ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кенешинин 28-чакырылган кезексиз XXVΙΙ (жыйырма жетинчи) сессиясы
2024-жылдын 08-февралы №177/XXVΙΙ-28
Ашубаев Афтандил Сатыбековичке Ысык-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Горная-Серафимовка айылынын тургундарынын “Ашубаев Афтандил Сатыбековичке “Ысык-Ата айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө” кайрылуу каты менен Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары таанышып, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2-пунктусунун негизинде Ашубаев Афтандил Сатыбековичке көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алуу менен Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ашубаев Афтандил Сатыбековичке Ысык-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Ж.Бейшекеев |