Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 22-апрелиндеги № 11
Ак-Башат айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык Картасын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргыз мамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ак-Башат айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Ак-Башат айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Ак-Башат айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин;
2. Ак-Башат айылдык кеңешинин төрагасына жана Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын;
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жайыл райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин өзүмө калтырам.
Төрага |
| Н.О. Садыкова |