Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 12-февралындагы № 2

 

Ишенбестик билдирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 15-пунктуна ылайык жана 2024-жылдын 12-февралындагы № 7-Ак-Башат айылдык кеңешинин сессиясынын протоколунун чечиминин негизинде айылдык кенеш токтом кылат

 

1. Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы :

-2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын аткарбаганы;

- Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча маалыматты так жана кеңири жооп бере албагандыгы, ошондой эле 2023-жылга каралган бюджеттин аткарылышына жеке көзөмөлдүн жоктугу;

18657,3 миң сом жергиликтүү бюджеттин каражаттарын калдыгын өздөштүрбөгөндүгү;

- айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлеринен ижарага алуу боюнча дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү;

- 2022-жылы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунан 223 гектар аянтагы жерди аукцион өткөрбөй, өз билемдиги менен мыйзамсыз ижарага бергендиги ;

-Новониколаевка айылындагы спорт залдын өз убагында пайдаланууга берилбегендигинен, ошондой эле залдын имаратынын курулушунун жана анда колдонулган материалдардын сапатсыздыгына айыл тургундарынын нааразычылыгынан жана тургундардын спорт зал боюнча сунуштарын четке кагуу жана жергиликтүү калк менен иштебестигин жеке айыл башчысынын чогулуштарда айтуу фактыларын эске алуу менен Карымбаев Уланбек Темирбековичке ишенбестик билдирилсин

2. Ушул токтом каттодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу милдетин өзүмө калтырам.

4. Ушул токтомдун көчүрмөсүн Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Туркбаевге жөнөтүлсүн.

 

 

Кеңештин төрайымы

 

Н.Садыкова