Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-октябры № 657
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Эйр КейДжи” авиакомпаниясы” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
Башкаруу түзүмүн өркүндөтүү жана финансы каражаттарын натыйжалуу пайдалануу, иштин натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу жана контролдоо системасын күчөтүү максатында,“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Оперативдүү башкаруу укугунда негизделген “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Эйр КейДжи” авиакомпаниясы” мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
1) “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Эйр КейДжи” авиакомпаниясы” мамлекеттик ишканасынын уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
2) “Эйр КейДжи” авиакомпаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун мүлктүк комплексин “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Эйр КейДжи” авиакомпаниясы” мамлекеттик ишканасына белгиленген тартипте өткөрүп берүү маселесин карасын;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 86 (3640) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 203 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ