Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Ысык-Ата айылдык кенешинин 28-чакырылган кезексиз XXVΙΙ (жыйырма жетинчи) сессиясы

 

2024-жылдын 08-февралы №178/XXVΙΙ-28

 

Үч-Эмчек айылындагы мурдагы бала бакча имаратын жана имаратка тиешелүү 1055,32 м.кв. жер тилкесин айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

“Мурда сатылып кеткен Үч-Эмчек айылынын бала бакча имаратын жана имаратка тиешелүү 1055,32 м.кв. жер тилкесин айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берүү жөнүндө” маселесин Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

 

1. Мурда сатылып кеткен Үч-Эмчек айылынын бала бакча имаратын жана имаратка тиешелүү 1055,32 м.кв. жер тилкесин айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Ысык-Ата филиалынан мыйзам чегинде кайрадан каттоо жагы суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айылдык Кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Ж.Бейшекеев