Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-октябры № 619
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүн ченемдик жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20, 31-статьяларына, "Геодезия жана картография жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 9, 12-статьяларына, "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 17-1, 18, 24, 25-1, 47-2-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-декабрындагы № 354 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- 13-пункттун 37-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын жер фондуна инвентаризация жүргүзүү жөнүндө жобону;
2) жердин мониторингин жүзөгө ашыруу, жер кадастрын жүргүзүү, жерге жайгаштырууну уюштуруу тартибин;
3) кыймылсыз мүлккө укуктарды, оорчулуктарды (чектөөлөрдү) жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин;
4) Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системадан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби тууралуу жобону;
5) кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону;
6) жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө жобону;
7) республикалык жана ведомстволук картографиялык-геодезиялык фонддор жөнүндө жоболорду жана аларга киргизилген материалдардын тизмелерин;
8) геодезиялык жана картографиялык иштерге мамлекеттик геодезиялык көзөмөл жөнүндө жобону.".
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |