Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 08-февралы №182/XXVΙΙ-28
Ысык-Ата айылдык Кенешинин №173/XXVΙ-28 “2023-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылдын бюджетин, айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүртмөсүн жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин божомол прогнозун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2024-жылдын 12-январындагы №173/XXVΙ-28 “2023-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылдын бюджетин, айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүртмөсүн жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин божомол прогнозун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” маселесин Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2024-жылдын 12-январындагы №173/XXVΙ-28 “2023-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылдын бюджетин, айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүртмөсүн жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин божомол прогнозун бекитүү жөнүндө” токтомунда 2023-жылдын эркин калдыгынан айыл өкмөтүнүн кезектеги ондоо иштерине каралган 500,0 мин сом акча каражаты жана Аппарат бөлүмүндөгү 3112–беренесиндеги эмеректерди сатып алууга каралган 250,0 миң сом акча каражатынын 220,0 мин сом акча каражаты, жалпысынан 720,0 миң сом акча каражаты төмөнкү иштерге жылдырылсын:
-100,0 мин сом акча каражаты Клуб бөлүмүнүн 2115-беренесине спорт тармагына;
-150,0 мин сом акча каражаты Үч-Эмчек айылына футбол аянтын тосууга;
-120,0 мин сом акча каражаты Норус айылынын Ш.Рахманов орто мектебине жалюзи алууга жана 50,0 мин сом Норус айылына суу түтүктөрүн, ж.б. алууга.
-200,0 мин сом акча каражаты Тогуз-Булак айылына кошумча булактан суу киргизүүгө.
-100,0 мин сом акча каражаты Ичке-Суу айылына кошумча булактан суу киргизүүгө.
2. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
3. Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Ж.Бейшекеев |