Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-июлундагы № 14
Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы , айыл аймагынын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын акарылышы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 79-беренесинин 3-пунктуна,Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергилитүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 54-беренесинин 4-пунктуна жана Ак-Башат айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 13- отурумунун протоколунун чечиминин негизинде, Ак-Башат айылдык кенеш токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, айыл аймагынын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын акарылышы тууралуу маалымат эске алынсын.
2. Төмөнкү иштерге айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан түзүлгөн сметалар бекитилсин:
-стоматологиялык кабинетти оңдоо-152,5 миң сом;
-балдар ойночуу аянтчасын куруу- 1109,4 миң сом;
-кичи футбол аянтчасын оңдоо-1776,0 миң сом;
-автотранспортторду сатып алуу үчүн биргелешип каржылоого-1056,0 миң сом;
-Новониколаевка айылындагы маданият үйүнүн фасадын оңдоо-1479,1 миң сом;
- Западная көчөсүнүн узундугу 450 метр жолуна асфальт төшөө -2533,0 миң сом.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет боюнча депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.О. Садыкова |