Загрузка документа…
АК-ЧИЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-декабры № 3
Ак-Чий айылдык аймагынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Ак-Чий айыл тургундарынынын, мучөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын угуп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ак-Чий айылдык жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын.
2. Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы:
1. «Ак-Чий» менен ирригациялык курулмалар түрүндө мүлктү кабыл алуу-берүү актысын түзсүн.
2. « Ак-Чий » айыл өкмөтүнун ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында катталсын.
3. Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтылсын.
3. Ушул Ак-Чий айылдык кеңешинин 2022-жылдын 22 – декабрындагы №3 токтомун юстициянын Нарын облустук башкармалыгында каттоодон өткөрсүн.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | У Жалилов |