Загрузка документа…
АК-ЧИЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 8-декабры № 1
Жергиликтүү маанидеги тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүү камсыз кылуу ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу маселесин башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 27 жана 34 беренелерине ылайык Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысынын дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууга байланыштуу чаралар боюнча сунушун угуп Ак-Чий айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом Кылат.
Жергиликтүү маанидеги тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүү камсыз кылуу ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу маселесин башкаруу тартиби (мындан ары Тартип) дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелерди 1-тиркемеге ылайык киргизүү бекитилсин.
1. Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы тартиптин бекитилген функцияларын аткаруу кызматтарды уюштуруу жана милдеттемелерди аткаруу бөлүгүнүн ишке ашырылуусун камсыз кылсын.
2. Ушул Ак-Чий айылдык кеңешинин 2022-жылдын 22-декабрь № XIV токтомунун мамлекеттик каттоосу Юстициянын Нарын облустук башкармалыгына жасалсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы. | У Жалилов. |
|
| Ак-Чий айылдык кеңешинин 2022-жылдын 8-декабрь XIV-сессиясынын №1 токтомуна тиркеме. |
Жергиликтүү маанидеги тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу маселесин чечүүнүн алкагында дыйкандардын сугат сууга жетишин камсыз кылуу боюнча кызматардын функциялардын милдеттенмелердин тизмеги.
№ | Кызматтардын функциялардын милдетемелердин аталышы. | Аткаруу үчун жоопту жак |
1 | Суу чарбасынын райондук башкармалыгы менен сугат суусун жеткирүү келишим түзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө | Айыл өкмөтүнун башчысы |
2 | Айыл өмөтүнүн башчысынын бассейиндик кенештин ишине катышуу | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
3 | Муниципалдык менчиктердин реестринде ирригациялык курулмаларды эсепке алууну жүргүзүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы финансф экономикалык бөлүм |
4 | Иригатциялык кызматардын төлөмүнүн (ИКТ) наркын эсептөө жана бекитүү | Айыл өкмөт Жергиликтүү кеңеш |
5 | Ак-Чий айылдык аймагында ирригациялык өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөт Жергиликтүү кеңеш |
6 | Иригациялык курулмаларды кызмат көрсөтүүчүлөргө муниципалдык мүлктүн обьектилерди катары колдонууга берүү. | Айыл өкөт Жергиликтүү кеңеш |
7 | Ирригациялык курулмаларды камсыз кылууда амортизациялык чегерөолөрдү толук же жарым жартылай компенсациялоо | Айыл өкмөт Жергиликтүү кеңеш |
Катчы: | Ж.Саалиев |