ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын
2024-жылдын 28-июну №3
«“Шамалды-Сай аймактык башкармалыгынын 2023-жыл ичинде жана 2024-жылдын I кварталында жүргүзгөн иштери жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу отчету жөнүндө».
“Шамалды-Сай аймактык башкармалыгынын 2023-жыл ичинде жана 2024-жылдын I кварталында жүргүзгөн иштери жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу отчету жөнүндө” маселе боюнча шаардык Кенештин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Бабатаевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 28- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Шамалды-Сай аймактык башкармалыгынын 2023-жыл ичинде жана 2024-жылдын I кварталында жүргүзгөн иштери жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу отчету жөнүндө” маселе боюнча шаардык Кенештин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Бабатаевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
- “Шамалды-Сай аймактык башкармалыгынын 2023-жыл ичинде жана 2024-жылдын I кварталында жүргүзгөн иштери жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу отчету жөнүндө” маселе, “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, Шамалды-Сай шаарчасы Таш-Көмүр шаарынын курамынан бөлүнүп чыгып кеткендигине байланыштуу күн тартибинен алынсын.
- Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
- Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешининтөрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: | С.Бабатаев |