Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 28-октябры № 681-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык:
1. 2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жогоруда аталган Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-октябрындагы № 681-т тескемеси менен жактырылган |
2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Алмашуу ноталарынын жана Макулдашуунун долбоорлору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашылган:
- Социалдык саясат боюнча комитеттин 2024-жылдын 20-июнундагы № 6-6462/24 чечими;
- Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин 2024-жылдын 19-июнундагы № 6-6432/24 чечими;
- Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин 2024-жылдын 19-июнундагы № 6-6406/24 чечими.
Алмашуу ноталарын жана Макулдашууну даярдоо жана кол коюу жөнүндө чечимге биринчи кезекте Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында жүрөк-кан тамыр ооруларын жана эмчек безинин рагын диагностикалоо жана дарылоо үчүн медициналык жабдууларды берүү жолу менен диагностикалоонун жана дарылоонун потенциалын күчөтүүгө, ошону менен алдынкы адистештирилген ооруканаларда медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган кызыкчылыктар негиз болгон. Алмашуу ноталарын жана Макулдашууну ратификациялоо Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында материалдык-техникалык базаны жаңылоого багытталган грантты алуу үчүн укуктук шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Мамлекеттин экономикалык өнүгүү милдеттеринин приоритеттүүлүгүнө байланыштуу Алмашуу ноталарын жана Макулдашууну ратификациялоо негиздүү, пайдалуу жана зарыл болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында Алмашуу ноталарынын жана Макулдашуунун тексттери кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-июлундагы № 413-т тескемеси менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун ушул жылдын 8-августунда Астана шаарындагы "Борбордук Азия + Япония" диалогунун саммитине катышуусунун алдында кол коюлган.
Алмашуу ноталары жана Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Алмашуу ноталары жана Макулдашуу ратификацияланууга тийиш.
Алмашуу ноталарын жана Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс финансылык, экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.