Загрузка документа…
ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-марты № 01-5/75
Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин пайдалануу ижара акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрдагы “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана экономикалык артыкчылыктуу айыл чарба субъекттерине берүүнүн тартибин бекитүү” тууралуу № 329-НИ буйругунун 9-пунктун жетекчиликке алып
Военно-Антоновка айылдык кеңеши чечим кылат:
1. Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу үчүн ижара акысы бекитилсин
· Сугат айдоо жерлери – 12210 (он эки миң эки жүз он) сом;
· Кайрак жерлери – 2016 (эки миң он алты) сом;
· Чабык жерлери – 417 (четыре сто семнадцать) сом;
· Көп жылдык көчөттөр – 6330 (алты миң үч жүз отуз) сом;
2. Военно-Антоновка айыл өкмөтү бул токтомду Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Военно-Антоновка айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Мураталиев У.М. |