Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 5-августу № 159
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-ноябры, № 136) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 19-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "анын ичинде 5 жылдан кем эмес" деген сөздөрдөн кийин ", анын 3 жылы биринчи инстанцияда жана 2 жылы экинчи инстанцияда" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толукталсын:
"5) мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын сертификатынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
6) талапкердин жана анын жакын туугандарынын соттуулугу жоктугу, же талапкердин жакын туугандарынын соттуулугунун мыйзамда белгиленген тартипте жоюлгандыгы жөнүндө маалымкат.";
в) 14-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү деп мыйзамда белгиленген тартипте таанылгандар же болбосо оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор.";
2) 21-беренеде:
а) 1-бөлүктө "5 жылдан кем эмес иш стажы бар" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик жана расмий тилдерди билген" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү деп мыйзамда белгиленген тартипте таанылгандар же болбосо оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор.";
3) 23-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын:
"6) мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын сертификатынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
7) талапкердин жана анын жакын туугандарынын соттуулугу жоктугу, же талапкердин жакын туугандарынын соттуулугунун мыйзамда белгиленген тартипте жоюлгандыгы жөнүндө маалымкат.";
4) 24-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктай элек, иштеп жаткан судьялар.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 27-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |