүчү маселени мүнөздөөдө "Пайдалуу моделдин маңызы" бөлүмүндө көрсөтүлгөн пайдалуу моделди жүзөгө ашырууда ошол техникалык натыйжаны алуу мүмкүнчүлүгүн ырастаган маалыматтар да келтирилет. Пайдалуу моделди мүнөздөө үчүн маанилердин интервалы түрүндө көрсөтүлгөн сандык белгилерди пайдаланууда бул интервалда техникалык натыйжаны алуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт.
33. Пайдалуу моделдин формуласынын багыты жана ага коюлуучу талаптар:
1) пайдалуу моделдин формуласы патент менен берилген укуктук коргоонун көлөмүн аныктоо үчүн арналат;
2) пайдалуу моделдин формуласы толугу менен сыпаттамага негизделүүгө, башкача айтканда пайдалуу моделди анын сыпаттамасында камтылган түшүнүктөр менен мүнөздөөгө тийиш;
3) пайдалуу моделдин формуласы, эгерде ал пайдалуу моделдин өтүнмө ээси көрсөткөн техникалык натыйжага жетүү үчүн жетишерлик маанилүү белгилеринин жыйындысын камтыса, анын маңызын билдирген болуп таанылат;
4) пайдалуу моделдин белгилери пайдалуу моделдин формуласында аларды идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгандай, башкача айтканда адистин белгилүү техника деңгээлинин негизинде бул белгилер мүнөздөлгөн түшүнүктөрдүн маанилик мазмуну бир мааниде түшүнүлгөндөй көрсөтүлөт;
5) пайдалуу моделдин формуласында белгинин мүнөздөмөсү мындай шилтемесиз ушул пункттун 4-пунктчасынын талаптарын бузбастан, белгини мүнөздөө мүмкүн болбогон учурдан тышкары, сыпаттамага же чиймелерге шилтеме жасоо менен алмаштырылбайт;
6) белгилер формулада пайдалуу моделди статикалык абалда мүнөздөөгө мүмкүн болгондой берилет. Пайдалуу моделдин конструктивдүү элементин аткарууну мүнөздөөдө анын кыймылдуулугуна, аны менен белгилүү бир функцияны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү ж.у.с. көрсөтүүгө жол берилет;
7) эгерде башка маанилүү белгилердин жыйындысында бир эле ошол техникалык натыйжаны алууну камсыздоочу белгини ишке ашыруунун бир нече түрү мүмкүн болсо, белгини ишке ашыруунун аныкталган формаларын камтыган жалпы түшүнүк менен билдирүү максатка ылайыктуу.
Эгерде мындай түшүнүк болбосо же ал жалпылоону укуксуз кылуучу көрсөтүлгөн техникалык натыйжаны алууну камсыз кылбаган белгини ишке ашыруунун мындай формасын камтыса, анда белги белгини ишке ашыруунун ар түрдүү формаларын мүнөздөөчү альтернативдүү түшүнүктөр түрүндө берилет.
34. Формула бир звенолуу жана көп звенолуу болот жана тиешелүү түрдө бир же бир нече пункттарды камтыйт.
35. Бир звенолуу формула аны аткаруунун же пайдалануунун жеке учурларга колдонулуучу өнүктүрүү же тактоо болбогон маанилүү белгилердин жыйындысында бир пайдалуу моделди мүнөздөө үчүн колдонулат.
36. Көп звенолуу формула пайдалуу моделди аткаруунун же пайдалануунун жеке учурларына же пайдалуу моделдердин тобун мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу анын маанилүү белгилеринин жыйындысында өнүктүрүү жана/же тактоо менен бир пайдалуу моделди мүнөздөө үчүн колдонулат.
Бир пайдалуу моделди мүнөздөөчү көп звенолуу формула бир көз карандысыз пунктка жана андан кийинки көз каранды пунктка (пункттарга) ээ.
Пайдалуу моделдердин тобун мүнөздөөчү көп звенолуу формула бир нече көз карандысыз пункттарга ээ, алардын ар бири топтун пайдалуу моделдеринин бирин мүнөздөйт. Мында топтун ар бир пайдалуу модели тиешелүү көз карандысызга караштуу көз каранды пункттарды тартуу менен мүнөздөлөт.
37. Пайдалуу моделдердин тобун мүнөздөөчү формуланы баяндоодо төмөнкүдөй эрежелер сакталат:
1) өзүнчө пайдалуу моделдерди мүнөздөөчү көз карандысыз пункттар эреже катары, формуланын башка пункттарына шилтемени камтыбайт (мындай шилтеме ал ушул көз карандысыз пунктту андан башка пункттун мазмунун толук кайталоосуз баяндоого мүмкүндүк берген учурда гана жол берилет);
2) көз каранды пункттар алар караштуу болгон көз карандысыз пункт менен бирге топтолот;
3) эгерде пайдалуу моделдерди топко бириктирүү шарты болуп пайдалуу моделдин бири башкасын жасоо же башкасын пайдалануу үчүн же башкасында арналганы эсептелсе, анда биринчи көз карандысыз пунктта бул башка пайдалуу модель арналган ошол пайдалуу моделдин мүнөздөмөсү берилет.
38. Формуланын пункту эреже катары, кыйла жакын аналогунун белгилери менен дал келген маанилүү белгилерин камтыган чектөө бөлүгүнөн, анын ичинде пайдалуу моделдин багытын чагылдырган түрдүк түшүнүктөн жана пайдалуу моделди кыйла жакын аналогунан айырмалап турган маанилүү белгилерди камтыган айырмалоочу бөлүктөн турат.
Формуланын пунктун түзүүдө чектөөчү бөлүгү баяндалгандан кийин түздөн-түз андан кийин айырмалоочу бөлүк баяндалуучу "экендиги менен айырмаланат" деген сөз айкашы киргизилет.
Формуланын пункту, эгерде ал аналогдору болбогон пайдалуу моделди мүнөздөсө, чектөөчү жана айырмалоочу бөлүккө бөлүнбөстөн түзүлөт.
Формуланын пункту бир сүйлөм түрүндө баяндалат.
39. Пайдалуу моделдин формуласынын көз карандысыз пункту бир пайдалуу моделге гана тийиштүү болушу керек. Ал анын белгилери менен пайдалуу моделдин объектинин логикалык аныктамасы түрүндө баяндалат жана суралган укуктук коргоо көлөмүн аныктайт.
40. Пайдалуу моделдин формуласынын көз карандысыз пункту бир сүйлөм түрүндө баяндалат.
41. Формуланын көз карандысыз пункту бир пайдалуу моделге тийиштүү болуп таанылбайт, эгерде андагы камтылган белгилердин жыйындысы:
1) альтернатива түрүндө көрсөтүлгөн бир эле ошол техникалык натыйжаны алууну камсыздабаган белгилерди камтыса же альтернатива өзүнчө белгилерге эмес, функционалдуу өз алдынча белгилердин тобуна кирсе (түзүлүштүн түйүнү, деталы ж.у.с.), анын ичинде мындай белгилердин кайсы бирине тигил же бул альтернативаны тандоо башка белги (белгилер) үчүн өндүрүлгөн тандоого жараша болсо;
2) мында анын аталган жыйындысында болушуна же болбошуна жол берилген (атап айтканда "(конструктивдүү элемент) камтылышы мүмкүн" сыяктуу түрмөк колдонулса) белгини камтыса;
3) жалпы багыттагы каражаттардын көрсөтүлгөн жыйындысын ишке ашырбастан, ар бири оз багытына ээ болгон каражаттардын жыйындысынын мүнөздөмөсүн камтыса.
42. Пайдалуу моделдин формуласынын көз каранды пункту аны аткаруунун же пайдалануунун жеке учурларында гана пайдалуу моделди мүнөздөй турган белгилер менен көз карандысыз пунктта келтирилген пайдалуу моделдин белгилеринин жыйындысын өнүктүрүүнү жана/же тактоону камтыйт.
Пайдалуу моделдин формуласынын көз каранды пунктун ал баш ийген формуланын ошол пунктунун белгилерин алмаштыруу же жокко чыгаруу же ага жыйындысы ушул Эрежелердин 40-пунктунда көрсөтүлгөн мүнөзгө ээ болгон белгилерди киргизүү жүргүзүлгөн түрдө баяндоого болбойт.
Эгерде пайдалуу моделдин формуласынын көз каранды пункту көз карандысыз пункттун белгилерин алмаштыруу же жокко чыгаруу болгондой болуп түзүлсө, ушул көз каранды пункт ал баш ийген көз карандысыз менен бирге бир пайдалуу моделди мүнөздөйт деп таанылбайт.
43. Формуланын көз каранды пунктунун чектөөчү бөлүгү эреже катары көз карандысыз пунктта келтирилген менен салыштыруу боюнча кыскартылып баяндалган пайдалуу моделдин багытын чагылдырган түрдүк түшүнүктөн жана ушул көз каранды пункт кирген көз карандысыз пунктка жана/же көз каранды пунктка (пункттарга) шилтемелерден турат. Көз каранды пункттун формуланын бир нече пункттарына көз каранды болушунда аларга карата шилтемелер альтернативаны пайдалануу менен көрсөтүлөт.
Эгерде көз каранды пункттун белгилери менен катар жеке учурда пайдалуу моделди аткарууда же пайдаланууда аны мүнөздөө үчүн көз карандысыз пункттун белгилери гана зарыл болсо, бул көз каранды пункттун түздөн-түз көз карандысыз пунктка көз карандылыгы пайдаланылат. Эгерде аталган мүнөздөмө үчүн формуланын бир же бир нече башка көз каранды пункттарынын белгилери зарыл болсо, ушул көз каранды пункттун көз карандысызга тиешелүү көз каранды пункттары аркылуу көз карандылыгы пайдаланылат.
44. Пайдалуу моделдин маңызын түшүндүрүүчү электрондук формадагы пайдалуу моделдин үч өлчөмдүү модели, чиймелер жана пайдалуу моделдин сыпаттамасы бири-бирине карама-каршы келбөөгө тийиш.
Пайдалуу моделдин маңызын түшүндүрүүчү чиймелердин ордуна графикалык сүрөттөлүштөр (мисалы, схемалар, сүрөттөр, графиктер, эпюралар, осциллограммалар), фотосүрөттөр жана таблицалар түрүндө таризделген пайдалуу моделдин маңызын түшүндүрүүчү башка материалдар берилиши мүмкүн.
Эгерде сыпаттаманы чиймелер же схемалар менен иллюстрациялоо мүмкүн болбосо сүрөттөр берилет. Графикалык материалдардын башка түрлөрүнө кошумча катары фотосүрөттөр берилет.
Өзгөчө учурларда, мисалы хирургиялык операцияларды аткаруу этаптарын иллюстрациялоо үчүн түшүндүрүүчү материалдардын негизги түрү катары фотосүрөттөр берилиши мүмкүн.
Графикалык материалдардын ар бир бетинин жогорку оң бурчунда пайдалуу моделдин аталышы көрсөтүлөт.
Өтүнмөнү электрондук берүү системасын пайдалануучулардын нускамасында көрсөтүлгөн форматта жана өлчөмдө пайдалуу моделдин үч өлчөмдүү модели электрондук түрдө берилет.
45. Реферат пайдалуу модель жөнүндө маалыматтын максаты үчүн кызмат кылат жана аталышын, ага пайдалуу модель кирген техника тармагынын мүнөздөмөсүн жана/же колдонуу тармагын, эгерде бул аталышынан түшүнүксүз болсо, жетүүчү техникалык натыйжаны көрсөтүү менен маңызынын мүнөздөмөсүн камтыган пайдалуу моделдин сыпаттамасынын мазмунунун кыскача баяндалышын билдирет. Рефератта пайдалуу моделдин маңызы формуланы мындай эркин баяндоо аркылуу мүнөздөлөт, ошол эле учурда ар бир көз карандысыз пункттун бардык маанилүү белгилери сакталат.
Зарыл болгон учурда рефератка чийме же химиялык формула киргизилет. Рефератка киргизилүүчү чийме рефераттын тексти сыяктуу нускаларынын саны дагы ошол эле санда, өзүнчө баракта, анын ичинде сыпаттаманы иллюстрациялаган чиймелердин фигураларынын бири менен бирдей болгон учурда берилет.
Реферат кошумча маалыматтарды, атап айтканда формуланын көз каранды пункттарынын, графикалык сүрөттөрдүн, таблицалардын болушуна жана санына көрсөтмөнү камтышы мүмкүн.
Рефераттын текстинин орточо көлөмү - 1000 басма белгиге чейин.
46. Өтүнмө түшүндүрүүлөрдү, чиймелерди, сүрөттөрдү, фотосүрөттөрдү, моралга жана коомдук тартипке каршы келген башка материалдарды; продукцияларга же технологиялык процесстерге, ошондой эле башка жактардын өтүнмөлөрүнө же патенттерине (күбөлүктөрүнө) карата тоотпостук менен пикирди билдирүүлөрдү; пайдалуу моделге тиешеси жок пикирин билдирүүлөрдү же маалыматтарды камтыбоого тийиш. "Техниканын деңгээли" бөлүмүндө келтирилген белгилүү каражаттардын кемчиликтерин жөнөкөй көрсөтүү уруксат берилген элемент болуп эсептелбейт.
47. Пайдалуу моделдин формуласында, сыпаттамада жана анын түшүндүрүүчү материалдарында, ошондой эле рефератта стандартташтырылган терминдер жана кыскартуулар, ал эми алар жок болсо - илимий жана техникалык адабиятта жалпы кабыл алынгандар колдонулат.
Адабиятта кеңири колдонууга ээ болбогон терминдерди жана белгилерди колдонууда алардын мааниси текстте биринчи колдонулганда түшүндүрүлөт.
Бардык шарттуу белгилер чечмеленип түшүндүрүлөт. Сыпаттамада жана формулада терминологиянын бирдейлиги сакталат, башкача айтканда сыпаттаманын текстинде жана формулада ошол эле белгилер бирдей аталат. Терминологиянын бирдейлүүлүгүн талап кылуу физикалык бирдиктердин өлчөмдүүлүгүнө жана колдонулуучу шарттуу белгилерге да кирет.
Физикалык чоңдуктар колдонуудагы Бирдиктердин эл аралык системасындагы бирдиктер менен көрсөтүлөт.
6-глава. Өтүнмөнүн документтерин тариздөө
48. Бардык документтер алардын көчүрмөлөрүн чектелбеген санда түздөн-түз репродукциялоо мүмкүн болгондой таризделет.
Ар бир барак барактын кичирээк жагында саптары параллелдүү жайгаштырылып, бир жагынан гана колдонулат.
Барактар бырышпаган же тытылбаган жана бүктөлбөгөн болууга тийиш.
49. Өтүнмөнүн документтери бышык, ак, жылма, жылтырабаган кагазда аткарылат.
50. Өтүнмөнүн ар бир документи өзүнчө барактан башталат. Барактар 210x297 мм форматта болот. Сыпаттаманы, формуланы, чиймени жана рефератты камтыган барактардын талаасы төмөнкүдөй аткарылат, мм:
үстү 20-40;
оң жана асты жагы: 20-30;
сол жагы: 25-40.
51. Өтүнмөнүн ар бир документинде экинчи жана андан кийинки барактарына жогорку оң бурчуна жайгашкан араб цифралары коюлат.
52. Документтер кара түстөгү шрифт менен басылат. Сыпаттаманын, формуланын жана рефераттын тексттери 2,1 мм кем эмес башкы тамгалардын бийиктиги менен 2 аралыкта басылат.
Графикалык символдор, латын аталыштары, латын жана грек тамгалары, математикалык жана химиялык формулалар же символдор кара түстөгү сыя, паста же тушь менен жазылышы мүмкүн. Формуланы басма түрүндө жана кол жазма менен аралаштырып жазууга жол берилбейт.
53. Сыпаттамада, пайдалуу моделдин формуласында жана рефератта химиялык формулалар колдонулушу мүмкүн.
Түзүмдүк химиялык формулаларды жазууда элементтердин жаппы колдонулуучу символдорун пайдалануу жана элементтер менен радикалдардын ортосундагы байланышты так көрсөтүү зарыл.
54. Сыпаттамада, формулада жана рефератта математикалык туюнтмалар (формулалар) жана символдор колдонулушу мүмкүн.
Математикалык туюнтмаларды берүү формасы регламенттелбейт.
Математикалык формулалардагы бардык тамгалык белгилер чечмеленип түшүндүрүлөт. Формулага түшүндүрмөнү мамыча түрүндө жазуу жана ар бир саптан кийин үтүрлүү чекит коюу зарыл. Ошол эле учурда тамгалык белгилерди чечмелеп түшүндүрүү аларды формулада колдонуу тартиби боюнча берилет.
Математикалык белгилер: >, <, = жана башкалар математикалык формулаларда гана колдонулат, ал эми текстте аларды сөздөр менен (көп, аз, барабар ж.б.) жазуу зарыл.
Оң чоңдуктардын ортосундагы интервалдарды белгилөө үчүн (башынан аягына чейин) - белгисин колдонууга жол берилет. Башка учурларда: "баштап" жана "чейин" деген сөздөр менен жазуу керек.
Чоңдуктарды пайыз менен билдирүүдө пайыз белгиси (%) сандан кийин коюлат. Эгерде бир нече чоңдук болсо, анда пайыз белгиси саналгандын астында коюлат жана алардан кош чекит менен бөлүнөт.
Математикалык формулаларда белги боюнча гана ташууга жол берилет.
55. Графикалык материалдардын сүрөтү тушь менен боелбостон, өчпөй турган кара так сызыктар жана штрихтер менен аткарылат.
Сүрөттөрдүн масштабы жана тактыгы өлчөмдөрдү 3/2ге чейин сызыктык кичирейтүү менен көбөйтүүдө бардык деталдары айырмалангандай тандалат.
Цифраларды жана тамгаларды кашаага, тегеректерге жана тырмакчаларга алууга болбойт. Цифралардын жана тамгалардын бийиктиги 3,2 мм кем эмес тандалат.
Чиймелер "суу", "буу", "ачык", "жабык" сыяктуу керектүү сөздөрдү кошпогондо, кандайдыр бир жазуусуз аткарылат.
Чиймеде тик бурчтуу (ортогоналдуу) проекцияларды (ар кандай түрдө, бөлүктөрдө жапа кесилиште) пайдалануу артыкчылыктуу болуп эсептелет; ошондой эле аксонометриялык проекцияларды пайдаланууга жол берилет.
Чиймелердеги өлчөмдөр көрсөтүлбөйт, зарыл болгон учурда алар сыпаттамада көрсөтүлөт.
Чиймедеги ар бир элемент элементти так сүрөттөө үчүн пропорциялардын ар түрдүүлүгү зарыл болгон учурду кошпогондо, бардык башка элементтерге пропорциялуу аткарылат.
Чийменин бир барагында бир нече фигура жайгашуусу мүмкүн, ошол эле учурда алар бири-биринен так чектелет.
Эгерде эки жана андан көп баракта жайгашкан фигуралар бирдиктүү фигуранын бөлүктөрүн билдирсе, алар бул фигура ар бир баракта сүрөттөлгөн фигуралардын кайсы бирин калтырбастан топтолгондой жайгаштырылат. Өзүнчө фигуралар баракта же барактарда барактар максималдуу түрдө толгондой жана барактын узунунан вертикалдуу жайгашуусунда чиймени окууга мүмкүн болгондой жайгаштырылат.
Графикалык сүрөттөрдүн элементтери пайдалуу моделдин сыпаттамасына ылайык араб цифралары менен белгиленет.
Бир нече фигураларда берилген ошол эле элементтер ошол эле цифра менен белгиленет.
Эгерде графикалык сүрөт схема түрүмдө берилсе, анда аны аткарууда стандартташтырылган шарттуу графикалык белгилер колдонулат.
Бир түрдөгү схемада башка түрдөгү схеманын айрым элементтерин (мисалы, электр схемасында - кинематикалык жана гидравликалык схемаларды) сүрөттөөгө жол берилет.
Эгерде схема элементтердин графикалык белгилери катарында тик бурчтук түрүндө берилсе, анда цифралык белгилөөдөн тышкары, түздөн-түз тик бурчтукка да элементтин аталышы жазылат. Эгерде графикалык сүрөттүн өлчөмдөрү муну кылууга мүмкүнчүлүк бербесе, элементтин аталышын сыртындагы сызыкка (зарыл болгон учурда схеманын талаасында жайгашкан сүрөттүн астындагы жазуу түрүндө) көрсөтүүгө жол берилет.
Фотосүрөттүн форматы өтүнмөнүн документтеринин барактарынын белгиленген өлчөмдөрүнөн ашпагандай тандалат. Чакан форматтагы фотосүрөттөр форматка жана барактын сапатына карата белгиленген талаптарды сактоо менен кагаз барактарга чапталып берилет.
Ар бир графикалык сүрөт сыпаттама текстинде келтирилген кезектүүлүккө ылайык бул сүрөттүн түрүнө (чийме, схема, график, сүрөт ж.б.) жана барактардын номерленишине карабастан араб цифралары менен номерленет (1-фигура, 2-фигура ж.б.). Эгерде сыпаттама бир фигура менен эле түшүндүрүлсө, ага номер коюлбайт.
Графикалык сүрөттөр сыпаттамада жана формулада келтирилбейт.
56. Маалымат булактарынын библиографиялык маалыматтары маалымат булагы алар боюнча табылгандай болуп көрсөтүлөт.
7-глава. Кыргызпатент менен патент алуу боюнча иштерди жүргүзүү
57. Өтүнмө берүү, аны бергенден кийин өтүнмө боюнча кат алышуу жана өтүнмөнү кароодо башка иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн өтүнмө ээси ушул Эрежелердин 14-пунктунда каралган тартипте таризделген ишеним катты ага берүү менен өкүлдү дайындай алат.
Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл гана өтүнмө ээсинин - чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактын өкүлү боло алат. Башка өтүнмө ээлери үчүн өкүл катарында, атап айтканда эгерде алар бир нече болсо, өтүнмө ээлеринин бири, пайдалуу моделдин автору, патенттик ишенимдүү өкүл же башка жак боло алат.
Өкүлчүлүккө ишеним кат (же ишеним каттын көчүрмөсү) Кыргызпатентке документ менен бирге же аталган документ берилгенден кийин 2 айдын ичинде берилет, аны берүүгө өкүл дайындалат. Ишеним кат өтүнмөгө кошулат.
Ишеним кат берилгенге чейин өкүлдүн жүргүзгөн иш-аракеттери жараксыз деп эсептелет жана эске алынбайт.
Ага берилген ыйгарым укуктардын чегинде өкүлдүн кандай болбосун иш-аракети же ага карата Кыргызпатенттин кандай болбосун иш-аракети өтүнмө ээсинин иш-аракетине же өтүнмө ээсине карата мамиленин ошол эле натыйжасына ээ.
Өкүлчүлүк ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктары, алардын жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин же Кыргызпатентке ыйгарым укуктарды токтотуу жөнүндө билдирилгенге чейин жарактуу болот.
Өкүлдү дайындоо жазуу түрүндө арыз берүү аркылуу өтүнмө ээси же анын укук улантуучусу тарабынан жокко чыгарылат.
58. Кат алышуу ар бир өтүнмө боюнча өзүнчө, өтүнмө ээси же буга ыйгарым укук берилген анын өкүлү аркылуу жүргүзүлөт.
Өтүнмө берилгенден кийин жиберилген материалдарда анын номери жана өтүнмө ээсинин же анын өкүлүнүн колу болууга тийиш.
Өтүнмөнүн номери болбогон материалдар эгерде номерди кыйыр түрүндө аныктоого болбосо, каралбастан кайтарылат.
Өтүнмө боюнча өндүрүш процессинде жиберилүүчү материалдар "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттө берилет. Эгерде мөөнөт "ичинде" деген сөз менен билдирилсе жана мөөнөттүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туш келсе, мөөнөттүн бүткөн күнү андан кийинки жумуш күн болуп эсептелет. Эгерде мөөнөттүн аякташы тийиштүү саны жок болгон айга туш келсе, мөөнөт ушул айдын акыркы күнүндө бүтөт.
Эгерде өтүнмө боюнча кат алышууну өтүнмө ээсинин өкүлү жүргүзсө, Кыргызпатенттин корреспонденциясына байланыштуу материалдарды берүү мөөнөтү алардын бул корреспонденцияны жиберген датадан тартып эсептелет.
Кыргызпатентте иш кагаздарын жүргүзүү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.
Өтүнмө ээси тарабынан башка тилде берилген материалдарга алардын мамлекеттик жана/же расмий тилге котормосу тиркелүүгө тийиш. Башка тилдеги материалдар келип түшкөн датадан тартып 3 айдын ичинде котормосу келип түшкөн шартта, материалдар Кыргызпатентке берилген датада берилди деп эсептелет, башка учурда материалдар котормосу келип түшкөн датада берилди деп эсептелет.
Котормосу берилгенге чейин чет тилде берилген материалдар келип түшкөн жок деп эсептелет.
59. Эгерде өтүнмө берилгенден кийин өтүнмө ээси патент алууга өз укугун башка жакка өткөрүп берсе, Кыргызпатентке башка жакка укугун өткөрүп берген көрсөтмө, өтүнүч катта көрсөтүлгөн адамдын макулдугу жана ушул Эрежелердин 21-пунктунда каралган ал тууралуу маалыматтарды камтыган өтүнүч кат берилет.
Өтүнүч катка патент алууга өз укугун өткөрүп берген өтүнмө ээси жана ушул укукка ээ болгон адам кол коет.
Өтүнүч катка алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ тиркелет.
Белгиленген талаптарды сактоодо ушул Эрежелердин 21-пунктунда каралган тартипте өтүнмө ээсине жана анын укук улантуучусуна өтүнмөнүн материалдарына өтүнмө ээсин өзгөртүү жөнүндө жазууларды киргизүү тууралуу кабарланат.
Өтүнмөгө укук өткөн дата өтүнмө ээсине жана анын укук улантуучусуна өтүнмөнүн материалына өтүнмө ээсин өзгөртүү жөнүндө жазууларды киргизүү тууралуу кабарлама жиберилген дата болуп эсептелет.
Белгиленген талаптар сакталбаган учурда өтүнмө ээсине жана анын укук улантуучусуна берилген документтерди оңдоонун жана/же тактоонун зарылдыгы жөнүндө же тийиштүү далилдерди келтирүү менен өтүнмөнүн материалдарына өтүнмө ээсин өзгөртүү жөнүндө жазууларды киргизүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө кабарлама жиберилет.
Өтүнмө ээсинин каалоосу боюнча башка жакка патент алуу укугун өткөрүп берүү Кыргызпатентте аны каттоо менен патент алууга укукту өткөрүп берүү жөнүндө келишим менен таризделет. Ошол эле учурда өтүнүч кат менен бирге тиешелүү алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилет.
Өтүнмө ээлеринин курамын өзгөртүүдө атап айтканда, алардын санын азайтууда же көбөйтүүдө бул өзгөртүүгө өтүнүч кат берилет. Өтүнүч катка алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ тиркелет.
60. Өтүнмө ээси (өтүнмө ээсинин өкүлү) ал берген өтүнмө жана ага тийиштүү документтер менен болжолдуу таанышуу датасын жана убактысын макулдашып, түздөн-түз Кыргызпатентте жана өтүнмөнүн, ага тийиштүү документтердин же алардын бөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүнө суроо-талапты жиберүү аркылуу таанышууга укуктуу. Өтүнүч катка алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ тиркелет.
61. Өтүнмө ээси экспертизанын чечиминде көрсөтүлгөн бардык материалдар менен таанышуу укугуна ээ. Өтүнмө ээси тарабынан суралган патенттик материалдардын көчүрмөлөрүн Кыргызпатент өтүнмө ээсинин суроо-талабын алган датадан тартып бир айдын ичинде жиберет.
Өтүнмөнүн жарыяланбаган, суроо-талапта көрсөтүлгөн анын ошол бөлүктөрүнүн, каралган өтүнмө боюнча издөө жөнүндө чечимдин жана отчеттун материалдары менен өтүнмө ээси түздөн-түз Кыргызпатентте таанышууга укуктуу. Мындай материалдардын көчүрмөлөрү жиберилбейт.
62. Өтүнмө ээсинин катышуусу менен өтүнмөгө байланышкан маселелерди кароо Кыргызпатенттин сунушу боюнча же өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Суроо-талапта экспертизанын суроолору баяндалат.
Суроо-талапка жооп өтүнмө ээсинин өтүнмөнү кароого катышууга ниеттенгендигине карабастан, "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген мөөнөттө өтүнмө ээси тарабынан берилет.
Өтүнмөнү кароо датасы жана убактысы алдын ала макулдашылат. Жагдай өзгөргөн учурда белгиленген убакытта өтүнмөнү кароого катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон тарап дароо бул тууралуу башка тарапка маалымдайт.
Кыргызпатент же өтүнмө ээси өтүнмөнү биргелешип кароону эрте же максатка ылайыксыз деп эсептесе, Кыргызпатенттин сунушу же өтүнмө ээсинин өтүнүчү тиешелүү далилдерди келтирүү менен четке кагылышы мүмкүн.
Өтүнмө ээси алдын ала макулдашуусуз Кыргызпатентке келсе, өтүнмө анын катышуусу менен каралат.
Өтүнмөнү кароодо ушул Эрежелердин 13, 14, 15 жана 57-пункттарынын шарттары сакталса, өтүнмө ээсинин өкүлү катыша алат.
Жалгыз өтүнмө ээси болуп саналбаган жак өкүлчүлүккө ишеним каты болгондо гана башка өтүнмө ээлери жок болсо өтүнмөнү кароого катыша алат.
Талкуулоонун натыйжалары боюнча тараптар билдирген далилдерди жана сунуштарды, иш кагаздарын андан ары жүргүзүү жөнүндө тыянактарды камтыган протокол түзүлүшү мүмкүн.
Талкууланган маселелер боюнча макулдашуулар жок болсо протоколдо кароонун катышуучуларынын өзгөчө пикирлери белгиленет.
Протоколго кароонун катышуучулары кол коет жана өтүнмөнүн материалдарына кошулат.
63. Суралган материалдарды өтүнмө ээси тарабынан берүү мөөнөтү тиешелүү өтүнүч катты бергенде узартылат.
Өтүнүч кат менен бирге мөөнөттү узартуу үчүн белгиленген өлчөмдөгү алымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ берилет. Эгерде мындай документ берилбесе, өтүнүч кат берилген жок деп эсептелет, бул жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
Мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кат суроо-талап жиберилген датадан тартып 3 айдын ичинде берилет.
Суралган материалдарды берүү мөөнөтү узартылгандыгы жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
Берүү мөөнөтү сакталбаса өтүнүч кат канааттандырылбайт, өтүнмө чакыртып алынды деп таанылат.
64. Өтүнмө ээси төмөнкүдөй өтүп кеткен мөөнөттөрдү калыбына келтирүүгө укуктуу:
1) формалдык экспертиза жүргүзүү стадиясында суроо-талап боюнча оңдолгон же жок болгон документти берүү;
2) алдын ала экспертиза жүргүзүү стадиясында суроо-талап боюнча кошумча материалдарды берүү;
3) пайдалуу моделдин бирдиктүүлүк талабы бузулгандыгы жөнүндө кабарламага жооп берүү;
4) формалдык экспертизанын натыйжалары боюнча патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршы пикирди берүү;
5) алдын ала экспертизанын натыйжалары боюнча патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршы пикирди берүү.
65. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси тарабынан өтүп кеткен мөөнөт бүткөн күндөн тартып он эки айдан кечиктирилбестен берилет.
Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдөгү тиешелүү алымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ берилет, ал берилбесе өтүнүч кат берилген жок деп таанылат, ал жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
66. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
8-глава. Кыргызпатентке өтүнмөнүн келип түшүүсү
67. Өтүнмө электрондук же кагаз түрүндө жана мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Чет өлкөлүк өтүнмө ээлери өтүнмөнү мамлекеттик же расмий тилге котормосун тиркөө менен чет тилде берүүгө укуктуу, ал болбосо өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелет, бул тууралуу өтүнмө ээсине кабарланат.
68. Өтүнмө Кыргызпатентке түздөн-түз же почта же болбосо факс аркылуу (кийин түп нускасын берүү менен) же өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү аркылуу берилет.
69. Кыргызпатентке келип түшкөн өтүнмөнүн материалдарына кириш номери ыйгарылат, алар келип түшкөн дата белгиленет.
Өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө кабыл алынган документтердин кириш номерин, келип түшкөн датасын жана барактардын санын көрсөтүү менен өтүнмөнүн материалдары кабыл алынгандыгы жөнүндө тил кат берилет.
70. Өтүнмөнүн документтери факс аркылуу берилген учурда алардын түп нускалары факс аркылуу берилген өтүнмөнүн документтерин бирдейлештирүүчү коштомо кат менен бирге факс аркылуу өтүнмөнүн документтери келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде берилүүгө тийиш.
Ушул пункттун биринчи абзацында каралган шарттар сакталса, өтүнмөнүн документтери келип түшкөн дата алар факс аркылуу келип түшкөн күн болуп эсептелет.
Өтүнмөнүн документтеринин түп нускалары ушул пункттун биринчи абзацында каралган шарттарды бузуу менен берилсе же алар факс аркылуу келип түшкөн өтүнмөнүн документтери менен бирдей болбосо, өтүнмөнүн документтери келип түшкөн дата алардын түп нускалары келип түшкөн күн болуп эсептелет, ал эми факс аркылуу берилген өтүнмөнүн документтери каралбайт.
Өтүнмөгө тиркелген факс аркылуу берилген документтер же кайсы бир бөлүгү алынбаса же окулбаса, анда өтүнмөгө тиркелген алынбаган же окулбаган документтер келип түшкөн дата тиешелүү түп нускалар келип түшкөн күн болуп эсептелет.
Факс аркылуу берилген өтүнмө анын түп нускасы келип түшкөндөн кийин жана Эрежелердин ушул пунктунда каралган өтүнмөнү кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиздер жок болгондо катталат.
Кыргызпатентке берилген өтүнмөнүн документтери өтүнмө ээсине кайтарылбайт.
9-глава. Өтүнмөнүн документтерин оңдоо
71. Өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча берилген чечимдин маңызын өзгөртпөстөн өтүнмө берилген датадан тартып 2 айдын ичинде өтүнмөнүн материалдарын оңдоого жана тактоого болот.
Мындай оңдоолор жана тактоолор көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин, бирок пайдалуу моделге патент берүү жөнүндө чечим чыкканга чейин берилет.
Ошол эле учурда оңдоолор жана тактоолор менен бирге белгиленген өлчөмдөгү тиешелүү алымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ берилүүгө тийиш. Аталган документ берилбесе мындай оңдоолор жана тактоолор өтүнмөнү кароодо эске алынбайт.
72. Өтүнмөнүн документтерин оңдоо жана тактоо алмаштыруучу баракты берүү аркылуу жүргүзүлөт. Алмаштыруучу барактар өтүнмөнүн тиешелүү документтин ар бир нускасы үчүн мамлекеттик жана/же расмий тилде же документтин мамлекеттик жана/же расмий тилге котормосу берилет жана ушул Эрежелердин 46-56-пункттарынын талаптарын канааттандырууга тийиш.
73. Эгерде оңдоолор басмадан кеткен каталарга, стилистикалык каталарга, библиографиялык маалыматтардын көрсөтмөсүндөгү каталарга ж.б. тиешелүү болсо жана документти оңдоо репродукциялоодо тактыкка карата терс кесепеттерге алып келбесе, оңдоолорду киргизүүнүн зарылдыгы алмаштыруучу барактарды бербестен өтүнмө ээсинин катында билдирилиши мүмкүн.
74. Эгерде техниканын бул жаатындагы адис өтүнмө берилген дата өтүнмөдө жазылгандан башкача жазылган жана сунушталгандан тышкары эч кандай оңдоо киргизилбейт деп түшүнсө, ката анык болуп эсептелет.
75. Техникалык каталарга сөздөрдүн туура эмес жазылышы, тыныш белгилердин туура эмес коюлушу (грамматикалык каталар), маалымат булактарынын библиографиялык маалыматтарын көрсөтүүдө басмадан кеткен каталардын жана каталардын ж.б. болушу менен шартталган каталар кирет.
10-глава. Өтүнмөнүн формалдык экспертизасы
76. Формалдык экспертиза Кыргызпатентке өтүнмө берилген датадан тартып 2 айдын ичинде жүргүзүлөт.
77. Өтүнмөгө формалдык экспертиза жүргүзүүдө төмөнкүлөр текшерилет:
1) ушул Эрежелердин 12-пунктунда жана "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25, 27-беренелеринде каралган зарыл болгон документтердин тизмеги;
2) ушул Эрежелердин 22-24 жана 48-56-пункттарынын талаптарына ылайык алардын туура таризделиши;
3) билдирилген пайдалуу моделдин "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн объекттерге киргендиги;
4) ушул Эрежелердин 13-пунктунда аныкталган, белгиленген өлчөмдөгү алымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документтин болушу, алымды төлөө мөөнөттөрүнүн сакталышы, алымды төлөөнүн тууралыгы;
5) патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн ишеним каттын болушун жана таризделишинин тууралыгын кошкондо, "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу өтүнмө берилген учурда, өтүнмө берүү эрежелерин сактоо (ушул Эрежелердин 14-пункту);
6) билдирилген чечимдин укуктук коргоо берилүүчү пайдалуу моделдин объекттерине шайкештиги (ушул Эрежелердин 3 жана 4-пункттары).
7) "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинде каралган артыкчылык датасын белгилөө үчүн зарыл болгон документтердин болушу;
8) эгерде документтер башка тилде берилсе, документтердин мамлекеттик жана расмий тилдеги котормосунун болушу;
9) билдирилген пайдалуу моделдин (пайдалуу моделдердин тобунун) маңызын талдоосуз белгиленген пайдалуу моделдин сыпаттамасына жана формуласына карата ушул Эрежелердин талаптарын башка бузуулардын болушу;
10) билдирилген пайдалуу моделдин формуласынын негизинде классификациялык индексти белгилөө аркылуу Эл аралык патенттик классификацияга (ЭПК) ылайык пайдалуу моделдерди классификациялоонун тууралыгы жана зарыл болгон учурда пайдалуу моделдин, чиймелердин жана башка материалдардын, анын ичинде электрондук формадагы пайдалуу моделдин үч өлчөмдүү моделинин (эгерде акыркысы өтүнмөдө камтылса) сыпаттамалары.
Эгерде пайдалуу модель ЭПКнын ар кандай рубрикаларына кирсе, бардык тиешелүү классификациялык индекстер белгиленет. Ошону менен бирге биринчи классификациялык индексти тандоо пайдалуу моделдин аталышы менен аныкталат. Формалдык экспертизанын жүрүшүндө белгиленген классификациялык индекстер алдын ала экспертизанын жүрүшүндө такталат.
78. Өтүнмөгө формалдык экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө өтүнмө берилген дата белгиленет. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык өтүнмө берилген дата катары арызды, пайдалуу моделдин сыпаттамасын жана эгерде сыпаттамада аларга шилтеме берилсе, чиймелерди камтыган өтүнмө Кыргызпатентке келип түшкөн дата эсептелет.
Аталган документтер бир убакта берилбесе, алардын акыркысы келип түшкөн дата өтүнмө берилген дата болуп саналат.
Эгерде башында келип түшкөн документтер ушул Эрежелердин 12-пунктунун талаптарын канааттандырбаса, өтүнмө ээсине суроо-талап жиберилген датадан тартып үч айдын ичинде оңдоолорду же жетишсиз материалдарды берүүнү сунуштоо менен суроо-талап жиберилет.
Өтүнмө ээси суроо-таланты алган күндөн тартып 3 ай өткөнгө чейин өтүнмөнүн белгиленген кемчиликтерин жоюучу кошумча материалдар келип түшсө, ушул Эрежелердин 13-пунктунун талаптары аткарыла турган дата өтүнмө берилген дата катары белгиленет.
Көрсөтүлгөн мөөнөттө суралган материалдар же көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кат берилбесе, өтүнмө чакыртып алынды деп таанылат. Бул мөөнөт алым төлөнгөн шартта, бирок он эки айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Өтүнмө ээсине өтүнмөнү чакыртып алынды деп таануу жөнүндө кабарлама жиберилет.
79. Эгерде өтүнмөнү формалдык экспертиза жүргүзүү процессинде өтүнмөнүн тариздөөгө жана түзүүгө белгиленген талаптарды бузуу менен берилгендиги белгиленсе, өтүнмө ээсине суроо-талапты жиберген датадан тартып үч айлык мөөнөттө оңдоолорду же жетишсиз материалдарды берүүнү сунуштоо менен суроо-талап жиберилет.
Эгерде артыкчылык датасын белгилөө үчүн зарыл болгон документ жок болгон учурда суроо-талап токтоосуз жиберилет.
80. Суроо-талап үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат, атап айтканда:
1) өтүнмөдө ушул Эрежелердин 12-пунктунда каралган документтердин эң аз бири жок болсо;
2) өтүнмөдө артыкчылык датасын белгилөө үчүн зарыл болгон документтердин эң аз бири жок болсо: анын (алардын) атына патент суралган жакты (жактарды), ошондой эле анын (алардын) турган ордун көрсөтүү менен пайдалуу моделге патент берүү жөнүндө арыз; "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 3, 6, 7, 8 жана 10-бөлүктөрүндө каралган пайдалуу моделдин сыпаттамасы же пайдалуу моделдин сыпаттамасынын бөлүгү же аталган сыпаттаманын элементи катары чиймеси же мурда берилген кайсы болбосун түрдөгү өтүнмөгө шилтемелер;
3) эгерде документтер башка тилде берилсе, документтердин мамлекеттик же расмий тилге котормосунун жоктугу. Белгиленген мөөнөттө котормо берилбеген учурда өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелет, бул жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат;
4) эгерде өтүнмө патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл аркылуу берилсе, өкүлчүлүккө ишеним каттын жоктугу жана/же аны тариздөө талаптарынын бузулушу;
5) эгерде Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде өтүнмөнү ушундай берүүнү караган тартип белгиленбесе, Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу эмес чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактардын өтүнмө берүүсү;
6) өтүнмө берүү үчүн алымдын төлөгөндүгүн ырастаган документтин же аталган алымды төлөөдөн бошотуу же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздердин болушун ырастоочу документтин жоктугу;
7) алымдын туура төлөнгөндүгүнө байланышкан маселелерди тактоо зарылдыгы. Эгерде пайдалуу моделдин санына төлөнгөн алымдын суммасы шайкеш келбегендиги аныкталган учурда, өтүнмө ээсине пайдалуу моделдердин тобуна өтүнмө боюнча белгиленген мөөнөттө алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилбесе, эгерде ап аталган мөөнөттө өз тандоосу жөнүндө билдирбесе, өтүнмө ээси тандаган же формулада биринчи болуп көрсөтүлгөн алар үчүн алым төлөнгөн пайдалуу моделдерге карата экспертиза жүргүзүлө тургандыгы кабарланат;
8) патент берүү жөнүндө арызда ушул Эрежелерде каралган реквизиттердин, кол тамгалардын, мөөрдүн оттискинин (зарыл болгон учурда) жоктугу;
9) аларды жарыялоого, сактоого тоскоолдук жараткан жана/же кызыкдар жактардын алар менен таанышуусуна мүмкүндүк бербеген документтерди тариздөөдө кемчиликтерди (барактардын форматына, талаалардын өлчөмдөрүнө ж.б. талаптардын бузулушу, өтүнмөнүн материалдарын окууну татаалдаштырган басманын сапаты, тексттеги көптөгөн грамматикалык жана стилистикалык каталардын болушу ж.б.) аныктоо;
10) өтүнмөнүн документтеринин бири-бирине шайкеш келбегендиги (мисалы, арызда билдирилген пайдалуу моделдин аталышы сыпаттамада, формулада жана рефератта келтирилген аталышка шайкеш келбейт);
11) бир сүйлөм түрүндө формуланын пунктун баяндоо жөнүндө ушул Эрежелердин 39-41-пункттарынын талаптарынын бузулушу;
12) билдирилген пайдалуу моделдин маңызын талдоосуз белгиленген өтүнмөнүн документтерине карата ушул Эрежелердин талаптарын башка бузуулар.
81. Өтүнмө ээсине жетишсиз жана оңдолгон документтер боюнча суроо-талап өтүнмөнүн жана анын документтеринин кемчиликтерин жоюу зарылчылыгына жараша жиберилет.
82. Өтүнмө ээси тарабынан суроо-талапка ылайык киргизилген оңдоолорду камтыган, өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча да оңдолгон документ ушул Эрежелердин 144-149-пункттарынын шарттарын сактоо менен берилет.
83. Эгерде өтүнмө ээси суралган материалдарды же ушул Эрежелердин 63-пунктунда каралган шарттарды сактоо менен, аларды берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч катты бербесе, өтүнмө чакыртып алынды деп таанылат, бул тууралуу өтүнмө ээсине кабарланат. Мындай учурда өтүнмө боюнча иш кагаздарын жүргүзүү токтотулат жана өтүнмөнүн материалдары Кыргызпатенттин архивине өткөрүп берилет.
84. Өтүнмөнү формалдык экспертиза жүргүзүү процессинде билдирилген чечим белгиленген тартипте жашыруу деп таанылса, анда пайдалуу моделди укуктук коргоо "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт, бул тууралуу өтүнмө ээсине кабарланат.
85. Формалдык экспертиза жүргүзүүнүн натыйжасында билдирилген пайдалуу модель "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык пайдалуу модель деп таанылбаган объекттерге кирсе, анда патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Эгерде ал жалпысынан формуланын пунктунда мүнөздөлгөндөй түрдө ушул Эрежелердин 3-пунктунда келтирилген сунуштардын тизмегине туура келсе, билдирилген сунуш пайдалуу модель катары корголуучу объекттерге таандык деп таанылбайт.
Өтүнмө ээси суроо-талапка берген жообунда экспертизанын далилдерин жокко чыгарбаса жана пайдалуу моделдин формуласын өзгөртпөсө, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат. Аталган чечим өтүнмө ээсине жиберилет.
Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде өтүнмө ээсине пайдалуу моделге патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим менен макул болбогон учурда, Кыргызпатенттин Апелляциялык кеңешине (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) чечимди алган датадан тартып 3 айдын ичинде каршы пикирин берүү укугу жөнүндө кошумча билдирилет.
86. Каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан аны алган датадан тартып үч айлык мөөнөттө каралат. Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбосо, ал аны алган датадан тартып 3 айдын ичинде сотко доо арыз менен кайрыла алат.
Өтүнмө ээсинин каршы пикирин берүүсүнүн өтүп кеткен мөөнөтү алымды төлөгөн шартта калыбына келтирилиши мүмкүн. Тиешелүү өтүнүч кат өтүп кеткен мөөнөт аяктаган күндөн тартып он эки айдан кечиктирбестен берилет.
Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдөгү алымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ берилет. Эгерде аталган документ берилбесе, өтүнүч кат берилген жок ден эсептелет, ал жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
87. Эгерде өтүнмө ушул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделген зарыл болгон документтерди камтыса жана билдирилген сунуш пайдалуу модель катарында корголуучу объектке кирсе, өтүнмө ээсине өтүнмө берилген датаны көрсөтүү менен өтүнмөнүн кароого кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлама жиберилет.
11-глава. Алдын ала экспертиза
88. Пайдалуу моделге өтүнмөнү формалдык экспертиза жүргүзүүнүн оң натыйжасында 10 айдын ичинде алдын ала экспертиза жүргүзүлөт ("Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 6-бөлүгү).
89. Өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча жана тиешелүү алым төлөнгөн шартта өтүнмөнү тездетилген алдын ала экспертиза жүргүзүлөт ("Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 7-бөлүгү). Эгерде Кыргызпатентке өтүнмө берген датадан тартып 12 ай өткөнгө чейин же эгерде артыкчылык датасынан тартып артыкчылык суралса, патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынса же патент берилсе жана жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө андан бир кыйла мурдагы артыкчылыкты талап кылуу менен окшош өтүнмө келип түшсө, патент берүү жөнүндө чечим же патент жокко чыгарылат.
90. Өтүнмөгө алдын ала экспертиза жүргүзүүдө төмөнкүлөр текшерилет:
1) өтүнмөнүн документтеринин мазмунуна карата белгиленген талаптардын сакталышы (ушул Эрежелердин 24-47-пункттары);
2) пайдалуу моделдин бирдиктүүлүк талабынын сакталышы;
3) эгерде алар берилсе, кошумча материалдар билдирилген пайдалуу моделдин маңызын өзгөртөбү жана аларды берүүнүн белгиленген тартиби сакталдыбы;
4) өтүнмө ээси жүргүзгөн ЭПЖ боюнча пайдалуу моделди классификациялоонун тууралыгы (же эгерде өтүнмө ээси тарабынан жүргүзүлбөсө, мындай классификация жүргүзүлөт);
5) Кыргызпатентке аны берген датага караганда өтүнмөдө бир кыйла мурдагы артыкчылыкты суроонун негиздүүлүгү;
6) өтүнмө ээси берген пайдалуу моделдин формуласынын ушул Эрежелердин 33-43-пункттарында келтирилген талаптарга шайкештиги;
7) өтүнмөнүн алгачкы материалдарында жана өтүнмөнү кароодо эске алынган кошумча материалдарда өтүнмө ээси сунуштаган формулада мүнөздөлгөн билдирилген пайдалуу моделдин "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык патентке жөндөмдүүлүк шарттарына шайкештиги;
8) адис тарабынан аны жүргүзүү үчүн "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында белгиленген пайдалуу моделдин маңызын ачып көрсөтүү талаптарына өтүнмөнүн материалдарынын шайкештиги.
91. Өтүнмөнү алдын ала экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүнү эске алуу менен техникалык деңгээлин аныктоо үчүн билдирилген пайдалуу моделге карата маалыматтык издөө жүргүзүлөт.
92. Эгерде бул өтүнмө ээси тарабынан жасалбаса, өтүнмөнүн предметин техниканын тигил же бул тармагына киргизүү максатында Кыргызпатент билдирилген пайдалуу моделдерди ЭПЖга ылайык классификациялайт.
Классификациялоо ЭПЖда белгиленген эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
Классификациялоодо классификациялык индексти тандоо үчүн негиз билдирилген пайдалуу моделдин формуласы болуп эсептелет. Пайдалуу моделдин маңызын бир кыйла толук түшүнүү үчүн сыпаттама жана чиймелер пайдаланылат. Эгерде өтүнмө ЭПЖнын ар түрдүү рубрикасына кирген бир нече объектти камтыса, бардык тиешелүү классификациялоо индекстери белгиленет. Ошол эле учурда биринчи индексти тандоо пайдалуу моделдин аталышы менен аныкталат.
93. Пайдалуу моделдин артыкчылыгы төмөнкүлөр боюнча белгиленет:
1) Кыргызпатентке өтүнмө берилген дата боюнча ("Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 1-бөлүгү);
2) Париж конвенциясына катышуучу мамлекетте биринчи өтүнмө берилген дата боюнча;
3) бир кыйла мурда берилген өтүнмөгө кошумча материалдар берилген дата боюнча;
4) Кыргызпатентке ошол эле өтүнмө ээсинин бир кыйла мурда өтүнмөнү берген дата боюнча;
5) мурда берилген бир нече өтүнмөнүн негизинде;
6) бөлүнгөн өтүнмө боюнча.
Өтүнмө ээси суралган артыкчылыкты ырастаган зарыл болгон документтерди көрсөтүүгө тийиш.
94. Эгерде өтүнмө боюнча Кыргызпатентке өтүнмө берилген датага караганда артыкчылык бир кыйла мурда суралбаса, артыкчылык өтүнмөнү берүү датасы боюнча белгиленет.
95. Конвенциялык артыкчылыкты суроодо төмөнкүлөр текшерилет:
1) конвенциялык артыкчылыкты суроо үчүн өтүнмө ээси тарабынан "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн сакталышы;
2) биринчи өтүнмөнүн көчүрмөсүнүн болушу жана берүү мөөнөтүнүн сакталышы (Кыргызпатентке өтүнмө берүү менен бирге же өтүнмө берген датадан тартып 3 айдан кечиктирбестен). Эгерде биринчи өтүнмөлөр бир нече болсо, көрсөтүлгөн шарттар ар бир өтүнмөнүн көчүрмөсүнө карата сакталууга тийиш;
3) өтүнмө ээси тарабынан биринчи өтүнмө берген датадан тартып он эки айлык мөөнөттүн сакталышы, анын ичинде Кыргызпатентке конвенциялык өтүнмө келип түшүүгө тийиш. Эгерде өтүнмө көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечирээк, бирок ал аяктаган датадан тартып эки ай өткөнгө чейин, тиешелүү алым төлөнгөн шартта берилсе, көрсөтүлгөн он эки айлык мөөнөттө өтүнмө берүүгө тоскоол болгон жагдайлар өтүнмө ээси тарабынан билдирилгендиги текшерилет жана эгерде ушундай ырастоо болбосо, аларды документтик ырастоо зарылчылыгы белгиленет (көрсөтүлгөн мөөнөттөр ушул Эрежелердин 58-пунктунун төртүнчү абзацында белгиленген тартипте эсептелет);
4) билдирилген пайдалуу моделди биринчи өтүнмөдө ачып көрсөтүү.
96. Кошумча материалдар берилген дата боюнча пайдалуу моделдин артыкчылыгын суроодо төмөнкүдөй талаптардын сакталгандыгы текшерилет:
1) ал боюнча мындай артыкчылык суралган өтүнмө аларды билдирилген чечимдин маңызын өзгөрткөндүгүн таанууга байланыштуу кошумча материалдарды эске алуунун мүмкүн эместиги жөнүндө Кыргызпатенттин кабарламасы жиберилген датадан тартып үч айдын ичинде Кыргызпатентке берилүүгө тийиш;
2) билдирилген пайдалуу модель алар келип түшкөн дата боюнча артыкчылык суралган кошумча материалдарда (ал боюнча ушул материалдар берилген өтүнмөнүн мазмунун эске алуу менен) ачып көрсөтүлүүгө тийиш.
97. Өтүнмө ээсинин ушул пайдалуу моделди ачып көрсөтүүчү бир кыйла мурдагы өтүнмөсүн Кыргызпатентке берген дата боюнча пайдалуу моделдин артыкчылыгын суроодо төмөнкүдөй талаптардын сакталышы текшерилет:
1) мындай артыкчылык суралган өтүнмө пайдалуу моделге өтүнмөнү бир кыйла мурда берген датадан тартып 6 айдан кечиктирбестен же ойлоп табууга өтүнмөнү бир кыйла мурда берген датадан тартып 12 айдан кечиктирбестен Кыргызпатентке берилүүгө тийиш;
2) билдирилген пайдалуу модель пайдалуу моделге же ойлоп табууга бир кыйла мурдагы өтүнмөдө ачып көрсөтүлүүгө тийиш;
3) бир кыйла мурда берилген өтүнмө боюнча бир кыйла мурдагы артыкчылык суралбоого тийиш.
Көрсөтүлгөн артыкчылыкты суроодо бир кыйла мурдагы өтүнмө (же эгерде алар бир нече болсо, бардык өтүнмөлөр) чакырып алынган деп таанылат, ал жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
98. Бул пайдалуу моделди ачып көрсөтүүчү баштапкы өтүнмөнү Кыргызпатентке берген дата боюнча бөлүнгөн өтүнмө боюнча пайдалуу моделдин артыкчылыгын суроодо ("Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык) төмөнкүдөй талаптардын сакталышы текшерилет:
1) бөлүнгөн өтүнмө даттануу мүмкүнчүлүгү бүткөн, баштапкы өтүнмө боюнча пайдалуу моделге же ойлоп табууга патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин (башкача айтканда өтүнмө боюнча иш кагаздарын жүргүзүүнү улантуу мүмкүнчүлүгү болгон мезгилде) же баштапкы өтүнмө боюнча патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестринде пайдалуу моделди же ойлоп табууну каттаган датага чейин Кыргызпатентке берилет;
2) бөлүнгөн өтүнмөдө билдирилген пайдалуу модель баштапкы өтүнмөдө, ал эми эгер өтүнмө конвенциялык өтүнмөдөн бөлүнсө жана артыкчылык анын артыкчылыгынын датасы боюнча суралса - баштапкы өтүнмөдө ачып көрсөтүлүүгө тийиш.
99. Өтүнмө ээси тарабынан пайдалуу моделдер үчүн бир нече артыкчылык суралган учурда, өтүнмө ээси мындай артыкчылыктарды суроо үчүн көрсөтүлгөн негиздерге жараша ушул Эрежелердин 95-98-пункттарында саналгандардын ичинен тиешелүү шарттарды сактоо белгиленет.
Эгерде формуланын көз карандысыз жана көз каранды пункттарында мүнөздөлгөн пайдалуу моделге карата берилген датасы ар башка болгон биринчи эки өтүнмөнүн негизинде ар түрдүү конвенциялык артыкчылыктар суралса, анда өтүнмө ээсинин ушул Эрежелердин 95-пунктунда белгиленген талаптарды сактагандыгы белгиленсе, биринчи эки өтүнмөнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдүн болушу, биринчи эки өтүнмөнүн берилген датасына карата он эки айлык мөөнөттүн сакталгандыгы текшерилет. Көз карандысыз жана көз каранды пункттарда мүнөздөлгөн пайдалуу моделди ачып көрсөтүү формуланын тийиштүү пункту боюнча артыкчылык суралган ал берилген дата боюнча ошол биринчи өтүнмөгө карата текшерилет.
Өтүнмө ээси тарабынан формуланын пункттары боюнча артыкчылык суралган дата жазылбаса, биринчи өтүнмөнүн кайсынысында пайдалуу моделдердин бул пункттарында мүнөздөлгөндөрдүн ичинен ар бири толугу менен ачып көрсөтүлгөндүгү белгиленет.
100. Пайдалуу моделдин артыкчылыгын белгилөөнүн шарттарын сактоону текшерүү.
Ушул Эрежелердин 96-98-пункттарына ылайык пайдалуу моделдин артыкчылыгын белгилөө шарттарын сактоону текшерүүдө анын негизинде артыкчылык суралган өтүнмө же ага ушундай суроо үчүн негиз болгон кошумча материалдар берилген өтүнмө чакыртып алынбагандыгын же чакырып алынган ден таанылбагандыгын текшерүү зарыл.
Өтүнмө ээсинин суралган артыкчылыкты белгилөө шарттары катарында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү сактагандыгын текшерүүдө ушул Эрежелердин 58-пунктунун төртүнчү абзацын жетекчиликке алуу зарыл.
101. Өтүнмө ээсинин артыкчылыкты суроо үчүн негиз болгон мурда берилген материалдарда (мурда берилген өтүнмөдө, кошумча материалдарда) билдирилген пайдалуу моделди ачып көрсөтүүгө байланышкан талаптарды сактагандыгын белгилөөдө бул материалдарда (сыпаттамада, мурда берилген өтүнмөнүн формуласында, кошумча материалдардын тексттик бөлүгүндө) билдирилген пайдалуу моделдин формуласына киргизилген бардык белгилердин көрсөтүлгөндүгү текшерилет.
102. Өтүнмө ээсинин билдирилген пайдалуу моделге карата ушул Эрежелердин 95-98-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо суралуучу артыкчылык белгиленет.
Артыкчылык конвенциялык өтүнмөдөн бөлүнгөн өтүнмө боюнча суралган учурда, ушул Эрежелердин 98-пунктунун талаптарын сактоодо пайдалуу моделдин артыкчылыгы конвенциялык өтүнмөнүн артыкчылык датасы боюнча (Кыргызпатентке берген дата боюнча эмес) белгиленет.
103. Өтүнмө ээси ушул Эрежелердин 95-98-пункттарында көрсөтүлгөн талаптардын бирин эле сактабаса, пайдалуу моделдин артыкчылыгы (бул тууралуу өтүнмө ээсине алдын ала кабарлоо менен) "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык белгиленет. Эгерде көрсөтүлгөн талаптар коп звенолуу формуланын пункттарынын биринде мүнөздөлгөн пайдалуу моделге карата сакталбаса, артыкчылык Кыргызпатентке өтүнмө берген дата боюнча формуланын тиешелүү пункту боюнча гана белгиленет.
104. Эгерде өтүнмөнү кароонун натыйжасында өтүнмөнүн пайдалуу моделдин бирдиктүүлүк талабын бузуу менен берилгендиги аныкталса, өтүнмө ээсине ал жөнүндө кабарлама жиберилет жана кабарлама жиберилген датадан тартып 3 айдын ичинде пайдалуу моделдердин кайсынысы каралууга тийиш экендигин билдирүү жана тиешелүү түрдө өтүнмөнүн документтерин тактоо сунушталат.
Пайдалуу моделдин бирдиктүүлүк талаптарынын сакталышы пайдалуу моделдин баштапкы формуласына карата же эгерде ал өзгөрсө, белгиленген тартипте өтүнмө ээси сунуштаган акыркы формулага карата текшерилет.
Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө пайдалуу моделдин кайсынысын (же эгерде ушундай топ билдирилген пайдалуу моделдердин ичинде камтылса, бирдиктүүлүк талаптарына жооп берген пайдалуу моделдердин тобу) кароо зарыл экендигин билдирбесе жана такталган документтерди бербесе, формулада биринчи көрсөтүлгөн пайдалуу моделге карата гана экспертиза жүргүзүлөт (же формулада биринчи көрсөтүлгөн билдирилген пайдалуу моделдердин ичинен, алар пайдалуу моделдин бирдиктүүлүк талаптарына жооп берүүчү топту түзөт).
105. Пайдалуу моделдин формуласын текшерүү өтүнмөнүн формалдык экспертизасы бүткөн учурда өтүнмөдө камтылган пайдалуу моделдин формуласына карата жүргүзүлөт, ал эми эгерде ал андан кийин өтүнмө ээси тарабынан өзгөртүлсө, анда өзгөртүлгөн формула ушул Эрежелердин 145-148-пункттарында белгиленген талаптарды сактоо шартында текшерилет.
106. Пайдалуу моделдин формуласын текшерүүдө андагы алардын жыйындысы өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн техникалык натыйжаны алуу үчүн жетиштүү болгон билдирилген пайдалуу моделдин олуттуу белгилери болгондугу белгиленет. Мындай техникалык натыйжаны алууда коомдук муктаждыктын бар экендиги текшерилбейт.
Эгерде ансыз техникалык натыйжа алынбай турган маанилүү белги пайдалуу моделдин формуласына киргизилбесе, бирок сыпаттамада камтылса, өтүнмө ээсине аны формулага киргизүү сунушталат. Ошол эле учурда техникалык натыйжага жетүү үчүн бул белгинин зарыл экендигин ырастаган далилдер келтирилет. Мындай далилдер сыпаттамада ачып көрсөтүлүүчү белгилердин жана техникалык натыйжанын жс жүргүзгөн экспертизанын теориялык талдоонун ортосундагы себептик-натыйжалык байланыштарга негизделиши мүмкүн.
Өтүнмө ээси тарабынан берилген формула билдирилген пайдалуу моделдин аткарылышынын же пайдаланылышынын жеке формаларын гана мүнөздөөчү анча маанилүү эмес белгилерди камтыгандыгы белгиленген учурда, пайдалуу моделдин формуласынын мындай редакциясын сактоонун максатка ылайыктуулугу жөнүндө өтүнмө ээсинин пикири суралат.
107. Пайдалуу моделдин формуласын текшерүү ушул Эрежелердин 33-пунктунун 4-пунктчасына ылайык анда камтылган бирдейлештирүү мүмкүнчүлүгүн белгилөөнү камтыйт.
Белгини бирдейлештирүүдө шектенүү келип чыкса, экспертиза мындай мүмкүнчүлүктү ырастоону суроого укуктуу.
Эгерде белгини бирдейлештирүү мүмкүнчүлүгү үчүн пайдалуу моделдин сыпаттамасынын негизинде анын мүнөздөмөсүн оңдоо зарыл экендиги аныкталса, өтүнмө ээсине ушундай оңдоону жүргүзүү сунушталат.
Белгини бирдейлештирүү мүмкүнчүлүгүнүн шарттары сакталып, бирок мүнөздөө үчүн эскирип калган же техниканын конкреттүү тармагында колдонууга толугу менен жооп бербеген терминология пайдаланылган учурда, өтүнмө ээсине пайдалуу моделдин формуласына тийиштүү оңдоо киргизүү сунушталат.
Эгерде белгини бирдейлештирүү мүмкүн эместиги аныкталса жана өтүнмө ээси пайдалуу моделдин формуласын ондоодон баш тартса, анда өтүнмөнү мындан ары кароодо мындай белги эске алынбайт.
108. Эгерде пайдалуу моделдин формуласы жалпы түшүнүк менен берилген белгини камтыса, ушул Эрежелердин 33-пунктунун 7-пунктчасына ылайык аны пайдаланууга укук ченемдүүлүгү аныкталат.
Экспертиза тарабынан ушул жалпы түшүнүккө туура келген белгини ишке ашыруунун жеке формалары аныкталса, бирок өтүнмө ээси көрсөтүлгөн техникалык натыйжаны алууну камсыз кылбаса (башка олуттуу белгилер менен бирге), өтүнмө ээсине тийиштүү жүйөлөр келтирилет жана пайдалуу моделдин сыпаттамасынын негизинде формуланы четтетүү же оңдоо сунушталат.
109. Эгерде өтүнмөдө бир кез карандысыз пункт менен бир звенолуу формула же кеп звенолуу формула келтирилсе, мындай формулада бир пайдалуу модель мүнөздөлгөндүгү текшерилет.
Мындай текшерүү ушул Эрежелердин 40 жана 41-пункттарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн талаптарды бузгандыгы аныкталганда, өтүнмө ээсине тийиштүү алымды төлөө менен аныкталган бузууларды четтетүү үчүн формуланы оңдоо сунушталат. Мында оңдолгон формулада бирдиктүүлүк талаптарын сактоо жана мурда өзүнчө көз карандысыз пункттар менен берилбеген пайдалуу моделге жаңы көз карандысыз пункттардын оңдолгон формуласына киргизилген учурда тийиштүү алымды төлөө же болбосо формуланы оңдоодон баш тартылган учурда, мындан ары каралуучу пайдалуу моделди атоо зарылчылыгы көрсөтүлөт.
Эгерде көрсөтүлгөн корутундулар үчүн альтернативдик түшүнүктөрдүн белгисин мүнөздөө үчүн өтүнмө ээсинин шарттарды сактабагандыгы негиз болсо, аларга карата ушундай бузуу аныкталган конкреттүү альтернативдик мүнөздөмөлөрүн (бардык же өтүнмө ээси тарабынан келтирилгендердин ичинен айрымдарынын) көрсөтүү менен кетирилген бузуулардын мүнөзү көрсөтүлөт.
110. Эгерде өтүнмө ээси бир нече көз карандысыз пункттарды камтыган көп звенолуу формуланы сунуштаса, ушул Эрежелердин 109-пунктунда баяндалгандарга ылайык алардын ар бирине талдоо жүргүзүлөт (эгерде ушундайлар бар болсо, аларга баш ийген көз каранды пункттар менен бирдикте).
Ар бир көз карандысыз пункту (ага баш ийген көз каранды пункттар менен бирге, эгерде алар бар болсо) бир гана ойлоп табууну мүнөздөгөн көп звенолуу формулага карата ага киргизилген пайдалуу моделдер бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзгөн пайдалуу моделдин тобун билдирилери аныкталат.
Бирдиктүү ойлоп табуучулук оюнун шарты эгерде көз карандысыз пункттарда мүнөздөлгөн пайдалуу моделдер өз ара ушул Эрежелердин 4-пунктунда көрсөтүлгөндөй катышта болсо, сакталды деп таанылат.
Көз карандысыз пункттарда мүнөздөлгөн пайдалуу моделдер варианттарга туура киргизилгендигин текшерүүдө, өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн пайдалуу моделдердин багыты жана техникалык натыйжалары дал келгендигин аныктоо зарыл.
Эгерде топтун пайдалуу моделдеринин ар бири үчүн (же алардын бири) бир нече техникалык натыйжа белгиленсе, ал эми көрсөтүлгөн техникалык натыйжалардын ичинен айрымдарына карата гана дал келиши аныкталса, техникалык натыйжалардын дал келүү шарты бузулду деп эсептелбейт.
Бардык пайдалуу моделдер үчүн техникалык натыйжаны жалпы мүнөздөөдөн тышкары, алардын бирин түшүндүрмөдө кошумча түрдө кайсы бир спецификалык өзгөчөлүгүнө ("сүрүлүүнү азайтуу" жана "жогору нымдуулук шартында сүрүлүүнү азайтуу") көрсөтмөнү камтыган учурда дагы техникалык натыйжалардын шарттуу дал келүүлөрү бузулду деп эсептелбейт.
111. Эгерде өтүнмө ээси сунуштаган пайдалуу моделдин формуласын текшерүүдө формуланын түзүмүнө жана анын баяндамасында коюлуучу белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги аныкталса, өтүнмө ээсине пайдалуу моделдин формуласын оңдоо сунушталат.
112. Экспертиза жүргүзүүнүн суроо-талабы боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча өтүнмө ээси тарабынан өзгөртүлгөн формулага карата ушул Эрежелердин 106-111-пункттарына ылайык текшерүү жүргүзүлөт.
Пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн өтүнмө ээси ырастаган өзгөртүүлөр менен формула кабыл алынат.
113. Ушул Эрежелердин 109-пунктунда баяндалгандарга ылайык текшерүүдө бир көз карандысыз пункту менен бир звенолуу формула же көп звенолуу формула бирден көбүрөөк пайдалуу моделге кире тургандыгы аныкталганда жана өтүнмө ээси формуланы оңдоодон баш тартканда өтүнмө ээсине патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн төмөнкүлөр кабыл алына тургандыгы билдирилет:
1) эгерде аныкталган пайдалуу моделдер бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзбөгөндүгү аныкталса, ошондой эле алар бирдиктүүлүк талаптарын канааттандырып, бирок өтүнмөнү экспертиза жүргүзүү үчүн кошумча алымды төлөбөгөн учурда жана пайдалуу моделдердин кайсынысы (кайсылары) ушул өтүнмөнүн алкагында каралышы керек экендиги көрсөтүлбөсө, пайдалуу моделдердин формуласында көрсөтүлгөндөрдүн биринчиси (ага алым төлөнгөн, бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзгөн биринчиси);
2) эгерде экспертиза жүргүзүүдө аныкталган пайдалуу моделдер бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзгөндүгү жана белгиленген өлчөмдө кошумча алымды төлөгөндүгүн ырастаган документ белгиленген мөөнөттө берилгендиги аныкталса, каралуучу формула.
114. Ушул Эрежелердин 110-пунктунда каралган текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ушул Эрежелердин 113-пунктунун жоболору тиешелүү түрдө колдонулат.
115. Көп звенолуу формула менен мүнөздөлгөн пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүнүн өзгөчөлүгү.
Эгерде пайдалуу модель көз каранды пункттарды камтыган көп звенолуу формула менен мүнөздөлсө жана жаңылыктын жоктугунан көз карандысыз пунктка карата патентке жөндөмсүздүк жөнүндө тыянак алынса, өтүнмө ээсине бул жөнүндө билдирилет жана пайдалуу моделдин оңдолгон формуласы менен мындай максатка ылайыктуулукту ырастаган учурда, өтүнмөнү мындан ары кароого берүү менен максатка ылайыктуулугу жөнүндө пикирин айтуу сунушталат.
116. Көз каранды пункттары бар формуланын көз карандысыз пункттарына карата пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгү аныкталган учурда, бул пункттарда камтылган пайдалуу моделдин белгилеринин мүнөздөмөлөрү пайдалуу моделди жүзөгө ашырууга же өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн багыттарды ишке ашырууга тоскоолдук кылбай тургандыгына ынануу зарыл. Мындан тышкары көз каранды пункттардын белгилерин тартуу менен мүнөздөлгөн пайдалуу модель коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келбегенине ынануу керек.
Бардык аталган шарттарга карата текшерүүнүн оң натыйжасында көз каранды пункттары бар, көп звенолуу формула менен мүнөздөлгөн пайдалуу модель патентке жөндөмдүү деп таанылат жана ушул Эрежелердин 159-160-пункттарына ылайык патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
Кайсы болбосун шарттарга карата текшерүүнүн терс натыйжасында өтүнмө ээсине суроо-талапта бул жөнүндө билдирилет жана экспертиза жүргүзүүнүн тыянактарын жокко чыгаруучу жүйөлөрдү берүү же мындай көз каранды пункттарды оңдоо же пайдалуу моделдин формуласынан алып салуу сунушталат.
117. Эгерде пайдалуу моделдердин тобуна өтүнмө берилсе, патентке жөндөмдүүлүк алардын ар бирине кирген пайдалуу моделдерге карата текшерилет. Топтордун патенке жөндөмдүүлүгү качан топтун бардык пайдалуу модели патентке жөндөмдүү болгондо гана белгиленет.
Эгерде топтун бардык пайдалуу моделдери патентке жөндөмдүү эмес экендиги белгиленсе, анда бул жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет жана келтирилген жүйөлөргө карата өзүнүн пикирин берүү жана зарылдыгына жараша патентке жөндөмдүү эмес пайдалуу моделди мүнөздөгөн көз карандысыз пункттарды формуладан алып салуу же бул пункттарды оңдолгон түрүндө берүү сунушталат.
118. Эгерде жогоруда баяндалган учурларда өтүнмө ээси тарабынан пайдалуу моделдин өзгөртүлгөн формуласы сунушталса, ушул формулада мүнөздөлгөн пайдалуу моделге (пайдалуу моделдерге) карата ушул Эрежелердин 105-114, 120-122 жана 125-132-пункттарына ылайык өтүнмөнү андан ары кароо жүргүзүлөт.
119. Өтүнмө ээси экспертиза жүргүзүүнүн тыянактарын жокко чыгаруучу жүйөлөрдү же өзгөртүлгөн формуланы келтирбестен, ал тарабынан мурда баяндалган формула менен патент берүүнү талап кылса, өтүнмөнү андан ары кароо жүргүзүлбөйт жана ушул Эрежелердин 160-пунктуна ылайык патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
120. Пайдалуу моделдин өнөр жайда колдонулуучулугун текшерүү.
Пайдалуу модель эгерде ал өнөр жайда, айыл чарбада, саламаттык сактоодо жана экономиканын башка тармактарында пайдаланыла турган болсо, өнөр жайда колдонулат деп саналат ("Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 7-бөлүгү).
121. Пайдалуу моделди пайдалануу мүмкүнчүлүгүн белгилөөдө өтүнмөнүн материалдарында өтүнмө берилген пайдалуу моделдин объектинин арналышын көрсөтүү, башкача айтканда белгилүү бир коомдук керектөөнү мүнөздөөчү функцияларды ал тарабынан аткаруу мүмкүнчүлүгү камтылганы текшерилет.
Пайдалуу моделдин формуласынын көз карандысыз пунктунда мүнөздөлгөндөй түрдө пайдалуу моделди алардын жардамы менен ишке ашырууга мүмкүн болгон каражаттар жана методдор өтүнмөнүн баштапкы материалдарында баяндалгандыгы дагы текшерилет.
Ушул каражаттар жана методдор жөнүндө маалыматтар толугу менен өтүнмөдө камтылат же алардын айрым бөлүгүн өтүнмөнүн артыкчылык алган датасына чейин жалпы белгилүү болгон техникалык каражаттар болсо, алар сыпаттамада ачып көрсөтүлбөшү мүмкүн, бирок пайдалуу моделди мүнөздөөчү башка каражаттар менен өз ара аракеттенүүдө алардын пайдаланылышына көрсөтмө жана өтүнмөнүн артыкчылык алган датасынан мурда басууга кол коюлган маалымат булагына шилтеме камтылууга тийиш, аларда бул каражаттар адистер тарабынан кайра чыгаруу үчүн жетишерлик түрдө толугу менен сыпатталган. Мында экспертте пайдалуу моделди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүндө шектенүүлөр болбоого тийиш.
Өтүнмө берилген техникалык натыйжага жетүү мүмкүнчүлүгү көз карашында пайдалуу моделди талдоодо пайдалуу моделдин формуласында ушул техникалык натыйжаны камсыз кылуучу белгилердин бар экендиги аныкталат.
Эгерде экспертизада сунушталган каражаттар менен өтүнмө берилген техникалык натыйжага жетүү мүмкүнчүлүгүнө күмөн пайда болсо, өтүнмө ээсине тиешелүү жүйөлөрү бар суроо-талап жөнөтүлөт. Бул аргументтер белгилүү билимдерге (маалыматтарга) шилтемелер менен бекемделиши же келтирилген далилдердин жардамы менен экспертиза тарабынан негизделиши керек.
Сыпаттамада саналып өткөн бир же бир нече натыйжага жетишүү мүмкүн эместиги, эгерде сыпаттамада саналып өткөндөрдүн ичинен калган натыйжалар ишке ашырылышы мүмкүн болсо, пайдалуу моделди анын патентке жөндөмдүүлүк шарттарына ылайык келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт.
122. Эгерде пайдалуу моделдин артыкчылык алган датасына карата бардык көрсөтүлгөн талаптар сакталгандыгы аныкталса, формуланын ушул көз карандысыз пунктунда мүнөздөлгөн пайдалуу модель өнөр жайда колдонулуучу шартка ылайык келет деп таанылат.
Көрсөтүлгөн талаптардын бири дагы сакталбаганда пайдалуу модель өнөр жайда колдонулуучу шартка ылайык келбегендиги жөнүндө тыянак чыгарылат. Мындай учурда өтүнмө ээсине тийиштүү жүйөлөрдү баяндоо жана ушул жүйөлөргө карата анын өз пикирин айтууну жана пайдалуу моделдин формуласын оңдоону сунуштоо менен суроо-талап жиберилет (эгерде экспертизанын пикири боюнча өтүнмөнүн материалдары ушундай оңдоого мүмкүнчүлүк берсе, анын натыйжасында көрсөтүлгөн тыянак өзгөртүлүшү мүмкүн). Муну менен суроо-талапта формуланы оңдоо боюнча конкреттүү сунуштамалар келтирилиши мүмкүн.
Өнөр жайда колдонулуучу шартка ылайык келбегендиги аныкталган пайдалуу моделге карата жаңылыгын текшерүү жүргүзүлбөйт.
123. Техниканын деңгээли "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган маалыматтарды камтыйт.
Техниканын деңгээлин аныктоодо жалпыга жеткиликтүү деп кайсы болбосун адам өзү тааныша ала турган маалыматтардын булагында камтылган же мазмуну жөнүндө ага мыйзамдуу түрдө өтүнмө берилген маалыматтар эсептелет.
124. Маалымат булактарын техниканын деңгээлине киргизүүнү аныктаган дата болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жарыяланган патенттик документтер - аларда көрсөтүлгөн жарыялоо датасы;
2) басылмалар - аларда көрсөтүлгөн басып чыгарууга кол коюлган дата;
3) басып чыгарууга кол коюлган дата көрсөтүлбөгөн басылмалар - аларды жарыкка чыгаруу датасы, ал эми аны белгилөө мүмкүндүгү жок учурда - эгерде жарыкка чыгуу убактысы тиешелүү түрдө айы же жылы менен аныкталса, басылмада көрсөтүлгөн жылдагы айдын акыркы күнү же 31-декабры;
4) макаланын, серептердин, монографиялардын жана башка материалдардын депонирленген кол жазмалары - аларды депонирлөө датасы;
5) илимий-техникалык маалымат органдарындагы илимий-изилдөө иштери жөнүндө отчеттор, тажрыйба-конструктордук иштерге жана башка конструктордук, технологиялык жана долбоордук документтерге карата түшүнүк каттар - алардын бул органдарга келип түшкөн датасы;
6) техникалык регламенттердин долбоорлору, Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттары - аларды иштеп чыгуу жөнүндө же аларды коомдук талкуулоо аяктагандыгы жөнүндө кабарлама жарыяланган дата же долбоор жарыяланган дата;
7) техникалык регламенттер, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттары, Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары - алар расмий жарыяланган дата;
8) техникалык шарттар, тармактардын стандарттары, ишканалардын стандарттары, уюмдардын стандарттары, илимий-техникалык инженердик коомдордун жана алар менен таанышуу мүмкүн болгон башка коомдук бирикмелердин стандарттары - аны менен ушундай таанышуу мүмкүн болгон документ менен ырасталган дата;
9) санитардык-эпидемиологиялык корутундулар (гигиеналык сертификаттар) - Санитардык-эпидемиологиялык корутундулардын тийиштүү реестрине киргизилген дата;
10) диссертациялардын материалдары жана кол жазма укугу менен басып чыгарылган диссертациялардын авторефераттары - алар китепканага келип түшкөн дата;
11) конкурска кабыл алынган иштер - конкурс өткөрүүгө тийиштүү документтер менен ырасталган аларды таанышуу үчүн чыгарылган дата;
12) визуалдуу кабыл алынуучу маалымат булактары (плакаттар, моделдер, буюмдар жана башкалар) - аларды көрүү мүмкүн болгон документ менен ырасталган дата;
13) көргөзмөгө коюлган экспонаттар - аларды көрсөтүүнүн башталганы документ менен ырасталган дата;
14) оозеки баяндамалар, лекциялар, чыгып сүйлөөлөр - эгерде алар көрсөтүлгөн датага карата колдонулуучу тиешелүү иш-чараларды өткөрүү эрежелеринде белгиленген тартипте үн жазуу аппаратурасы же стенография менен жазылып алынса, баяндаманын, лекциянын, чыгып сүйлөөнүн датасы;
15) радио, телекөрсөтүү, кино аркылуу билдирүүлөр - эгерде белгиленген тартипте көрсөтүлгөн датага карата колдонулуучу тиешелүү алып жүрүүчүдө жазылып алынса, мындай билдирүүнүн датасы;
16) колдонуунун натыйжасында белгилүү болгон техникалык каражат жөнүндө маалыматтар - ушул маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болгон документ менен ырасталган дата;
17) электрондук түрдө (Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагынан (мындан ары - Интернет) онлайн режиминде алуу аркылуу) же оптикалык дисктерден (мындан ары - электрондук чөйрө) онлайн режиминде жетүү аркылуу) алынган маалыматтар - аталган электрондук чөйрөнүн жардамы менен жеткиликтүү болгон документтер жарыяланган дата, эгерде ал анда коюлган болсо жана документ менен ырастоого мүмкүн болсо же эгерде бул дата жок болсо, ал документ менен ырасталган шартта ушул электрондук чөйрөгө маалыматтар жайгаштырылган дата.
125. Пайдалуу модель эгерде ал ушул Эрежелердин 137-138-пункттарына ылайык аныкталган техниканын деңгээлинде белгилүү болбосо жаңы болуп саналат.
Пайдалуу моделдин жаңылыгын текшерүү пайдалуу моделдин артыкчылык датасына чейин дүйнө жүзүндө жалпыга жеткиликтүү маалыматтардын ичинде белгисиз болгон, пайдалуу моделдин формуласынын көз карандысыз пунктунда камтылган белгилердин бардык жыйындыларына карата жүргүзүлөт.
126. Кыргызпатент алдын ала экспертиза жүргүзүүдө өтүнмө берилген пайдалуу моделдин жаңылыгын төмөнкү маалымат булактары боюнча текшерет:
1) формалдык экспертиза аяктаган учурга карата өтүнмө ээси тарабынан берилген өтүнмөнүн материалдары;
2) Кыргыз Республикасында патенттелген, башкача айтканда тиешелүү мамлекеттик реестрлерде катталган ойлоп табуулар жана пайдалуу моделдер, евразия патентин алган ойлоп табуулар. Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табуулар жана пайдалуу моделдер алардын мамлекеттик реестрлерде каттоодо турган формулаларына карата алардын артыкчылыктарынын датасы менен эске алынат;
3) төмөнкү шарттар сакталган, мурдагы артыкчылык датасы менен ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге өтүнмөлөр:
- Кыргыз Республикасында берилген өтүнмө;
- башка жак тарабынан, башкача айтканда башка өтүнмө ээси тарабынан берилген өтүнмө;
- чакыртып алынбаган же чакыртып алынган деп таанылбаган өтүнмө.
127. Кыргыз Республикасында берилген өтүнмөлөргө ошондой эле алар боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын патенттерин берүү жөнүндө өтүнүч кат берилген ойлоп табууларга СССРдин автордук күбөлүктөрүн же патенттерин берүүгө өтүнмөлөр жана СССРдин көрсөтмөсү камтылган эл аралык өтүнмөлөр, ошондой эле аларга карата ушул Эрежелердин шарттары сакталгандыгы жарыяланган евразия өтүнмөлөрү теңештирилет.
128. Өтүнмө арыз жана сыпаттама келип түшкөн датага карата (же сыпаттаманын бөлүгү же чийме эске алынган сыпаттаманын элементи катары) бул өтүнмөдө камтылган формулаларга жана сыпаттамаларга карата эске алынат. Эгерде бул дата каралып жаткан өтүнмөнүн артыкчылык датасына караганда кечирээк болсо, анда кыйла мурдагы артыкчылыгы менен өтүнмө артыкчылыкты белгилөө үчүн негиз болуп кызмат кылган материалдарды камтуу менен дап келген анын мазмунунун бөлүгүндө маалымат булактарынын санына (биринчи өтүнмө, мурдагы өтүнмө, бул өтүнмөгө кошумча материалдар) киргизилет.
129. Эгерде экспертиза процессинде өтүнмө берилген пайдалуу моделде камтылган бардык белгилерге окшош белгилерге таандык чечимди камтыган Кыргыз Республикасында болгон маалымат булактарынын, дүйнө жүзүмдө жалпыга жеткиликтүү маалыматтардын табылгандыгынын негизинде пайдалуу моделдин жаңылыгынын жоктугу аныкталса, өтүнмө ээсине экспертизанын жүйөлөрүн баяндоо менен жана бул жүйөлөргө карата өзүнүн пикирин берүү жана зарылчылыгына жараша пайдалуу моделдин формуласын өтүнмөнүн баштапкы материалдарынын негизинде оңдоо сунушу менен суроо-талап жөнөтүлөт же өтүнмө чакыртып алынат, же өтүнмө ээсинин катышуусу менен экспертизанын жүйөлөрүн кароо сунушталат.
130. Каралуучу пайдалуу модель жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат булактары кыйла эрте артыкчылык менен өтүнмө болуп саналган учурда өтүнмө чакырып алынбаганына ынануу керек.
Эгерде өтүнмө чакыртылып алынбаса жана аны кайра алуу мөөнөтү бүтө элек болсо, каралып жаткан пайдалуу моделдин өтүнмө ээсине мындай өтүнмөнүн бар экендиги жөнүндө (анын өтүнмө ээсин көрсөтпөстөн жана мазмунун ачпастан) жана мурдагы артыкчылык менен өтүнмө боюнча аныкталганга чейин анын өтүнмөсүн кароону кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирилет.
Өтүнмө ээси макул болбогон учурда өтүнмөнү карап чыгууну кийинкиге калтырууга өтүнмө берилген пайдалуу моделдин жаңылык шартына туура келбегендиги аныкталат.
131. Эгерде көз каранды пункттарды камтыган формуланын көз карандысыз пункттарында мүнөздөлгөн пайдалуу модель жаңылык шартына ылайык келсе, анда көз каранды пункттарга карата техниканын деңгээлине талдоо жүргүзүлбөйт.
132. Эгерде көз каранды пункттарды камтыган формуланын көз карандысыз пункттарында мүнөздөлгөн майдалуу модель жаңы деп таанылбаган учурда, ушул Эрежелердин 115-пунктуна ылайык өтүнмөнү андан ары кароо жүргүзүлбөйт.
133. Пайдалуу моделди жүзөгө ашыруу үчүн анын берилген датасына карата берилген өтүнмөнүн документтеринде өтүнмө берилген пайдалуу моделдин маңызын ачып көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн текшерүүдө техниканын ушул жаатындагы адиси тарабынан пайдалуу модель камсыздаган техникалык натыйжа жөнүндө, пайдалуу моделдин багыты жөнүндө маалыматтар ал берилген датага карата берилген өтүнмөнүн документтеринде камтылгандыгы, өтүнмө ээси көрсөткөн техникалык натыйжага жетүү үчүн зарыл болгон олуттуу белгилердин жыйындысы ачып көрсөтүлгөндүгү, ошондой эле ушул Эрежелердин 29-31-пункттарында белгиленген шарттар сакталгандыгы текшерилет.
134. Маалыматтык издөө бул мүмкүн болгон ретроспективдүү төмөнкү документтердин көлөмүндө жүргүзүлөт:
1) Кыргызпатенттин расмий бюллетенине;
2) Кыргыз Республикасынын коргоо документтеринин сыпаттамаларына;
3) алардын материалдары менен таанышуу үчүн үчүнчү жакка жеткиликтүү болгон ойлоп табуунун жана пайдалуу моделдин өтүнмөлөрүнө; Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге;
4) Евразия патенттик конвенциясы (мындан ары - евразия патенти) тарабынан караштырылган евразия патентинин сыпаттамаларына;
5) евразия патенттерин берүүгө жарыяланган өтүнмөлөргө;
6) Россия Федерациясынын, СССРдин, Евразия патенттик ведомствосунун, АКШнын, Улуу Британиянын, Германиянын, Франциянын, Швейцариянын (немец жана француз тилдеринде гана), Кытай Эл Республикасынын, Корея Республикасынын, Япониянын (рефераттардын көлөмүндө англис тилинде), Австриянын, Австралиянын жана Канаданын патенттик документтерине, ошондой эле Европа патенттик ведомствосунун жана Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (БИМУ) патенттик документтерине.
Маалыматтык издөөнүн көлөмүнө документтин тилине, эскилигине жана түрүнө карабастан, кайсы болбосун жалпыга жеткиликтүү документтер камтылышы мүмкүн.
135. Маалыматтык издөө жүргүзүүдө өтүнмө берилген пайдалуу моделдин жаңылыгын текшерүү максаттары үчүн издөө көлөмүнө мурда артыкчылык берилген шартта, ошондой эле Кыргыз Республикасында башка жактар тарабынан ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге берилген бардык өтүнмөлөр (чакыртып алынгандардан тышкары) жана Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер жана Евразия патенттик конвенциясына ылайык патенттелген ойлоп табуулар, алар жөнүндө маалыматтар маалыматтык издөө жүргүзүлүп жаткан өтүнмөнүн артыкчылык датасына жарыялангандыгына карабастан киргизилет.
136. Артыкчылыктын кыйла эрте датасы менен берилген ойлоп табууга жана пайдалуу моделге өтүнмө ошол датадан тартып төмөнкү шарттардын жыйындысын сактоо менен техниканын деңгээлине киргизилет:
1) өтүнмө Кыргыз Республикасына берилген (Кыргыз Республикасына берилген өтүнмөлөргө алар боюнча эл аралык берүүнүн датасы белгиленген жана анда өтүнмө ээси патент алууга ниеттенген мамлекет катары Кыргыз Республикасын көрсөтүү камтылган эл аралык өтүнмөлөр, ошондой эле евразиялык өтүнмөлөр, Евразиялык патенттик конвенциянын 16-беренесине ылайык кайра түзүлгөн улуттук өтүнмөлөр теңештирилет);
2) башка жак, башкача айтканда башка өтүнмө ээси тарабынан берилген өтүнмө.
137. Артыкчылык датасы кыйла эрте болгон ойлоп табууга жана пайдалуу моделге өтүнмө ал берилген датага карата ошол өтүнмөдө камтылган сыпаттамага жана формулага карата техника деңгээлине киргизилет. Эгерде бул дата каралып жаткам өтүнмөнүн артыкчылык датасына караганда кыйла кеч болсо, анда кыйла эрте артыкчылык менен өтүнмө артыкчылыкты белгилөө үчүн негиз катары кызмат кылган документтердин мазмунуна ылайык келүүчү анын мазмунунун бөлүгүнүн техника деңгээлине киргизилет.
Эгерде өтүнмө маалымат ачып көрсөтүлгөн күндөн тартып 6 айдын ичинде Кыргызпатентке берилсе пайдалуу моделдин автору, өтүнмө ээси же бул маалыматтарды түз же кыйыр түрүндө алардан алган башка жак тарабынан ачып көрсөтүлгөн, анын ичинде көргөзмөдө пайдалуу моделди экспонирлөөнүн натыйжасында, анын кесепетинен пайдалуу моделдин маңызы жөнүндө маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болуп калган пайдалуу моделге тиешелүү маалыматтарды камтыган булактар техника деңгээлине киргизилбейт.
Эгерде ошол эле өтүнмө ээсинин башка өтүнмөсү жөнүндө маалыматтар жарыяланган күндөн тартып каралып жаткан өтүнмөнү берген күнгө чейин 6 айдан ашпаган убакыт өтсө, каралып жаткан өтүнмөгө карата техника деңгээлине ошол эле өтүнмө ээсинин башка өтүнмөсү жөнүндө маалыматтар жарыяланган күнгө карата башка өтүнмөсү чакыртып алынган же чакыртып алынсын деп таанылган учурда, ошол эле өтүнмө ээсинин башка өтүнмөсү жөнүндө маалыматтар киргизилбейт.
12-глава. Кошумча материалдарды суроо жана берилген жана кошумча материалдарды текшерүү
138. Суроо-талап үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) өтүнмөдө суралган мурдагы артыкчылыгын аныктоого байланыштуу маселелерди тактоонун зарылдыгы;
2) пайдалуу моделдин сыпаттамасында ушул Эрежелерде каралган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жоктугу;
3) пайдалуу моделдин формуласынын пунктун бир сүйлөм түрүндө баяндоо жөнүндө ушул Эрежелердин 38-пунктунун талабынын бузулгандыгы;
4) ал үчүн укуктук коргоо суралган, пайдалуу моделдин багытын көрсөткөн түрдүк түшүнүктүн формулада жоктугу;
5) формулада пайдалуу моделдин белгилеринин ордуна аны ишке ашырууда жана/же пайдаланууда орун алган анын эксплуатациялык көрсөткүчтөрү жана керектөө касиеттери, натыйжалары жана кубулуштары жөнүндө гана маалыматтардын болушу;
6) пайдалуу моделдин коп звенолуу формуласынын көз каранды пункттарында аны аткаруунун же пайдалануунун тиешелүү жеке учурларында пайдалуу моделди коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулуктун же моралдын принциптерине карама-каршы келүүчү белгилердин болушу;
7) ушул Эрежелердин 39-41-пункттарынын талаптарынын бузулушу, ага ылайык формуланын көз карандысыз пункту бир гана пайдалуу моделге тиешелүү болууга тийиш;
8) пайдалуу моделдин формуласында ал көз каранды болгон формуланын пунктунун белгисин (белгилерин) жокко чыгарууну же алмаштырууну болжолдогон көз каранды пунктунун болушу;
9) өтүнмөнүн документтеринин бири-бирине туура келбегендиги (арызда келтирилген пайдалуу моделдин аталышы сыпаттамада келтирилген аталышка туура келбейт; пайдалуу моделдин сыпаттамасында пайдалуу моделдин формуласында көрсөтүлгөн белгилер жок; пайдалуу моделдин формуласында сыпаттаманын "пайдалуу моделдин маңызы" бөлүмүндө өтүнмө ээси тарабынан маанилүүлүгү белгиленген белги жок, чиймелер пайдалуу моделдин сыпаттамасына туура келбейт ж.б.);
10) пайдалуу моделдин формуласында сыпаттамада берилген ошол эле белгинин конкреттүү мүнөздөмөсү менен айкалышкан конкреттүү эмес көрсөтүлгөн белгинин болушу ("өзгөчө", "атайын", "жакшыртылган" жана башка);
11) пайдалуу моделдин формуласын аны ушул Эрежелердин 118-127-пункттарына ылайык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тактоонун зарылдыгы;
12) ушул Эрежелердин 120-122 жана 125-132-пункттарына ылайык өтүнмө берилген пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө байланыштуу маселелерди чечүүнүн зарылдыгы;
13) өтүнмө берилген пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча пайдалуу моделдин формуласын тактоонун зарылдыгы;
14) ушул Эрежелердин 21-пунктуна ылайык бир эле артыкчылык күнүнө ээ болгон өнөр жай менчигинин окшош объекттерине өтүнмөлөрдү кароо менен байланышкан маселелерди чечүүнүн зарылдыгы.
Башка мүнөздөгү маселелер, ошондой эле өтүнмөнү карап чыгууда келип чыккан жана мисалы, артыкчылыкты аныктоого, пайдалуу моделдин маанилүү белгисинин мүнөздөмөсүн тактоого байланыштуу ж.у.с. сын пикирлер жана сунуштар да жогоруда көрсөтүлгөн негиздерде жиберилүүчү суроо-талапка киргизилет.
139. Жетишпеген жана оңдолгон материалдар боюнча суроо-талап өтүнмөнүн жана анын документтеринин кемчилигин жоюу үчүн канча жолу зарыл болсо, өтүнмө ээсине ошончо жолу жиберилет.
140. Суроо-талапка ылайык киргизилген оңдоолор менен катар өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча оңдоолорду камтыган өтүнмө ээси тарабынан оңдолгон документ ушул Эрежелердин 157-162-пункттарынын шарттарын сактоо менен берилет.
141. Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө суралган материалдарды же ушул Эрежелердин 63-пунктунда каралган шарттарды сактоо менен аларды берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч катты бербесе, өтүнмө кайра сурап алынган болуп таанылат, бул жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
142. Ушул Эрежелердин 138-пунктунун 7 жана 8-пунктчаларына ылайык жиберилүүчү суроо-талапта өтүнмө ээсине бир пайдалуу моделге же бирдиктүү чыгармачыл ойду түзүүчү пайдалуу моделдердин тобуна кирген такталган сыпаттаманы жана формуланы берүү жана зарыл болгон учурда тиешелүү алымдарды төлөө (кошумча төлөө) сунушталат. Эгерде белгиленген мөөнөттө өтүнмө ээси тарабынан суроо-талапка жооп берилсе, бирок пайдалуу моделдин формуласын оңдоо жүргүзүлбөсө жана/же тиешелүү алымды төлөгөндүгүн (кошумча төлөгөндүгүн) ырастоочу документ берилбесе, алдын ала экспертиза өтүнмө ээси тандаган же мындай тандоо болбогондо формулада биринчи көрсөтүлгөн жана алым төлөнгөн объекттерге карата жүргүзүлөт. Мында, эгерде экспертиза формулада мүнөздөлгөн объекттердин бөлүгүнө карата гана жүргүзүлсө жана алар пайдалуу моделдер катары корголуучу объекттерге таандык экендиги аныкталса, анда өтүнмө ээсине бул жөнүндө жиберилген суроо-талапта билдирилет жана андан экспертиза өткөрүлбөгөн объекттин (объекттердин) мүнөздөмөсүн алып салуу жолу менен же бул объектти (мындай объекттердин ар бирин) көз карандысыз пунктка бөлүп берүү жолу менен формуланы кайрадан оңдоо сунуш кылынат, эгерде зарыл болсо тиешелүү алым төлөнөт.
143. Белгиленген мөөнөттө өтүнмө ээси тарабынан суралган материалдар же көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч каты берилбеген учурда өтүнмө кайра сурап алынган болуп таанылат, бул жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
144. Өтүнмөнүн документтерин оңдоочу же тактоочу (башкача айтканда алардын мазмунуна киргизилүүгө тийиш) жана өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча же Кыргызпатенттин суроо-талабы боюнча берилген кошумча материалдар келип түшкөндө өтүнмө ээси тарабынан мындай материалдарды берүүнүн мөөнөтүн сактоосу текшерилет.
Аталган кошумча материалдар өтүнмө берген датадан тартып эки ай өткөндөн кийин берилген же кошумча материалдар менен бирге белгиленген тартипте тиешелүү алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ берилбеген учурда, өтүнмөнү карап чыгууда бул материалдар эске алынбайт, бул тууралуу өтүнмө ээсине кабарланат. Мындай кабарлама өтүнмө ээсине жиберилүүчү экспертизанын кезектеги документинин мазмунуна киргизилиши мүмкүн.
145. Кошумча материалдар пайдалуу моделдин өзгөртүлгөн формуласын камтыган учурда, формуланын өзгөртүүлөрү ага баштапкы формулада ушундай болуп бөлүнбөгөн пайдалуу моделдерге бир же бир нече көз карандысыз жана/же көз каранды пункттарды киргизүүнү караганы жана мындай кошумча материалдар менен бирге тиешелүү алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилгенби же жокпу аныкталат.
Кошумча материалдар менен бирге аталган документ берилбеген учурда өтүнмөнү кароодо формуланын өзгөрүшү эске алынбайт.
146. Кыргызпатенттин суроо-талабы боюнча өтүнмө ээси тарабынан берилген кошумча материалдарга карата өтүнмө ээси тарабынан аларды берүү мөөнөттөрүнүн сакталгандыгы текшерилет.
Көрсөтүлгөн материалдар суроо-талапты берүүчүгө билдирүү жиберилген датадан тартып үч айдын ичинде берилет.
Өтүнмө ээсинин белгиленген мөөнөттү сактагандыгын текшерүүдө ушул Эрежелердин 58-пунктунун төртүнчү абзацын жетекчиликке алуу керек.
Эгерде өтүнмө ээси кошумча материалдарды белгиленген мөөнөттү бузуу менен бергендиги аныкталса (жана бул мөөнөттөр ушул Эрежелердин 63-пунктуна ылайык узартылбаса), өтүнмө чакыртып алынган болуп таанылат, ал жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
147. Өтүнмө ээсинин жеке демилгеси же Кыргызпатенттин суроо-талабы боюнча берилген жана кароого кабыл алынган кошумча материалдар келип түшкөндө алардын өтүнмө берилген пайдалуу моделдин маңызын өзгөртпөгөндүгү текшерилет. Кошумча материалдар, эгерде алар өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок формулага киргизиле турган белгилерди камтыса, өтүнмө берилген пайдалуу моделдин маңызы өзгөрдү деп таанылат.
Белгилер пайдалуу моделдин формуласына киргизүүгө тийиш болгон алар өтүнмө ээси берген такталган формулада камтылган учурда гана эмес, өтүнмө ээси ушундай киргизүүнү көрсөткөндө дагы эсептелет.
Кошумча материалдарда келтирилген жана формулага киргизилүүгө тийиш болгон белгилер, эгерде Кыргызпатентке патент берүүгө арыз, сыпаттама, пайдалуу моделдин формуласы жана чиймелер келип түшкөн датадагы өтүнмөдө камтылган формулада же сыпаттамада ачылбаган болсо, өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок болгон болуп таанылат.
Эгерде өтүнмөнүн алгачкы материалдарында пайдалуу моделдин маанилүү белгиси аны аткаруунун жеке формаларын ачпастан жалпы түшүнүк менен билдирилген болсо, анда аны пайдалуу моделдин формуласына киргизилүүгө тийиш болгон белгиге киргизүү менен кошумча материалдарда аткаруунун мындай формасын берүү өтүнмө берилген пайдалуу моделдин маңызын өзгөртүүчү кошумча материалдарды таануу үчүн негиз болуп саналат.
Сыпаттамада эскертилген белгилер техниканын деңгээлине карата гана, анын ичинде эң жакын аналогго карата, өтүнмөнүн алгачкы материалдарында камтылган өтүнмө берилген пайдалуу моделдин белгилерине кирбейт.
Качан өтүнмө пайдалуу моделдердин тобуна кирген учурда, топтун кайсы бир пайдалуу моделинин белгилери болуп, өтүнмөнүн алгачкы материалдарында камтылган, топтун дал ушул пайдалуу моделине карата колдонулуучу сыпаттамада эскертилген белгилер эсептелет.
Буга бири экинчисинде пайдалануу үчүн арналган пайдалуу моделдердин тобу кирбейт. Мында башкасында пайдалануу үчүн арналган бир пайдалуу моделдин алгачкы материалдарында камтылган белгилери ушул башка пайдалуу моделдин белгилери болуп эсептелет.
Формулага киргизилүүгө тийиш болгон белгилерге тиешеси жок, билдирилген пайдалуу модель жөнүндө өтүнмөнүн алгачкы материалдарында болбогон маалыматтарды камтыган кошумча материалдар пайдалуу моделдин маңызын өзгөртүүчү болуп эсептелбейт. Мындай маалыматтарга, атап айтканда пайдалуу моделди ишке ашыруунун шарттары жөнүндө жаңы (кошумча) маалыматтар, пайдалуу моделди ишке ашыруунун мисалдары, кошумча техникалык натыйжа алуу мүмкүнчүлүгүнө көрсөтмө, такталган графикалык материалдар ж.б. кирет.
Өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок болгон пайдалуу моделдин формуласына киргизүүгө тийиш болгон белгилери менен катар, ошондой эле өтүнмөнү кароо үчүн зарыл болгон башка маалыматтар камтылган кошумча маалыматтар көрсөтүлгөн белгилер камтылган бөлүгүндө гана маңызын өзгөрттү деп таанылат.
Башка маалыматтар экспертиза жүргүзүүдө эске алынат.
148. Өтүнмө берилген пайдалуу моделдин маңызын өзгөртүүчү бөлүгүндөгү кошумча материалдар өтүнмөнү карап чыгууда эске алынбайт жана өтүнмө ээси тарабынан өтүнмө берилген чечимдин маңызын өзгөртүүчү деп таанылгандыгына байланыштуу кошумча материалдарды көңүлгө алуунун мүмкүн эместиги жөнүндө Кыргызпатенттин кабарлоосун алган күндөн тартып үч айлык мөөнөт өткөнгө чейин өз алдынча өтүнмө катары таризделет.
Кошумча материалдар өтүнмө берилген пайдалуу моделдин маңызын өзгөрткөн деп таанылган учурда, өтүнмө ээсине (ага экспертизанын кезектеги жиберген документинде) кошумча материалдарга киргизилген кайсы маалыматтар экспертиза жүргүзүүнүн мындай тыянагы үчүн негиз болгондугу билдирилет.
149. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесин колдонууда өтүнмө ээсинин өтүнмөнүн документтеринин оңдоолорун жана тактоолорун берүүдө алардын демилгеси бар экендигин аныктоо бөлүгүндө төмөнкүлөрдү жетекчиликке алуу керек:
1) өтүнмө ээси тарабынан анын кайсы бир жазуу түрүндөгү билдирүүсүн, экспертизалоого суроо-талабын алгандан кийин, ошондой эле ушундай билдирүүнү же суроо-талабын албастан эле берген өтүнмөнүн кандай болбосун документин оңдоо жана тактоо эгерде ушул оңдоо же тактоо өтүнмөнүн документтерине карата белгиленген талаптардын бузулушун жоюуга багытталса, өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча өтүнмөнүн документтерин оңдоо болуп эсептелбейт;
2) өтүнмө ээси тарабынан анын кайсы бир жазуу түрүндөгү билдирүүнү, экспертизалоого суроо-талабын алгандан кийин, берилген өтүнмөнүн кандай болбосун документин оңдоо жана тактоо, эгерде ушул оңдоо же тактоо жазуу түрүндөгү билдирүүгө, экспертизанын суроо-талабына байланыштуу болсо, өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча өтүнмөнүн документтерин оңдоо болуп эсептелбейт;
3) өтүнмө ээси тарабынан анын кайсы бир жазуу түрүндөгү билдирүүнү, экспертизалоого суроо-талабын алгандан кийин, ошондой эле ушундай билдирүүнү же суроо-талапты албастан эле берген өтүнмөнүн документтерин бардык башка оңдоолор жана тактоолор өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча өтүнмөнүн документтерин оңдоо болуп эсептелет жана "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык киргизилет.
13-глава. Артыкчылыктын бир эле датасына ээ болгон бирдей өнөр жай менчик объекттерине башка өтүнмө бар экендигин аныктоодо өтүнмөнү карап чыгуунун өзгөчөлүгү
150. Эгерде каралып жаткан өтүнмө боюнча бир эле артыкчылык датасына ээ болгон, бирдей ойлоп табууга же пайдалуу моделге чакыртып алынбаган же кайра чакыртып алынды деп таанылбаган башка өтүнмө бар болсо, анда каралып жаткан өтүнмөнүн өтүнмө ээсине бул жөнүндө жана анын өтүнмөсү боюнча патент берүү "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 11-бөлүгүндө белгиленген шарттарды аткарууда мүмкүн экендиги билдирилет. Мында өтүнмө ээсине анын өтүнмөсүнүн андан мурдагы же андан кийинки Кыргызпатенттин каттоо номери бар-жогу да билдирилет.
151. Каралып жаткан өтүнмөнүн өтүнмө ээсине окшош ойлоп табууну же пайдалуу моделди камтыган башка өтүнмөнүн библиографиялык маалыматтарын билдирүүгө жана бул өтүнмө же ал боюнча патент берүү жөнүндө маалыматтар жарыяланганга чейин анын мазмунун ачып берүүгө башка өтүнмөнүн өтүнмө ээси буга макул болгондо гана жол берилет.
152. Пайдалуу моделдердин (же ойлоп табуунун жана пайдалуу моделдин) окшоштугу белгиленген тартипте өтүнмө ээси тарабынан берилген алардын акыркы редакциясынын формуласынын негизинде белгиленет.
Пайдалуу моделдер (же ойлоп табуу жана пайдалуу модель), эгерде формуланын көз карандысыз пункттарынын мазмунуна толугу менен туура келсе, бирдей деп таанылат.
153. Өтүнмө ээси пайдалуу моделге өтүнмөнү ойлоп табууга өтүнмөгө кайра өзгөртүп түзүүгө укуктуу.
Ушундай кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөндө, ал өтүнмө боюнча патент берүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин берилгени жана өтүнүч катка белгиленген өлчөмдө тиешелүү алымдын төлөнгөндүгү тууралуу документ тиркелгени белгиленет.
Өтүнүч кат патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин келип түшкөндө өтүнмө ээсине өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүүгө болбой тургандыгы жөнүндө кабарланат.
Өтүнүч кат берүү менен бирге алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилбеген учурда берилген эмес деп эсептелет, ал жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
Кайра өзгөртүп түзүүгө болбой калган өтүнмө пайдалуу моделге өтүнмө боюнча калат жана ага карата андан ары ушул Эрежелер колдонулат.
Эгерде өтүнүч кат көрсөтүлгөн мөөнөттү сактоо менен жана аны менен белгиленген өлчөмдө алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ кошо берилсе, өтүнмө ээсине кайра өзгөртүп түзүү болгондугу жөнүндө, ошондой эле андан ары өтүнмөнү кароо Ойлоп табууга патент берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерине ылайык жүргүзүлөрү тууралуу кабарланат.
154. Өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө өтүнүч каттын берилген датасына карата өтүнмө ээси тарабынан өтүнмөнү оңдогон же тактаган кошумча материалдарды же пайдалуу моделдин өзгөргөн формуласын берген учурда кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө өтүнүч катты караганга чейин ушул Эрежелердин 88-89 жана 144-149-пункттарына ылайык бул материалдарга текшерүү жүргүзүлөт.
Эгерде өтүнмөнү оңдогон, тактаган кошумча материалдар же өзгөртүлгөн формула кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө өтүнүч кат менен бир убакта келип түшкөн датадан тартып эки ай аяктагандан кийин келип түшкөн өтүнмө өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча берилген деп квалификацияланса, аларды кароо өтүнмөнү ойлоп табууга өтүнмөгө тиешелүү материал катары кайра өзгөртүп түзгөндөн кийин аяктайт.
155. Кайра өзгөртүп түзүү чакырып алынган же чакырып алынды деп таанылган пайдалуу моделдердин өтүнмөлөрүнө карата жүргүзүлбөйт.
156. Өтүнмө ээсинен ага өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүү болгондугу жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөнгө чейин анын арызы берилген жок деп эсептөө өтүнүчү келип түшкөндө, анын арызы кайра өзгөртүлдү деп эсептелет, өтүнмөнү кайра өзгөртүү үчүн төлөнгөн алым кайтарылып берилет же белгиленген тартипте башка алымдарды төлөөнүн эсебине кошулат.
Өтүнмө ээсинин пайдалуу моделге өтүнмөнү ойлоп табууга патент берүү өтүнмөсүнө кайра түзүлгөндүгү жөнүндө билдирүү ага жөнөтүлгөндөн кийин келип түшкөн өтүнмөнү кайра түзүү жөнүндө анын өтүнүч каты берилген жок деп таануу тууралуу өтүнүчү өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүү жана төлөнгөн алымды кайтарып берүү үчүн негиз болуп саналбайт.
157. Ойлоп табууга өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүүнүн натыйжасы болуп саналган пайдалуу моделге өтүнмө ушул Эрежелердин 77-149-пункттарына ылайык каралат. Ошону менен бирге эгерде кайра өзгөртүп түзүү ойлоп табууга өтүнмөгө формалдык экспертиза башталгандан кийин болсо, анда пайдалуу моделге өтүнмөнү формалдык экспертиза болуп өткөн кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланган датадан тартып башталат.
Пайдалуу моделге өтүнмөгө өзгөртүп түзүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн датага карата ойлоп табууга өтүнмө боюнча берилген кошумча материалдар пайдалуу моделге өтүнмөнү экспертизалоодо аларды текшерүүнүн натыйжалары боюнча эске алынган бөлүгүндө эске алынат.
14-глава. Кыргызпатент тарабынан кабыл алынуучу чечимдер
158. Алдын ала экспертизанын оң натыйжасы менен өткөн пайдалуу моделге өтүнмө боюнча пайдалуу моделге патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат. Өтүнмө ээси чечимде алдын апа экспертиза жүргүзүүнүн оң натыйжасы жана пайдалуу моделдин артыкчылыгын белгилөө жөнүндө кабарланат.
Өтүнмө ээсинин жана патент ээсинин аталышы (ысымы) чечимде арыздын графасында келтирилген аталышка (ысымга) ылайык так көрсөтүлөт.
Чечимде пайдалуу моделдин формуласы ушул Эрежелердин 138-пунктунун 6-пунктчасынын жобосуна ылайык жиберилген суроо-талапка жооп катары өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө пайдалуу моделдин формуласын оңдогон эмес, бирок формулада мүнөздөлгөн бардык пайдалуу моделдер үчүн алым төлөнгөн жана пайдалуу моделдин бирдиктүүлүгүнүн талабы сакталган учурда өтүнмө ээси сунуштаган редакцияда көрсөтүлөт.
159. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүндө каралган учурда патент берүү жөнүндө чечим же патент жокко чыгарылат.
160. Эгерде өтүнмө берилген сунуш патентке жөндөмдүү эместиги аныкталса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
161. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим пайдалуу модель башка көз карандысыз пункттары жок формуланын көз карандысыз пунктунда мүнөздөлгөн, ал эми көз каранды пункттарда камтылган пайдалуу моделдин мүнөздөмөсү ал пайдалуу моделди ишке ашырууга же өтүнмө ээси көрсөткөн арналышты ишке ашырууга тоскоолдук кылган, же пайдалуу моделди коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келет деп таануу үчүн негиз болуп саналган учурда да чыгарылат жана өтүнмө ээси формуладан ушундай көз каранды пункттарды оңдоодон же алып салуудан баш тартат.
162. Өтүнмө ээси сунуштаган формула бир көз карандысыз пунктка ээ болсо жана ал сыпаттамадагы пайдалуу моделдин маанилүү белгисин киргизбесе, анын натыйжасында пайдалуу модель ушундай мүнөздөмөсү менен патентке жөндөмдүүлүгүнүн кайсы бир шартына туура келбеген учурда, эгерде өтүнмө ээси көрсөтүлгөн белгини формулага киргизүүдөн баш тартса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
163. Эгерде өтүнмө берилген пайдалуу моделдин тобу патентке жөндөмдүүлүгүнүн шарттарынын бирине ылайык келбеген пайдалуу моделди камтыгандыгы аныкталса жана өтүнмө ээси ушул пайдалуу моделдин формуласынын мүнөздөмөсүн ондоодон же анын салуудан баш тартса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Ушуга байланыштуу чечимде ага карата ушундай корутунду чыгарылган башка пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгү ырасталат.
164. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде кошумча түрүндө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим менен макул болбогон учурда, өтүнмө ээси тиешелүү алым төлөгөн шартта, чечимди жиберген датадан тартып үч айлык мөөнөттө Кыргызпатенттин Апелляциялык кеңешине (мындан ары - Аппеляциялык кеңеш) каршы пикирин берүүгө укуктуу экендиги жөнүндө билдирилет. Каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн датадан тартып үч айлык мөөнөттө каралат. Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбосо, ал аны жиберилген датадан тартып үч айлык мөөнөттө доо арызы менен сотко кайрыла алат.