АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-февралындагы № 1
2023-жылда социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча пландын жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2.2 жана 2.3-пунктарына ылайык жана 2024-жылдын 12-февралындагы № 7-Ак-Башат айылдык кеңешинин сессиясынын протоколунун чечиминин негизинде Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылда социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча пландын жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча отчету канааттандырарлык эмес деп табылды.
2. “Жайыл пресс” жергиликтүү райондук гезитине жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин өзүмө калтырам.
Кеңештин төрайымы |
| Н.Садыкова |